Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Чек арада кармалган алтындын чуусу: салыкты жашыруу аракети болгонбу?


УКМК тараткан сүрөт. Апрель, 2023-жыл.
УКМК тараткан сүрөт. Апрель, 2023-жыл.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кармалган 84 килограммга жакын алтын тууралуу түшүндүрмө берди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алтын 17-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен мыйзамсыз ташылып келатканда кармалганын билдирген. Эксперттер концентратты чыгарып-киргизүүдө процедуралык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүндүгүн боолголоп жатышат.

Улуттук коопсуздук комитетинин таркаткан маалыматында “300 миллион сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлганы” жазылган.

“2023-жылдын 17-апрелинде “Ак-Жол” пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, JAC үлгүсүндөгү автоунаа салмагы 84 килограмм жакын алтын менен кармалды”.

Атайын кызматтын маалыматында алтын кайсы компанияга таандык экени айтылган эмес. Көп өтпөй, 22-апрелде президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине ушул темада маек куруп, кармалган алтын Кемин районундагы “Талды-Булак Сол жээк” алтын кенин казып жаткан кыргыз-кытай биргелешкен “Алтын-Кен” компаниясына тиешелүү экенин белгиледи.

“Бул жерде 84 килограмм алтынды жашыралы деген эмес. Салыктан жашыралы деп ойлошкон деген пикирге келип атабыз. Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга каттоого коюп, 60 млн. сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны "алтын чыгарып кетип жатып кармалышты" деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда дагы канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени дагы лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин кайра чыгарып кетишсе болот. Мыйзамдуу жол-жобосу ошондой”.

Кыргыз-кытай биргелешкен “Алтын-Кен” компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Каныбек Дыйканов кармалган алтын боюнча мындай түшүндүрмө берди.

“Биз концентрат чыгарабыз, чыгарган концентратты Казакстандын “Казцинк” деген заводу бар, ошол заводу менен келишим түзгөнбүз. “Толлинг шарты” деп коёт – өзүбүздүн эле концентратты алтынын бөлүп, тазалап туруп кайра берет деген сөз да. Кайра берген алтынды Кара-Балтадагы аффинаждык заводго барып тазалап, ал жерден “Кыргызалтынга” беребиз. “Кыргызалтын” болсо Улуттук банкка сатып, акчасын бизге берет, ал акчадан салыгын алып калышат. “Алтын-Кен” иштегенден бери эле ушундай процедура жүрүп келет. Азыр болсо ошол Казакстанга кеткен концентратты тазалап, доре эритмеси кайра кирип келаткан жерден кармап алышыптыр. Азыр эми ошону эмне себептен, кандай салык, канча пайыз төлөшүбүз керек эле, кайсы документтин негизинде төлөшүбүз керек – эки тарап ушул жактары боюнча такташып бүтө элек. Буга чейин бир да жолу мындай болгон эмес, эскертүү дагы берилбептир. Биринчи жолу ушундай болуп жатат, ошондуктан биздин юристтер, эсепчилер, салыкчылар чогулуп, азыр ушул маселе менен иштеп жатышат. Ортодо үч күн дем алыш болуп, кармалып калды да. Эми бүгүн жумуш башталып, кайрадан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”.

“Талды-Булак Сол жээк” алтын кенин иштетүү боюнча лицензияга “Алтын-Кен” компаниясы ээлик кылат. Компаниянын 40% үлүшү “Кыргызалтын” акционердик коомуна, 60% Кытайдын Ziji корпорациясына таандык. Расмий эсептөөлөр боюнча, кенде 78 тонна алтындын кору бар. Алтын менен кошо ал жерде күмүш жана жез дагы өндүрүлөт.

“Алтын-Кен” компаниясы мурда фабрикадан чыккан концентратты толлингдик негизде Кытайга алып барып, ал жактан даяр өндүрүм кылып чыгарып, кайра артка алып келишчү. "Толлинг" механизминде чет өлкөлүк чийки затты алып келип кайра иштетип, андан чыккан даяр өндүрүмдү бажы алымысыз кайра чыгарып кетсе болот. Соңку эки жылдан бери концентратты ошол механизм аркылуу Казакстанда кайра иштетүүдөн өткөрүү тажрыйбасы колдонулуп келет.

2022-жылдын башында кабыл алынган Салык кодексинде тоо-кен тармагындагы ишкерлерге карата бир катар чаралар каралган. Маселен, Кыргызстанда акыркы өндүрүмдү чыгарбаган компанияга кайра иштетүү үчүн чет жакка концентрат же руда алып чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. Бирок, ал үчүн дүң кирешесинен жок дегенде 10% кем эмес салык төлөп турууга милдеттенет. Анын ставкасы жыл сайын өсүп барат. Бул чара, эксперттер белгилегендей, тоо-кен компанияларынын кошумча салык төлөшүнө же Кыргызстанда акыркы өндүрүмдү чыгарууга кызыкдар болушуна түртөт.

Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков концентратты Казакстанга алып барып, иштетип кайра алып келүү процедураларында суроо жаратуучу жагдайлар болуп жатканын айтат.

“Бул жерде ойлоно турган нерсе бар. Биринчиден, бизден чыгып аткан концентраттын көлөмү сөзсүз түрдө көрсөтүлүп турат. Кыргызстанда, мисалы, жети компания концентратты сыртка чыгарса, бир эле компания руданы чыгарат. Былтыркы жылдын эсеби боюнча, 115 миң тонна концентрат чыккан болсо, анын курамында алты тонна алтын болгон. Vertex деген компания 40 миң тоннадан ашык руда чыгарган. Анын курамында дагы 200 килограммдан ашык алтын болгон. Ошол келишимдин негизинде чыгып аткандан кийин, ал жерде көрсөтүлгөн саны менен кайра кириши керек эле. Бул жерде мен ойлоп атам, документтерди даярдап жатканда туура эмес процедуралар жасалып калып же жанагы чыгып аткан маалыматтай болуп салыктан жашыралы деген күндө дагы, биз качан болбосун сурап, талап кылышыбыз керек болчу. “Мына, силер мынча концентратты толлингдик негизде чыгардыңар эле, кайра мынча алтын келип кирмек эле, ал эмне үчүн кирбей жатат, аны кайда кетирдиңер” деп баары бир суроо жаралмак. Процедурасы чынында эле түшүнүксүз болуп жатат”.

Камчыбековдун белгилешинче, Кыргызстанда жети компаниянын алтын концентратын, бир компаниянын алтын рудасын чет өлкөгө алып чыгып, кайра иштетип келүүгө уруксаты бар. Алар:

  • Ала-Бука районундагы “Иштамберди” кенин иштеткен Full Gold Mining ЖЧКсы (концентрат);
  • Ала-Бука районундагы “Бозумчак” кенин иштеткен KAZ Minerals Bozymchak ЖЧКсы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Терексай” кенин иштеткен “Эти-Бакыр Терексай” ЖЧКсы (концентрат);
  • Кемин районундагы “Талды-Булак Сол жээк” кенин иштеткен “Алтын-Кен” ЖЧКсы (концентрат);
  • Чоң-Алайдагы "Алтын-Казык" кенин иштеткен “ГИК “Кайди” ЖЧКсы (концентрат);
  • “Чзин Цинь” компаниясы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Куру-Тегерек” кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ЖАКы (концентрат);
  • Чаткал районундагы “Жамгыр” кенин иштеткен Vertex Gold Company ЖЧКсы (руда).

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 26-октябрында кыргыз кендеринен алынган алтын камтылган руда же концентраттарды чет өлкөгө чыгарууга убактылуу тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" өзгөчө укук берилип, Кыргызстандын аймагындагы кендерде өндүрүлгөн руда жана концентраттарды ошол ишканада кайра иштетүү керектиги тапшырылган. Жарлыкты ишке ашыруу үчүн алты ай ичинде комбинаттын техникалык шартын заманбап абалга жеткирүү зарыл болчу. Заводдун курулушу создугуп кеткендиктен, ал жарлыкты аткаруу мөөнөтү 2023-жылдын аягына чейин узартылды.

Тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков президенттин тапшырмасы түпкүлүгүндө туура болгону менен, техникалык жактан дыкат ойлонууну талап кыла деп эсептейт:

“Кыргызстандан концентрат менен руда алып чыккан компаниялар “лабораториялар менен сүйлөшүп алып, чыгып аткан концентраттын курамын төмөн көрсөткөн маалымкаттарын коррупциялык жол менен алып алышпайбы, ошондуктан толугу менен Кыргызстанда кайра иштетели” деген маселе коюлган. Ошол маселенин негизинде 1-майдан баштап концентраттар дагы, руда дагы чыкпасын, Кара-Балтага завод курабыз деген чечим болгон. Бирок, бул негизи бир аз чала ойлонуштурулган чечим болгон. Анткени, бизде ар бир кендин рудасынын курамы ар башка болот. Мисалы, Кеминдеги “Алтын-Кенден” чыккан рудада серанын кошулмасы бар. Буга өзүнчө башка технология, башкача линия орнотуш керек. Же өзүнчө завод салыш керек. Ал эми түштүктөгү “Эти-Бакыр Терексайда”, “Бозумчакта” чыккан рудада мышьяк бар. Аны бөлүш үчүн өзүнчө башка линия коюш керек жана өзүнчө башка технология керектелет. Ошондуктан, бир эле заводду куруп коюп, ошол жерге “Алтын-Кендин” дагы, “Эти-Бакыр Терексайдын”, “Бозумчактын”, “Иштамберди” же болбосо “Жамгырдын” дагы концентратын алып келип кайра иштетүү мүмкүн эмес. Ошол себептен, президенттин “1-майдан тартып четке чыкпайт” деген чечимин кайра жылдын аягына чейин узартышты”.

“Алтын-Кен” компаниясына байланыштуу чуулуу окуя мындан туура бир жыл мурда да катталган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2022-жылдын 27-апрелинде аталган компаниянын тоо-кен калдыктары үчүн төлөнүүчү каражаттын суммасын төмөндөтүп көрсөтүү боюнча коррупциялык схеманы аныктаганын кабарлаган.

Жарыяланган маалымат боюнча, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жооптуу кызматкерлери “Алтын-Кен” компаниясынын өкүлдөрү менен жашыруун келишип алып туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Натыйжада, мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кармалып, компания мамлекетке келтирилген 150 млн сомдой зыянды төлөп бергени маалымдалган.

Компания бул тууралуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG