Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Борбор Азия кош соккуга кабылды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (23-29-март, 2020-жыл).

Британияда чыккан «Economist» журналы коронавирус жакыр өлкөлөрдө башаламандык жаратышы мүмкүн деп эскертет. Расмий статистикада коронавирус Африкада 2800дөн ашуун, Индияда 650дөй адамга жукканы айтылат. Бирок вакцинасы жок бул оору чөнтөгү жука өлкөлөрдө мындан да көп болушу мүмкүн.

Карантин чаралары көрүлсө, вирусту жуктуруу мүмкүнчүлүгү 25% болору, болбосо 80% чыгары билинди. Кедей өлкөлөрдө карантинди сактоо мүмкүн эмес. Ал тургай айрым өлкө лидерлери коронавирусту сасык тумоо катары кабыл алууда. Бразилиянын президенти Жаир Болсонару эч кандай чара көрүүгө ашыккан жок. Танзания лидери Жон Магуфули ооруну «шайтан жиберди» деп айтып, «өлкөдөгү чиркөөлөр ачык турушу керек, эл тынбай сыйынсын» деди.

Ошентсе да, мындай капчыгы жука өлкөлөрдүн калкынын көбү жаш болгондуктан, ооруга туруштук бериши толук мүмкүн экенин белгилейт басылма. Анткен менен, жакырчылык баары бир адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Жетишсиз азыктануу, кургак учук, начар иммундук система кедей өлкөлөрдүн калкында кеңири кездешет. Буга кошумча оорунун айынан күнүмдүк соода-сатык токтоп, экономика ылдый томолонуп, чет элдик инвесторлордун акчасы токтогону да элдин жашоосун кыйындатат. Ачарчылык күчөп, кылмыштуулук артышы мүмкүн.

Айрым өлкөлөр бир топ чектөөлөрдү баштады. Маселен, Европа Биримдигинен азыр медициналык каражаттарды алып чыгууга мүмкүн эмес. Казакстан азык-түлүктү сыртка сатууну токтотту. Бул анын жакыр коңшуларынын күнүмдүк жашоосун оорлоштурбай койбойт. Анан калса, кедейлик торундагылардын саламаттык сактоо системасы да оор абалда. Угандада реанимациялык керебеттерге караганда мамлекеттик аткаминерлер алда канча көп.

Адамзат тарыхында пандемия менен жугуштуу оорулардын кесепети кедей мамлекеттерге ар дайым оор тийген.

Борбор Азиянын экономикасына кош сокку

«Eurasianet» онлайн басылмасы Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүнүн экономикасы кош соккуга кабылганын жазды.

«Азыр дүйнө вирустун айынан кыйналып жатканда, мурдагы советтик өлкөлөр эки эсе көп азап тартууда. Жугуштуу оору менен алышканы аз келгенсип, Орусия менен Сауд Арабиясынын ортосунда курчуган «кара май баасынын согушу» бул аймакты чөгөлөткөнү калды.

Армениянын, Тажикстандын, Кыргызстандын миллиондогон жарандары коронавирустан дүрбөлөңгө түшүп, мурдагыдай Орусияда иштеп акча таба албай калышты. Алар өз өлкөсүнүн экономикасына жылына миллиарддаган доллар салып турган башкы киреше булагы эле» деген басылма Азербайжан менен Казакстандын өз мунай запастары болгону менен, экономикасы кара майдын баасы азыркыдай 20 доллар эмес, 55-60 доллар болушуна ыңгайлашканын жазат.

Тажикстан менен Кыргызстан эл аралык донорлордон карыз акча алууга өткөнүн жазган журнал, Дүйшөмбү канчалык «абал туруктуу, баары көзөмөлдө» дегени менен өлкөнүн Экономика жана соода министрлиги атайын билдирүү таратып, макроэкономикалык туруктуулукту сакташ үчүн Дүйнөлүк банктан 11,3 миллион доллар каражат аларын маалымдады. Ал эми Кыргызстан Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 120,9 миллион долларлык жардам берген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

Грузия менен Арменияда да экономикалык каатчылык башталып, грузин ларисинин куну кескин түшүп кетти. Бирок азырынча эки өлкө сырттан жардам сурай элек.

Кытайдын COVID-19ду аныктаган тесттери жараксыз чыгууда

Бир нече мамлекет коронавирусту текшерүүчү Кытай компаниялары өндүргөн тесттер жараксыз чыгып жатканын белгилешти. Бул тууралуу Жапониянын «Asian Nikkei Review» басылмасы жазды.

Дүйнөдө бул илдет жайылган сайын Бээжин жеке менчик компаниялар өндүргөн диагноз тесттерин тез арада тастыктап, сатыкка чыгарып жаткан. Испан бийлиги 9 миң тестти «талаптарга жооп бербейт» деп артка кайтарарын жарыялады.

Бул тесттерди «Shenzhen Bioeasy Biotechnology» компаниясы чыгарган. Ал ооруну 30% гана туура аныктай тургандыгы билинди. Бирок аталган компания тесттер вирусту 80% так аныктайт деп сатыкка койгонун, Европада тастыкталганын бетке кармоодо.

«Балким ооруканалар бул тесттерди көрсөтмөдөгүдөй туура колдонгон эместир. Кандай болгон күндө да жарабай калгандарын жаңысына алмаштырып беребиз», деген билдирүү таратты компания.

2007-жылы ачылган «Shenzhen Bioeasy Biotechnology» компаниясы буга чейин азык-түлүк коопсуздугун текшерген тесттерди чыгарып келген. Кытайдын расмий бийлиги дүйнө элине азыр коронавирус менен күрөш үчүн медициналык каражаттарды акысыз таркатууда. Бээжин жеке менчик компания менен чет элдик мамлекеттердин ооруну аныктоочу тесттерге байланыштуу чатагына эч кандай түшүндүрмө бербей, өкмөт өзүн оолак кармап жатат.

Испания жакында Кытайдан жасалма дем алдыруучу аппарат, ооруну аныктоочу тесттер, мээлей, беткап сыяктуу 467 миллион долларлык медициналык каражатка буюртма берген эле. Малайзияда, Чехияда да Кытайдын тесттеринен күмөн санаган учурлар катталды. Малайзиянын саламаттык сактоо министри Нур Нишам Абдуллахтын айтымында, кытайлык тесттер ооруну так көрсөтө албай жатышат. Ушундан улам алар Түштүк Корея менен Сингапурдан тест сатып алышууда.

COVID-19дан эркектер көбүрөөк өлүп жатат

Швейцарияда чыккан «Tages-Anzeiger» гезити англиялык «Global Health 50/50» изилдөөчү тобуна таянып, жаңы вирустан эркектер көбүрөөк өлүп жатканын жазды.

11 өлкөдөгү өлүм саны байкалгандан кийин Италияда курмандыктардын 71%, Кытайда 64%, Испанияда 65%, Германияда 63% эркектер түзгөн. Ошондой эле вирус жуккандардын арасында аялдар азыраак болгон. Италияда коронавирус жугузгандардын 42%, Кытайда 49%, Германияда 45% аялдар экен.

«Пандемия учурунда эмнеге эркектер көп өлөт?» деген суроого окумуштуулар кылымдар бою жооп таба албай келишет. Аялдардын иммундук системасы күчтүүрөөк болуп, кош бойлуулук, төрөт маалындагы кыйынчылыктарга чыдагандыктан, вирустарга да туруштук берери божомолдонууда. Бирок Кытайдагы иликтөө эркектер арасында чылым чегүү, арак ичүү, жүрөк, кан тамыр оорулары көп болгондуктан, алар өлүмгө көбүрөөк учураганын көрсөттү.

COVID-19га байланыштуу бул изилдөөгө чейин илимпоздор SARS, MERS сыяктуу эпидемиялык ооруларда да дал ушундай эле эркектер көбүрөөк жабыркаганын аныкташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG