Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Коронавирустун жугушунан АКШ алдыга чыкты


Хьюстон шаары. 25-март, 2020-жыл.
Хьюстон шаары. 25-март, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны жарым миллиондон ашты. Бейшембиде АКШ оору катталган өлкөлөрдүн сап башына чыкты.

Жуманын таңындагы маалыматтарга ылайык, АКШда бул илдет 85,5 миңге жакын кишиде табылды, Кытайда 82 миңге чамалады. Бирок каза тапкандардын эң чоң көрсөткүчү Италияга туура келүүдө.

Жума күнү эртең менен чыккан маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө COVID-19га кабылган 532 миңден ашуун киши катталды, 24 миңден көбү көз жумду, 122 миңдейи оорудан айыкты.

Кошмо Штаттар 27-мартта инфекциялангандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан озуп чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшембинин кечиндеги брифингде ооруну аныктаган анализдер көбүрөөк жасалып жаткандыктан вирусту жугузуп алгандар да көбөйгөнүн билдирди.

Коронавирустан көз жумгандардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү Италияга туура келип жатат. Ал жакта илдет 8 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти.

Мадриддеги оорукана. 25-март, 2020-жыл.
Мадриддеги оорукана. 25-март, 2020-жыл.

Испанияда да бул кайгылуу статистика өсүп баратат. 26-мартта COVID-19га байланышкан өлүмдөрүн саны 4 миңдин чегинен ашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус пандемия глобалдык кризиске алып келгенин, вирус «күтүлбөгөндөй тез тарап жатканын» билдирди.

Бейшембиде видеобайланыш аркылуу жыйын курган «Чоң жыйырманын» лидерлери азыркы жагдайга «олуттуу кабатырлыгын» билдиришти жана пандемиянын кесепеттерине каршы чогуу аракеттенүүгө убада беришти.

Бул максатта глобалдык экономикага 5 триллион доллар бөлүнмөй болду. Виртуалдык саммитте Орусиянын президенти Владимир Путин дары-дармек, азык-түлүк, медициналык жабдуу, технология жеткирүүнү жеңилдетиш үчүн санкцияларды алып таштоону сунуш кылды.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон «Чоң жыйырманын» виртуалдык жыйынында. Лондон, 26-март, 2020-жыл.
Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон «Чоң жыйырманын» виртуалдык жыйынында. Лондон, 26-март, 2020-жыл.

Украин жаңжалындагы ролунан улам Европа Биримдиги менен АКШ Орусияга санкция салышкан. Вашингтон ошондой эле Иранга өзөктүк программасына байланыштуу каршы киргизген экономикалык жазалоочу чараларды кайра калыбына келтирген.

Путин конкреттүү мамлекеттерди атабастан гуманитардык себептерди эске алуу менен санкцияларга мораторий жарыялоого үндөдү.

Ал арада дүйнөнүн булуң-бурчунда өлкөлөр биринин аркасынан бири коронавирусту ооздуктоо аракетинде мурда болуп көрбөгөндөй чара көрүп жатышат. Миллиарддаган адамдар карантин, чукул абал, коменданттык саат жана башка чектөөчү чаралардын шартында жашоого аргасыз болуп турган кези. Жума күнү акыркылардан болуп Түштүк Африка карантин жарыялады.

АКШнын жугуштуу илдеттер боюнча башкы адиси Энтони Фаучи Түштүк жарым шарга кыш келгенде эпидемиянын мындан ары жайылышы байкалса, анда коронавирус сасык тумоонун эмки сезонунда экинчи баскычка кирет деп эсептесе болорун эскертти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG