Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Кыргыз өкмөтү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин түздү


Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.
Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Министрлер кабинети 17-январдагы жыйынында өлкөдөгү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекитти.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ага Асман шаарын куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин салуу өңдүү долбоорлор бар.

“Тизмеде энергетика тармагындагы алты долбоор, туруктуу шаарларды жана айылдарды түзүү боюнча тогуз долбоор, өнөр жайдын потенциалын күчөтүү үчүн үч долбоор, транспорт жана логистика багытында 11 долбоор, туризм багытында үч долбоор, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча эки долбоор, ирригация багытында он долбоор кирет. Бул тизме мындан ары дагы башка маанилүү долбоорлор менен толукталмакчы”, - деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр тогуз айда өлкөгө жалпы көлөмү 746 миллион долларды түзгөн инвестиция келген.

Кыргызстанга эң көп инвестицияны Кытай салган ( 221 млн доллар), андан кийинки орунда Орусия (192 млн доллар) турат, кийинки катарды Түркия (71 млн доллар), Казакстан (48 млн доллар) жана Нидерланд (33 млн доллар) ээлеген.

2023-жылы өлкөгө 845 млн доллардын тегерегинде түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% азайган.

Шерине

XS
SM
MD
LG