Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Египет: "Мусулман агайындардын" башчысы камалды


Мухаммед Бади
Мухаммед Бади

“Мусулман агайындар” кыймылынын жолбашчысы Мухаммед Бади камакка алынды. Ошол эле учурда мурдагы президент Хосни Мубарак түрмөдөн чыгарылары кабарланууда. Байкоочулар бул окуялар өлкөдөгү ажырымды күчөтөрүн айтышууда.

“Мусулман агайындар” кыймылынын рухий жолбашчысы, Мухаммед
Бади Египеттин коопсуздук күчтөрү тарабынан шейшемби таңда камакка алынды.

Бади былтыр ноябрда Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн Аммандагы (Иордания) падышалык борбору жана мусулман-христиан диалогун өнүктүрүү боюнча АКШнын Жоржтаун университети алдындагы борбор жарыяланган тизмеде дүйнөдөгү эң таасирлүү деген 500 мусулмандын ичинен төртүнчү орунга илинген.

Ал кармалган кезде Каирдин Наср Сити районунда, жакында полиция менен демонстранттардын кандуу кагылыштары орун алган жерден алыс эмес жайгашкан батирлердин биринде болгон.

70 жаштагы Мухаммед Бадиге “Мусулман агайындар” кыймылынын башка жетекчилери менен кошо кыянатчылыкты козуткан деген айып өткөн айда эле тагылган.

Ал “Мусулман агайындардын” өкүлү Мухаммед Мурси президенттиктен кулатылгандан эки күн өткөндөн кийин, 5-июлда Каирдеги демонстрацияда минтип сүйлөгөн:

- Биздин ыңкылап тынч мүнөздө жана ошол эле бойдон калат. Кудайдын колдоосу менен биздин тынчтыкты көздөгөнүбүз алардын огунан күчтүү. Армия саясатка кайрадан кийлигишүүдө. Биз аларга элге кайтып, чек араларды кайтаргыла, силдердин милдетиңер ушул деп айтып жатабыз. Ал эми биздин вазийпага келсек, кудай буюрса, шайланган президентибиз Мурси кайтса, биз баарына ачыкпыз.

Бирок андан бери Мурсинин президенттикке кайтышын талап кылып көчөгө чыккандар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан 1000ден ашуун кишинин, ондогон полицейлердин өмүрү кыйылды.

Каирдеги кагылышуу. 16-август, 2013-жыл
Каирдеги кагылышуу. 16-август, 2013-жыл
​“Мусулман агайындар” кыймылынын активисттерин эске албаганда, Бадиге чейин анын орун басары Хайрат Шатир да камалган. Эми кыймылдын рухий лидеринин кармалышы - “Мусулман агайындарды” куугунтуктоонун эң соңку окуясы.

Айрым баяндамачылар бул эми араб дүйнөсүнүн калкынын саны жагынан эн алдыңкы өлкөсүндөгү кризисти күчөтүүсү мүмкүндүгүн айтышууда.

​Каирден түшкөн маалыматтарга караганда, Египеттин азыркы утурумдук бийликтери “Мусулман агайындар” кыймылынын саясий ишмердигине тыюу салууну караштырып жаткандай.

Бирок АКШ расмий Каирди мындай кадамга барбоого чакырып, Египет кризистен чыгуу үчүн өзүнө“Мусулман агайындарды” да камтыган саясий жараянга муктаж экенин белгиледи.

Ал эми БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Мурсини бошотууга чакырды. Мурси армия тарабынан бийликтен кулатылгандан бери белгисиз жайда кармалып турат. Бул аралыкта мурдагы президент Хосни Мубарактын адвокаты ал түрмөдөн ушул аптада бошотуларын айтып чыкты.

Мубарак сотто, 19-август, 2013-жыл
Мубарак сотто, 19-август, 2013-жыл
Буга Каирдин соту ушул дүйшөмбү күнү мурдагы президенттен коррупция боюнча айыпты алганы, ал эми калган эки иши боюнча сотту түрмөдөн тыш күтүүгө мыйзам мүмкүндүк бериши жол ачкандай.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Мубарактын түрмөдөн чыгышы өлкөдө бийликти кайрадан эле армия колдогон мурдагы режим алды деген шек саноолорду, британдык “Таймс” басылмасынын пикиринде, Египет армиясы саат жебесин эски доорго кайтарууну көздөп жатат деген кооптонууларды күчөтөт.

​Саясий жана стратегиялык изилдөөлөр боюнча Каирдеги ал-Ахрам борборунун аналитиги Хассан Абу Талибдин айтымында, Мубарактын бошонушунан адамдар “мурдагы режим эркиндикте жүргөнүнүн эң чоң символун көрүшөт”.
Бул жергиликтүү динамиканы өзгөртүп, жаңы өкмөттүн ишин кыйындатуусу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG