Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Чүй: балыктардын табышмактуу кырылышы


Влад Ушаковдун сүрөтү.
Влад Ушаковдун сүрөтү.

Январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө форел балыгы жапырт кырылганы маалым болгон. Балык чарба департаменти билдиргендей, 10-январда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр балыктар бир клеткалуу митеден өлгөнүн аныктаган.

Департамент Ысык-Ата жана Чүй райондорундагы көлмөлөрдө багылган балыкты сатууга жана экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Айрым адистер илдеттин чыгышына көлмөлөрдүн булганышы себеп болгонун айтышууда. Бул окуя Кыргызстандагы балык чарбаларынын көлмөлөрү канчалык таза деген суроону күн тартибине чыгарды.

Башында Чүйдө сегиз көлмөдө балыкка оору жугуп, кийин ошол аймактагы бардык чарбаларга тараган. Былтыр 29-декабрда Балык чарба департаментине Токмоктогу көлмөлөрдө балыктар кырылып жатканы тууралуу маалымат келген. Департамент 12 күндөн кийин аны иликтөөгө киришкен. 10-январда балыктын, суунун анализин лабораторияга жөнөтүшкөн.

Балыкка жармашкан ылаң

Лабораториялык изилдөөлөр балыктардан бир клеткалуу амёбиаз деген мите оорусун аныктаган. Илдет балыктын бакалооруна жармашып, дем алуу жолдорун бууп салгандыктан, алар аба жетпей тумчугуп өлөт деген жыйынтык чыккан. Балыктардан нитрат, нитрит жана башка химиялык заттар табылган эмес.

Токмокто “Корм Сервис” ишканасы үч-төрттөн көлмөсү бар төрт балык чарбасын иштетет. Алардын баарынан амёбиаз чыгып, бирок өз учурунда дарылагандыктан, чыгымы азыраак болду.

Ишкананын жетекчиси Урмат Жумалиев ыкчам чара көрбөгөндөр көбүрөөк чыгым тартканын айтты.

“Мен балыгымды эч жакка сатпай, дарылай баштадым. Жалпы 80 тонна балыгымдын эки тоннасы кырылды. Ошондо дарылагандан кийин өлгөндөрдүн көлөмү 2-3% болду. Туура эмес дарылаган же дарылабаган адамдар да бар. Аларда, менин угушумча, өлүм 15-20% чейин чыгып кеткен. Оору аныкталганча кантип дарыларын билбей жүргөндөр көп болду да”.

Өлгөн балык.
Өлгөн балык.

Илдет жуккан балык башында алсырап, жем жебей калган. Ферма ээлери бул кырсыкта балыктын 15% өлгөнүн жана илдет айрым көлмөлөрдө дагы деле тарап жатканын билдиришти.

Расмий маалыматта, илдеттин чыгышына балык багууда ветеринардык-санитардык жана биологиялык талаптардын сакталбаганы жана көлмөлөрдүн суусунун гидрохимиялык сапаты өз учурунда текшерилбегени айтылды. Илдеттин көбөйүшүнө кыш жылуу болуп, абанын ысып жатышы да түрткү экенин белгилешет.

Токмоктогу балык өстүрүү боюнча жеке чарбанын ээси Мырсман Мирмуминов кыштын өтө жылуу болуп жатканы бактериялардын тарашына шарт түзүп жатат деген ойго кошулат.

“Изилдеген адис илдет аба ырайынан же сапаты бузулган жемден улам чыкты деп божомолдоду. Кыш болбой, бактериялар кадимкидей жашап атат. Негизи алар кышында тоңуп, жазында кайра тирилет да. Быйыл болсо кыш жок, аба ырайы жазындагыдай болуп жатат. Бактериялар суунун табы 10-12 градус болгондо көбөйүп кирет. Бизде өзү суунун табы кышта 7-8 градус болот. Быйыл кыш такыр эле жок го”.

Көлмөлөрдөгү тазалык

Токмок шаарынын Набережная жана Зеленая көчөлөрүнүн ортосунан аккан өзөн сууну бойлой жеке үйлөрдө бир нече чакан көлмөлөр курулган. Балык чарба департаментинин ырасташынча, илдет ошол көлмөлөрдө башталып, алардан чыккан суу башка ири көлмөлөргө да тараган.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин адиси Кыдыр Жунушалиев менчик балык чарбалары санитардык-экологиялык эрежелерди сактабагандыктан, алар чоң коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

“Эң биринчи, суу киргенде тундурма болуш керек. Тундурмадан кийин головной, андан кийин дагы башка бассейндер болот. Сөзсүз карантиндик бассейн болууга тийиш. Майда чабактар тазаланышы керек. Икра кайдан келген, кайсы инкубациялык цехтен өндүрүлгөн деген жаралуу теги болот. Эки чарбанын ортосунда 100 метр санитардык аралык болушу керек. Бизден уруксат кагазы жок болгондуктан, каалагандай казып алышкан. Бассейндер туура эмес казылган. Бассейндин түбү түп-түз болуп, жуулуп турушу керек. Балыктан чыккан таштандылар, жемдин калдыктары көлдүн түбүнө жыйыла берген. Бардык эле жем агып кетпей, көлмөнүн түбүнө түшкөн соң бир жумада чирий баштайт. Чиригенде андан бактериялар бөлүнүп чыгат”.

Мамлекеттик реестр боюнча балык чарбаларынын 87% Чүй менен Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Чүйдө 149 балык чарбасы болсо, көлмөлөрдүн жалпы саны миңге чукул. Реестрге кирбеген чарбалар да көп. Жунушалиев алардын баары эле мамлекеттин койгон талаптарын аткарууга ынтызар эмес экенин айтты.

Сууга куюлган май.
Сууга куюлган май.

Кыргызстандагы Балык чарбаларынын ассоциациясынын өкүлү Равшан Ашуров окуядан соң бирикме менен департамент биргеликте Түркиядан форел балыгын өстүрүү боюнча адисти чакырып, балык өстүрүү боюнча бирдиктүү стандартты иштеп чыгууга ниеттенип турушканын белгиледи.

“Эл аралык стандарт боюнча көлмөлөр бири-биринен көз карандысыз болуп, ар бир көлмө өз алдынча иштеши керек. Ар кимисинин өзүнүн кислород, суу берүү жана агызуу жолдору бар. Бизде болсо бир линия кылып, ага каз-катар көлмөлөрдү курабыз. Артындагы көлмөлөр алдындагысына көз каранды болуп турат. Биринчи көлмөнү жапсаң эле кийинкилери кислородсуз калат. Мындайда илдеттен дарылоо мүмкүнчүлүгү да азаят. Көлмөлөр бири-биринен көз каранды болбосо, анда тазалоо жана дарылоо иштери жеңил болот”.

Балыкка таза аба керек

Балык өстүрүү боюнча адис Вадим Досаев балыктардын жапырт кырылганы жооптуу мамлекеттик мекемелер өз ишин шалаакы аткаргандыгын да көзгө сайгандай көрсөтүп койду дейт.

Ар ким өз алдынча көлмө казып, өзү билгендей балык кармап жатканы менен экологиялык, техникалык жана санитардык эрежелерге көп көңүл бурбайт.

Вадим Досаев
Вадим Досаев

“Көлмөлөрдүн ортосунда буфердик аймактар жок. Бардыгы бир дарыянын агымында чарба жүргүзөт. Балыкты өтө көп көлөмдө багып жаткандыктан, кислород жетишпей калган дагы, балыктар ооруй баштаган. Бакалоорго жабышкан бактериялар пайда болуп, дем алуу жолдорун бууп калат дагы, балыктар өлө баштайт. Сапатсыз, булганган сууда мите өзүн ыңгайлуу сезип, көбөйөт. Ал жакта ушундай болгон. Көлмөлөр бир аз туура эмес жасалган, бардыгы бир дарыяда жайгашкан. Көлмөдөн чыккан сууну тундуруучу өзүнчө көлмөлөр болуп, аларда тазаланган соң гана кийинки көлмөгө коё берилиши керек эле. Көлмөлөрдүн конструкциясы да туура эмес жасалган. Суу үстүнөн агып кирип, кайра жогору карай чыгып кетет. Мындайда бардык заң жана баткак суу түбүндө кала берет. Бул дагы бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт”.

Эколог Сергей Криворучко табиятты коргоо боюнча мамлекеттик система иштебегендиктен балык чарбаларында экологиялык талаптар аткарылбай жатканын айтты. Адис “эгерде көлмөлөр мамлекеттик экологиялык экспертизадан тийиштүү деңгээлде өтүп турса, анда балыктар минтип кырылбайт эле” деди.

“Бардык көлмөнүн ошол жерде жашаган организмдер үчүн табигый теңдештирилген системасы болот. Тегиздеги жана тоодогу, тынч жана толкундуу көлмөлөр болот. Суусу тынч жана кычкылтек азыраак болгон тегиздеги көлмөлөрдө карп, сазан, сом өңдүү балыктар өзүн ыңгайлуу сезет. Мындай көлмөлөрдө кычкылтектин курамы 2-5 мг/л болушу мүмкүн. Ошол эле учурда форелдин, өзгөчө биздин тоолуу дарыя форелдеринин жакшы жашоосу үчүн суудагы абанын курамындагы кычкылтек 9-10 мг/л болушу керек. Кычкылтек 9 миллиграмдан төмөн түшүп кеткенде балыктарга дем жетпей өлүп калат. Эгерде балыктар үчүн жасалма азыктарды колдонсо, көлмө химиялык жана биологиялык булганууга дуушар болот. Бул дагы суудагы кычкылтектин курамына таасир этет”.

Дарыя, көлмөлөрдүн экосистемасы

Адистер баса белгилегендей, дарыялар менен көлмөлөрдөгү суунун көлөмү менен анын курамына соңку жылдары аптаптын күчөп жатканы да өз таасирин тийгизип келет.

Былтыр августта Бишкектин жогору жагындагы “Ала-Арча” жана “Спартак” суу сактагычтарындагы сууну толук агызып жиберишкен. Кургаган талаалар суу ичкени менен суу сактагычтардагы 25 түрдүү балык толук кырылган. Экологиялык журналист Владислав Ушаков суу сактагычтардагы эндемикалык балыктарга кам көрүлбөй жатканын айтты.

“Былтыр, өзүңүздөр билгендей, суу тартыш болду. Бардык суу сактагычтарда, анын ичинде Орто-Токойдо да, Ала-Арча-3тө да суу түбүнө чейин агызылды. Балыктарды сактап калуу үчүн сууну бир нече метр деңгээлде калтырыш керек болчу. Бирок, бизде аткаминерлер эмне үчүндүр эч нерсе калтырбай агызып жиберишет. “Спартакта” да, “Ала-Арча-3тө” да балыктар өлүп же талаага агып кетишти. Чу дарыясында биздин эндемикалык балыктар бар, аларды ошол көлдөрдө багып, көбөйтүшөт. Албетте, ал эндемикалык балыктар да кырылып калды”, - дейт Владислав Ушаков.

Көлмөлөр көп учурда аларга куюлган саркынды суудан жабыркайт. Көлмөлөрдөгү суу булганып, былтыр апрель айында да балыктар тонналап кырылган факты катталган. Анда Бишкек шаарынын жанындагы Пригородное айылындагы балык чарбалары көлмөлөргө малдын кыгы менен таштандыны жем катары төгүшкөнү жана “Бишкексууканалдын” саркынды суусун агызып ийгени аныкталган.

Жолго төгүлүп, дарыяга куюлган май
Жолго төгүлүп, дарыяга куюлган май

Эксперттер белгилегендей, Кыргызстанда суу бассейндерине болгон этиятсыз мамиледен улам алардын экосистемасы бузулуп келет. Дарыялар менен көлмөлөргө ташталган ар кандай таштандылар менен төгүлгөн мунай заттары суудагы жаныбарлар менен өсүмдүктөргө олуттуу зыян келтирип, биотүрдүүлүктүн бузулушуна түрткү болууда. Владислав Ушаков дарыяларга кошулган химиялык заттар суулардагы микрофлора менен ихтиофаунага олуттуу зыян кылып жатат деп эсептейт.

“Кыргызстанда суу адамдардын турмуш-тиричилигинен жаралган саркынды суулардан эле эмес, мунайзаттардан да булганат. Ар бир жаандан кийин Чүй өрөөнүнүн талааларынан Чу дарыясына нитраттар агып кошулуп турат. Кара-Балта дарыясы Абла суусунан башталып, аягы Чу дарыясына куят. Ага жыл сайын автокырсыкка кабылган автоунаалардан ондогон тонна керосин, мазут, бензин түрүндөгү мунайзат төгүлөт. Элестетсеңиз, ошол ондогон тонна мунайзат кошулган дарыядан адамдар суу ичишет, бакчаларын, талааларды сугарышат. Мындан улам дарыяларда жана алардын куймасындагы бардык организмдер өлүмгө дуушар болушат”.

Балык чарбаларынын ассоциациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда кийинки жылдары форель балыгын өстүрүү өнүгүп барат. Токмоктун айланасындагы форель өстүргөн чарбаларда 2 миңден ашуун киши жумуш менен камсыз болуп, жылына эки миң тоннадай балык экспорттойт. Көлмөлөрдүн көлөмүнө карап ар биринде 10 тоннадан 100 тоннага чейин балык кармалат.

XS
SM
MD
LG