Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Си Цзинпин келе жатат. Борбор Азияга бул сапар канчалык маанилүү?


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен Бээжинге иш сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев. 2019-жыл, 11-сентябрь.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен Бээжинге иш сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев. 2019-жыл, 11-сентябрь.

Си Цзинпиндин Борбор Азияга боло турган сапары символикалуу, ошол эле учурда саресепчил саясатка негизделген.

Казакстанга, анан Өзбекстанга

Эки жылдан ашуун убакыт бою коронавирус пандемиясынан улам сыртка чыкпаган Си Цзинпин алгач Казакстанга жөнөйт.

Ал 14-сентябрда президент Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бир катар документтерге кол коюшарын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров ушул аптада кабарлады.

Казакстан – Кытайга пайдалуу казылмаларды, металлдарды жана энергетикалык ресурстарды камдап берүүчү негизги өлкө. Ал ошондой эле Кытай товарларын Европага ташуучу жолдогу маанилүү транзиттик түйүн болуп саналат.

69 жаштагы Си Цзинпин 2019-жыл аяктагандан бери видеобайланыш аркылуу ар кандай глобалдык форумдарга жана жолугушууларга катышып келет. Бирок анын башка жогорку даражалуу кытай лидерлери сыяктуу эле өзү түз катышпай келгени Бээжиндин дүйнөлүк саясий жана экономикалык дымагына анча коошпой турду.

Си 1-июлда жарым автономиялуу Гонконг шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Кытайдын чегинен бир гана жолу чыгып, шаардын британ бийлигинен Кытайга өткөнүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөдү.

2019-жылдагы демократияны жактаган нааразылык акцияларынан кийин Гонконгдо оппозиционерлер түрмөгө камалып, сүргүнгө айдалган же унчукпай жүрүшү үчүн коркутуп-үркүтүлгөн кездеги жарандык укуктарды бузуучу текши куугунтукту Си Цзинпин өзү көзөмөлдөп турган.

Кытай лидери Нур-Султандагы сапарынан кийин Өзбекстандын Самаркандына барат, анда 15-16-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт.

Си Цзинпиндин сапары айрыкча Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсү Борбор Азияга алып келген экономикалык жана саясий башаламандыктын шартында Бээжиндин Евразиядагы таасири артып баратканын ырастоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Украинадагы согуш уланып жаткан кезде, беш “-стандын” өкмөттөрү Кремлден оолак турууга аракет кылууда. Бул Кытайдын аймактагы таасирин ыкчам күчөтүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда, Кремл чөлкөмдөгү мамлекеттердин, атап айтканда Казакстандын көз карандысыздыгын анча барктабай, үгүтчүлөрү аркылуу "кийинки Украина" болуп каласыңар деп опузалап жаткан чакта, бул сапар Бээжиндин Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин урматтай турганын даана туюнтат.

Өзбекстандагы саммитте Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москва жана Бээжин февралдын башында "чеги жок" өнөктөштүк тууралуу жарыялагандан бери жана Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу жолугары күтүлүүдө.

Бээжин орус агрессиясын сындабай, Украинага бастырып киргенин айтуудан баш тартып келет. Кытай Москвага каршы санкцияларды четке кагып, АКШ менен НАТОну чыр-чатактын чыгышына шыкакчы болгону үчүн айыптап жүрөт.

Үчүнчү мөөнөт алдындагы сапар

Си Цзинпин өзүнүн саясий жолундагы бурулуш кезге жеткен. Ал Коммунисттик партиянын лидери катары үчүнчү беш жылдык мөөнөткө турууну көздөп жатат, дайындалары да бышык.

Бул бийлиги чексиз Саясий бюронун Туруктуу комитетинин мүчөлөрү эки мөөнөттөн ашпашы керек деген мыйзамга каршы келет. Мыйзам азыркы Кытайдын негиздөөчүсү Мао Цзэдундун тушундагыдай бир адамдын диктатордук бийлиги орноп калышына жол бербөө үчүн кабыл алынган.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин (солдо) жана Кытайдын маркум лидери Мао Цзедундун портреттери Шанхайдын көчөлөрүнүн биринде. Си Мао Цзэдундун доорунан бери үчүнчү мөөнөткө дайындала турган алгачкы лидер болууда.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин (солдо) жана Кытайдын маркум лидери Мао Цзедундун портреттери Шанхайдын көчөлөрүнүн биринде. Си Мао Цзэдундун доорунан бери үчүнчү мөөнөткө дайындала турган алгачкы лидер болууда.

Оппозициянын жаралышына такыр жол бербеген партия саясатты, маалыматты жана ЖМКны толук көзөмөлдөп тургандыктан, Си Цзинпин ачык сынга кабылбайт. Бирок Си Цзинпиндин бийликти өз колуна топтоп алгандыгына, экономиканын кескин төмөндөшүнө, саясий оппоненттерге каршы багытталган антикоррупциялык өнөктүктөргө жана экономикага жана коомго терс таасирин тийгизип жаткан COVID-19га каршы катуу чектөөлөргө (карантин, тест тапшыруу жана беткап тагынуу ж.б.) коомдо нааразылык күчөп баратат.

Ошол эле учурда Кытайдын АКШ, Австралия жана Европанын көпчүлүк өлкөлөрү менен болгон мамилеси адам укуктарынын абалына, өзгөчө Шиӊжаңдагы абалга, Бээжиндин көбүнчө катаал дипломатиясына, Түштүк Кытай деңизиндеги эгемендик тууралуу сөздөргө жана Тайванга кол салуу коркунучуна байланыштуу начарлап кеткен. COVID-19га байланышкан жол жүрүү кыйынчылыгы менен бирге, бул факторлордун бардыгы Си Цзинпиндин мамлекеттик иш сапар менен же эл аралык жолугушуу үчүн чет өлкөгө чыккысы келбегендигине себеп болууда.

ШКУ деген эмне жана Си Цзинпиндин көздөгөнү эмне?

Сегиз мүчөсү бар ШКУда Орусия менен бирге Кытай үстөмдүк кылат. Уюмга Борбор Азиядагы мурдагы советтик мамлекеттердин көбү, Индия жана Пакистан да кирет. Кытай бул блокту Москванын артында турган өлкөлөргө таасирин кеңейтүү үчүн колдонуп келген. Бул максатта ал тездик менен жаңыланып жаткан армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн көп улуттуу аскердик машыгууларга катышып келет. Кытай ШКУну Азия-Тынч океан аймагындагы НАТО-АКШ альянсына каршы тура алгыдай күч катары да карайт.

Бирок аймактагы жагдай акыркы айларда АКШнын Ооганстандан чыгып кетиши жана ШКУнун башка мүчөлөрүнүн көбүнөн анча деле жакшы колдоо таппаган Орусиянын Украинага басып кириши менен өзгөрдү.

Путин менен жолугушуу Батыштын Украинадагы согушту айыптоосуна каршы сүйлөгөн лидер катары турумун бекемдеп, АКШ менен соода, технология, Тайвань жана башка маселелер боюнча тирешүү күчөгөн шартта өлкөнүн күч-кубаттуулугун арттырат деп Си Цзинпин үмүттөнүшү мүмкүн.

Орусия менен Казакстандын желектеринин фонунда Орусиянын президенти Владимир Путин аймактар аралык кызматташуу форумунун жыйынына видеобайланыш аркылуу кошулууда.

Коммунисттик партиянын курултайын утурлай чет өлкөгө болгон иш сапары да Си Цзинпин өзүнүн позициясына ишенерин жана 96 миллион мүчөсү бар партиянын, Саясий бюронун Туруктуу комитетиндеги алты кесиптешинин жана партиянын күчтүү Элдик боштондук армиясынын лидерлеринин колдоосуна ээ экенин көрсөтөт. Адаттагыдай эле, партия ичинде болуп жаткан окуялар купуя бойдон калып, жогорку даражалуу жетекчилердин сапарлары жөнүндө маалымат акыркы мүнөттөргө чейин, ал тургай алар ошол жерден кайтып келгенге чейин дээрлик эч качан жарыяланбайт.

Си Цзинпиндин Азия өлкөлөрүнө сапары жөнүндө эмне белгилүү?

Си Цзинпин менен Путин 15-16-сентябрда Самаркандда жолугушарын Орусиянын Кытайдагы элчиси Андрей Денисовго шилтеме берүү менен орус мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Бай жана өнүгүп келе жаткан алдыңкы өлкөлөрдүн тобун түзгөн G20 саммитине Си Цзинпин да катышары күтүлүүдө. Саммит ноябрдын орто ченинде Индонезияда өтүп, Кытайдын дүйнөдөгү экинчи чоң экономиканы түзгөн, уюк телефондон идиш жуугучка чейинки товарларды камдоо жагынан алдыңкы турумун бекемдейт.

Кошумчалай кетсек, Кытай Таиландга "эгерде башка милдеттери менен алек болбосо" Си Цзинпин G20дан кийин Бангкокто өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна катышат деп кабарлады.

Көптөгөн лидерлер сапарга чыкканда G20 менен катар АТЭСтин жыйынына да катышат. Кытай бул жолугушуулардын бирине да Си Цзинпиндин катышарын расмий тастыктай элек.

Бул макала Associated Pressтин материалдарын колдонуу менен даярдалды.

XS
SM
MD
LG