Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Климаттык өзгөрүүлөр БУУнун күн тартибинде


БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде бүгүн бир катар өлкөлөрдүн лидерлери газ эмиссиясын азайтуу, Жердин глобалдуу ысышына каршы күрөшүү өңдүү маселелерди талкуулашат.

БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун кызматына киришкенден бери климаттык өзгөрүүлөр маселесине көп көңүл буруп келет. Бул жолку саммиттке баш катчы 140тан ашуун өлкөнүн расмий өкүлдөрүн чакырды.

Климаттык өзгөрүүлөргө келгенде ар бир өкмөттүн саясаты бири биринен айырмаланат. Кээ бирлер бул табигый процесске адам баласынын чарбачылык ишмердиги жана өнөр жай тийгизген терс таасир минималдуу деп эсептешет. Бирок көпчүлүк мамлекеттер климаттык өзгөрүүлөр дүйнөлүк масштабдагы координацияланган саясатты талап кылаарын түшүнүшөт.

Бул жыйынга АКШ жана Кытай президенттеринин катышуусу анын маанисин арттырууда. Дүйнөдө айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын 40 проценти ошол эки өлкөгө туура келет.

Өнөр жай ишканалары, машиналар бөлүп чыккан зыяндуу газ калдыктары атмосферанын озон катмарын тешип, Жердин глобалдуу ысышына эң көп салым кошкон фактор катары бааланат.

Климаттык өзгөрүүлөр туудурган коркунуч тууралуу жылдардан бери сөз болуп келатканы менен, көпчүлүк мамлекеттер жеке экономикалык кызыкчылыктарына артыкчылык беришет.

Нью-Йорк жыйыны аткарылышы милдеттүү болгон кандайдар бир документтердин кабыл алынышын көздөбөйт. Улуттар уюму лидерлер объективдүү талкуу жүргүзүп, биргелешкен чара көрүү керектигин макулдашышат деп үмүттөнөт. Жана бул сүйлөшүүлөр декабарда Копенгагенде кол коюла турган жалпы келишимди иштеп бүтүрүүгө негиз болуп бере алат.

Пан Ки Мун бул багытта шашылыш саясий чара көрүү керектигин белгиледи:

- Климаттык өзгөрүүлөр биз ойлогондон тез жүрүп жатат. Биздин жыйын Копенгаген жолугушуусуна көпүрө болуп берет. Дүйнө лидерлери климаттык өзгөрүүлөр туудурган коркунучту жана чукул чаралардын пайдасын жакшы түшүнүшөт деп үмүттөнөбүз.

Европалыктар өнүккөн өлкөлөр атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарга чектөө киргизүүгө тийиш деп келатышат. Еврошаркет өзү болсо 2020-жылга чейин газдын көлөмүн 1990-жылга салыштырмалуу 20 процентке азайтууну максат кылат. Президент Буштун тушунда АКШ бул сунушка каршы болуп келген.

Себеби чектөө киргизиле турган тизмеге Кытай жана Индия кирген эмес. Обама администрациясы бул багытта мунасага барууга даяр экенин ишара кылууда.

Дүйшөмбү күнү Кытайдын жогорку даражалуу расмий адамдарынын бири президент Ху Цзинтао саммитте “олуттуу доклад” жасап, өз планын сунуш кылат деп кыйытты.

XS
SM
MD
LG