Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Эдил Байсалов менен депутаттардын тиреши


Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 13-октябрь, 2021-жыл.
Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 13-октябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды.

Мунун алдында "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" фракциялары жана "Мекенчил" депутаттык тобу Байсаловдун отставкасын кароону сунуштап, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген. "Ишеним" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов "Байсалов айткан сөздөр Жогорку Кеңештин аброюна шек келтире" турганын өз докладында билдирди.

Эдил Байсалов парламенттин чечими тууралуу комментарий бере элек.

Кечээ 21-июнда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароону көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери Нурлан Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди.

Бул маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутаттар менен кайым айтышуусу аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучу органдын ортосундагы кызматташууну жана анын ыйгарым укуктары маселесин ачыкка чыгарды.

Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрага орун басарлыгына жаңыдан дайындалганда мындан ары аткаруу бийлигинин “кылы кыйшайбай” турганын, алар мурдагыдай парламенттин көзүн карап иштебей турганын билдирип, “Жер тепкилесеңер дагы биздин кылыбыз кыйшайбайт!” деп айткан.

Бул пикирин ал 20-июнда парламенттин социалдык саясат комитетинде дагы бир жолу кайталап, муну Конституциянын жаңырышына байланыштырды:

“Мени менен элдин атынан сүйлөшпөй эле коюңуз, урматтуу депутат. Комитеттердин токтомдору, мен сиздерге жакшылап айтып коёюн, Конституция боюнча булар рекомендациялык мүнөздө. Жакшылап окуйлук да. Сиздер өкмөт эмессиңер да аткаруучу бийликке көрсөтмө бергендей”.

Ошол эле маалда депутаттар Эмил Жамгырчиев, Гүлкан Молдобекова жана Айбек Маткеримов Эдил Байсаловдун “силер элдин атынан сүйлөй албайсыңар” деген пикирин сынга алышты:

"Элдин атынан Эдил Жолдубаевичке сүйлөй албагандай эл сизге эч ким эмеспи, Эдил Жолдубаевич? Кимге сүйлөйбүз анда? Сиз кимсиз анда? "– деди Айбек Маткеримов.

Элдин атынан ким сүйлөйт?

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктунда “Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш чыгууга укуктуу” деп жазылган.

Ошол эле Баш мыйзамдын 4-беренесине ылайык “Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:

  • Бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;
  • Мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү, деп белгиленген.

Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышкан маалда ал Кыргызстан эли шайлаган президентке гана баш ийерин, ал аткаруу бийлигинин башында экенин, вице-премьер министр катары аткаруу бийлигинин башчыларына гана кызмат өтөп, алардын саясатын жүргүзө турганын белгиледи:

"Эл шайлаган президентибиз бар бизде. Аткаруучу бийлик – бул президент. Президент Министрлер кабинетин түзөт. Ошол киши мага элдин атынан баа берет. Биз – аткаруучу бийлик президенттин программасын аткарабыз. Комитеттердин токтомдору, Конституцияны жакшылап окуйлу, алар рекомендациялык мүнөздө гана".

Ошол эле маалда Конституциянын 5-беренесинде “мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат” деп жазылган. Демек, мамлекеттик чиновниктер коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, демек, кайсы бир адамга эмес, бүткүл коомго кызмат өтөөгө милдеттүү. Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш бийликтин эң жогорку бутактарынын бири болуп эсептелет.

Конституциянын 82-беренесине ылайыкЖогорку Кеңеш депутаттардын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт” жана ошол эле “Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт” деп жазылган.

Бул айдан ачык маселе экенин, элдин атынан сүйлөп, өз ыйгарым укуктарынын алкагында тапшырма берип, аны көзөмөлдөөгө депутаттар укуктуу экенин саясат талдоочу Алмаз Кулматов билдирди:

“Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган укуктарынын алкагында аткаруу бийлигине протоколдук тапшырмаларды бере алат. Албетте, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде. Анан ошого таянып мурда берген тапшырмаларынын жыйынтыгын сурап жатат да. Андай болсо мурда эле “андай тапшырмаларды бере албайсыңар” десе болмок. Эми ал тапшырманын аткарылышын сураганга келгенде минтип кайым айтышып жатат. Бул эми бийликке кокусунан келип калгандардын, кокусунан шайланып калгандардын деңгээлинен кабар берип турат”.

Ушул эле 5-беренеде “мамлекеттик бийликти узурпациялоо - өзгөчө оор кылмыш” экендиги айтылып, “мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга жана мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тартып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт” деп айтылган.

Буга байланыштуу ушул жерден айта турган маселе - Эдил Байсалов депутаттарды “өз ыйгарым укуктарынан чыгып, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарына аша чаап кийлигишүүсү” деп сынга алды.

Бирок, Конституциянын 76-беренесинде “Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган” экени жазылып турат. Бул норма Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесине ылайык “Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат” деп андан ары тереңдетилген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин комитеттеринин “мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча укуктары” 27- жана 113-беренелеринде да айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 21-июнда сүйлөп жатып, расмий адамдын минтип “кылыбыз кыйшайбайт деп айтканы” туура эмес деген пикирин билдирди.

Буга чейин мурдагы төрага, азыркы депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин кадыр-баркы, намысы тууралуу көп ирет маселе көтөргөн. Ал Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигинин нотариалдык кеңсеси болбошу керектигин, мыйзамды 10 минуттун ичинде үч окуудан кабыл алып берген элпектигин көрсөтпөй, өз ордун билиши зарыл, деген пикирин буга чейин көп кайталаган.

Ошентип 21-22-июнда эки күн катары менен депутаттар Эдил Байсаловдун отставкасын көтөрүштү.

"Бул боюнча бүгүн президент менен дагы сүйлөшөм. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары же мүчөлөрү эч качан Жогорку Кеңештин дарегине, аброюна шек келтирүүгө эч кандай укугу жок, ага жол бербейбиз. Ар ким өзүнүн ишин татыктуу, так аткарышы керек. Жогорку Кеңеш өкмөттөн, Министрлер кабинетинен талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга толук конституциялык укугу бар", - деди 21-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.

Буга чейин Байсаловду кызматтан кетирүү чечимин кагаз түрүндө парламенттин “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу киргизген.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев былтыр 2022-жылдын февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду тартипке чакыруу маселесин көтөргөн. Ал Байсаловдун Жогорку Кеңеш тууралуу айткан соңку пикирлерин сынга алып, “депутаттарды шылдыңдады” деп айыптаган.

“Эдил Байсаловду чакырып тарбиялык иш алып барып, айтып койбойсуңарбы. Чыгып алып эле “Акылыбыз көп. Өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров” дейт. Акылбек Жапаровдун кандай акылы бар экенин билебиз”, - деди Токторбаев.

Эдил Байсалов 2022-жылы 2-февралда “Марал FM” радиосуна курган маегинде парламенттин VII чакырылышында тажрыйбалуу депутаттар бар экенин айтып, бирок жалпы курамы сапатсыз деген. Айрым маселелер боюнча депутаттар маалымат алуу үчүн өкмөттүн көп убактысын алып жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин эртеси күнкү жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун бул сөздөрүнө каршы пикирлерин билдирип, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарын кызматтан алуу сунушун берген.

4-февралда Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын-дооматты талкуулашкан. Байсалов алар бул маселеде өз ара түшүнүшкөнүн жана анын кыргызча маегинин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калганын айткан.

"Өздөрү бекитип берген чиновниктерди өздөрү келекелеп"

Ошол эле маалда айрым талдоочулар Жогорку Кеңештин айрым депутаттары артисттерин чачына, министрлердин тышкы келбетине, элдин бир чети күлкүсүн келтирген, бир эсе кыжырына тийген сунуштарды көтөрүп жатканы да парламенттин кадырын кетирип жатат деген пикирлерин айтышууда:

“Жогорку Кеңештин депутаттары аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн келекелеп, шылдыңдап, трибунада аларды окуучу балдардан жаман кылып басынтып, алардын аброюна шек келтирип жатканы бизди – прогрессивдүү коомдун катмарынын ачуусун келтирүүдө. Бул - бир. Экинчиден, азыркы Баш мыйзам боюнча президенттик мамлекетте жашап жатабыз. Башкача айтканда президент аткаруу бийлигинин башында туруп жатат, ал болсо аткаруу бийлигин түзүп жатат, депутаттар болсо аларды көпчүлүк добушу менен бекитип берип жатат. Башкача айтканда, Жогорку Кеңеш өздөрү бекитип берген чиновниктерди өздөрү келекелеп, ар-намысын тебелеп жатканы туура эмес. Эгер биздин мамлекетте кайсы бир иштеп жасалбай жатса ал – аткаруу бийлигинин шалаакылыгы. Ошол эле Ботаникалык бак болобу, шаардагы кышындагы ыш, жайындагы суу тартыштыгы – мындай иштер аткаруу бийлигинин шалаакылыгы. Бирок депутаттар ал деңгээлге түшүп кетпеш керек да. Аткаруу бийлигине тоскоолдук кылбай өз укуктарынын, милдеттеринин алкагында иштей турган мыйзам жазып, анан аткаруу бийлигинен талап этиш керек. Башкача айтканда концептуалдуу маселелерге баш оорутканы оң”, - деди Биринчи Май районунун акиминин мурдагы орун басары, активист Мавлян Аскарбеков.

Конституциянын 70-беренесине ылайык президент “өзүнүн демилгеси же Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот” деп жазылган. Бул ирет Эдил Байсалов өз ордунда калабы же ал кетеби – эми бул маселе президенттин эркинде.

2021-жылдын 5-майында кол коюлган Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ кыскарган.

Мурдагы 2010-жылы Конституция боюнча Жогорку Кеңеште мыйзамдардын аткарылышын контролдоодон тышкары аткаруу, сот, прокуратура, эсеп палатасы, сотторду тандоо кеңеши сыяктуу орчундуу кызмат орундарына адамдарды дайындоого жана аларды жумуштан алууга байланыштуу кеңири укуктары бар болчу.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG