Борбор Азиядагы беш мамлекеттин лидерлери менен бирге Вашингтонго барып, ал жакта жогорку деңгээлдеги саммитке катышкан соң Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту.
12-ноябрда расмий сүйлөшүүлөр өтүп, анда биргелешкен газ долбоорлору жана Кошмо Штаттардын Орусиянын ири мунай компанияларына киргизген санкцияларынын кесепеттери талкууланды. Токаев ошондой эле казак-орус экономикалык форумунда сөз сүйлөдү.
"Биз мунай, кара май продукцияларын, көмүр жана электр энергиясын өндүрүү, ташуу жана жеткирүү тармактарында өнөктөштүктү чыңдоого макулдаштык. Газ боюнча кызматташуунун келечегин да талкууладык. Өзгөчө Орусия менен чектеш аймактарды газ менен камсыздоо жана үчүнчү өлкөлөр аркылуу транзит маселелерине көңүл бурдук", - деди казак лидери 12-ноябрдагы телекайрылуусунда.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу пикирин сураган аналитиктердин пикиринде бул жолугушуунун Токаевдин АКШ сапарынан кийин өтүп жатканы жөн жерден эмес.
Бир апта мурда Вашингтондо өткөн саммиттин алкагында Токаев америкалык президент Дональд Трамп менен да сүйлөшүү жүргүзүп, "АКШ менен Борбор Азия ортосундагы кызматташуусунун жаңы доору башталды" деп айткан.
Орус армиясы Украинага ар тараптан басып киргенден кийин жарыяланган Батыштын санкциялары Москвага экономикалык тоодой тоскоолдуктарды жаратканы менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Эми Кремль ушул өзгөргөн шартка ылайыкташууга аракет кылууда.
Atlantic Council уюмунун Евразия борборунун жетекчи орун басары Эндрю Д’Аньери "Азаттык" радиосуна курган маегинде Токаев өткөн аптада Ак үйдө Трамп менен жолуккан соң Москвага олуттуу салмак жана таасир менен келгенин айтты.
"Жолугушуулардын тартиби жана риторика эки өлкөнүн жакындыгын көрсөтүү үчүн жасалгандай сезилгени менен Токаев бул жолу Москвага мурункуга караганда күчтүүрөөк позицияда келди", - деди аналитик "Азаттыкка".
Орусиянын Борбор Азиядагы ролу
Токаевдин бул сапары Казакстандын көп жылдан берки этияттык жана тең салмактуулук менен жүргүзүп келаткан дипломатиясынын дагы бир көрүнүшү катары бааланууда.
"АКШ – Борбор Азия саммитинен кийин Москвага болгон сапар Казакстандын Орусия менен стратегиялык байланышын ырастоо жана орус саясий элитасынын ичиндеги мүмкүн болгон тынчсызданууну азайтуу аракети катары каралышы мүмкүн", - деди Кытайдын Global South долбоорунун изилдөөчүсү Юнис Шарифли "Азаттыкка" курган маегинде.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Вашингтондо Токаевдин Трамп менен өткөн эки тараптуу жана жалпы жолугушууларынын жыйынтыктары тууралуу угууга даяр экенин билдирген.
"Эгер Казакстандын президенти биздин президентке Вашингтондо болгон байланышын айтып берүүнү маанилүү деп эсептесе, ал, албетте, орус тарап үчүн абдан кызыктуу болот", - деген Песков.
Токаев Москвадагы сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл энергетика тармагына буруларын айткан. Ал Путин менен мунай тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоо боюнча макулдашканын белгилеген. Андан тышкары эки президент Каспий Куур Консорциумунун үзгүлтүксүз иштешин талкуулашкан. Бул тууралуу 12-ноябрда Песков журналисттерге айтты.
Казакстан бул куурдун жардамы менен мунайдын 80% көбүн экспорттойт жана ал Орусиянын Кара деңиздеги терминалдарынын бирине туташат. Песков консорциум тууралуу сүйлөшүүнүн чоо-жайын тактаган жок.
"Орусия аймактагы ролун кайра түзүүгө жана аны жаңыча аныктоого аракет кылууда",- дейт Кытай Global South долбоорунун изилдөөчүсү Юнис Шарифли.
Октябрда АКШнын санкцияларына кабылган "Лукойл" жана "Роснефть" сыяктуу ири орус мунай компанияларынын Казакстанда да чоң үлүштөрү бар. "Лукойл" ошондой эле Казакстандын ири Теңиз жана Карачаганак кендеринин акцияларына да ээлик кылат.
Астана Москвага көбүрөөк ыктайт
Токаев Москвага барар алдында Орусия менен Казакстандын жылуу мамилесин жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы абалын баса белгилөөгө аракет кылган.
Орусиянын мамлекеттик"Российская газета" басылмасында жарык көргөн макаласында Токаев Астананын Москва менен "түбөлүк достугун" мактаган. Андан тышкары казак-орус алакасын "толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк жана союз" деп мүнөздөгөн.
Изилдөөчү Юнис Шарифли белгилегендей, Москва Украинадагы согуштан кийинки экономикалык шарттардын өзгөрүшү менен аймакта өзүнүн таасирин башка багыттарга буруп жатат.
Маселен, электрондук коммерция. Андан тышкары мамлекеттик "Росатом" компаниясы Борбор Азия өкмөттөрү менен өнөктөштүктү кеңейтүүнүн жаңы жолдорун издөөгө багыт алып жаткандай.
Nightingale Intelligence компаниясынын изилдөөчүсү Влад Пэддак "Азаттыкка" билдиргендей, Вашингтондогу саммиттен кийин Москвада жүргүзүлгөн дипломатия "Казакстандын аймактык лидерликти бекемдөөгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп жатат".
Быйыл Борбор Азия лидерлери менен АКШ жана Евробиримдик өткөргөн саммиттерде негизги көңүл Ортоңку коридорду курууга бурулган. Болжол менен 6500 чакырымдык соода жолу Орусияны айланып өтүп, Кытайдан Борбор Азия жана Кавказ аркылуу өтлүп, Европага жетет. Ошол эле кезде Москва Казакстан жана коңшу өлкөлөр аркылуу Түштүк Азияга соода мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөйт.
Шерине