Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

АКШ пандемиянын чордонуна айланды


Вашингтонду дезинфекциялап жүргөн кызматкерлер. 13-март, 2020-жыл.
Вашингтонду дезинфекциялап жүргөн кызматкерлер. 13-март, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында элге апрель айынын соңуна чейин үйлөрүндө кала турууну сунуш кылып, федералдык эрежелерди дагы узартты. Кошмо Штаттардын өзүндө бул илдетке чалдыккандар 143 миң кишиден ашты.

29-мартта Вашингтондо өткөрүлгөн брифингде Трамп жакынкы эки аптада коронавирустан көз жумгандардын саны эң жогорку чекке жетиши ыктымал экенин айтты. Ал бул оорунун жайылышын ооздукташ үчүн адамдарды эрежелерди сактоого чакырды. «Канчалык баарын туура аткарсаңар, бул коркунучтуу кырдаал тез аяктайт», - деген Трамп элге үйдө калууга, көчөгө эң зарыл иштер менен гана чыгууга кеңеш берди.

Энтони Фаучи.
Энтони Фаучи.

Ушул эле күнү Аллергиялык жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун башчысы доктор Энтони Фаучи коронавирустан өлгөндөрдүн саны 100 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал CNN телеканалындагы маегинде айтты.

Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, 1918-19-жылдары болгон грипптин пандемиясы 675 миң адамдын өмүрүн алган.

Учурда Америкада коронавирустан өлгөндөрдүн көбү Нью-Йорк штатында катталып жатат. 29-мартта эле бул оорудан штатта 100 адам каза тапты. Ал жактагы үрөй учурарлык кырдаалга карабай президент Дональд Трамп Нью-Йоркко карантин киргизүүдөн баш тартты. Кошмо Штаттардын лидери буга азырынча зарылчылык жок деп эсептейт. Анткен менен кеминде 21 штаттын губернаторлору ишканалардын көбүн убактылуу жаап, жашоочуларды үйдө калууга чакырышты.

Дүйнөдө COVID-19 илдети жуккан адамдардын саны 720 миңден ашты. Адам өлүмүнүн саны боюнча бардык мамлекеттерди артка калтырган Италиянын бийлиги жакынкы он күн ичинде оору жуккандар кескин азайышына үмүттөнүп жатат.

Орусия 30-мартта бардык чек араларын жапты. 12 миллион калкы бар баш калаа Москванын бийлиги шаардыктарды үйдөн чыкпоого чакырды. Орус православ чиркөөсүнүн башчысы да динчилдерди үйдөн эле сыйынууга үндөдү.

Африкадагы калкы эң жыш Нигериянын эки чоң шаарына жекшембиде карантин киргизилди. Латвияда өзгөчө абалдын эрежелерин сактабаган жарандар миң доллар өлчөмүндө айыпка жыгылары эскертилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG