Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Брюсселге Түркиядагы расмий сапарынан соң Анкарадан түз учту.
Сапардын алгачкы күнү президент Брюсселде ханзаада Агахан менен гана жолугушту. Анда Кыргызстан менен Агахан фондунун кызматташтыгы тууралуу сөз болгону кабарланды.
Ханзаада Агахандын фонду Кыргызстанда бир нече долбоорду ишке ашырууда. Алардын эң чоңу Нарындагы Борбор Азия университети экени белгилүү.
Ал эми сапардын экинчи күнү кыргыз президенти Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европарламенттин спикери Антонио Таяни жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугары күтүлүүдө.
Дипломаттар бул жолку сапардын негизги максаты - таанышуу жана Евробиримдиктин жетекчилери менен жеке байланыш түзүү деп түшүндүрүшүүдө.
Бул Жээнбековдун Европадагы алгачкы сапары. Ал буга чейин премьер-министрлик кызматты аркалап турганда Европага келген эмес.
Эксперттер президенттин Евробиримдикке барышынын саясий жана экономикалык маанисин белгилеп жатышат.
Саясий жактан алганда "Сооронбай Жээнбеков Европа өлкөлөрү менен кандай мамиле түзөт жана Европа жаңы кыргыз президентин кандай кабыл алат?" деген суроолор маанилүү.
Акыркы жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты Орусияга ыктап, бир беткей багытты карманганы айтылып келген. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Европа менен байланышты толук үзгөн эмес. Ал президенттик мөөнөтүндө Евробиримдикке үч жолу барган.
Атамбаев акыркы жолу Брюсселде былтыр жыл башында болгон. Анда Кыргызстандагы президенттик шайлоого көбүрөөк көңүл бурулуп, "постсоветтик өлкөлөргө мүнөздүү "мураскор" калтыруу аракети болбойбу" деп Евробиримдиктин жетекчилери кызыккан.
Президенттик шайлоо өтүп, президент Атамбаевдин партиялашы Жээнбеков өлкө башына келди. Айрым талдоочулар мурдагы президенттин мураскору катары сыпаттаган Жээнбековдун Европа Биримдигиндеги алгачкы иш сапары эки лидердин ортосундагы мамиле начарлаган учурга туш келди.
Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушууда Кыргызстандагы саясий абал, демократия жана адам укуктарынын сакталышы сөз болоору айтылып жатат.
Буга чейин журналисттерге сот аркылуу айыппул салынып, айрым саясатчылар камакка алынганда бул уюм бир катар билдирүүлөрдү кабыл алган.
Брюсселге барган делегация мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев өлкөнүн ичиндеги акыркы өзгөрүүлөргө Евробиримдик өзгөчө көңүл бурат деген пикирде:
- Европадагы сапардын негизги максаты - "Европадагыдай өнүккөн өлкөлөрдүн баалуулуктары болгон демократияга, сөз эркиндигине, адам укуктарына көңүл бурабыз" деген сөз болот. Анткени, биздин чөлкөмдө бул жолдо биз туруктуу баратабыз. Ошондуктан Европа да биздин өлкөгө маани берет. Ал эми жаңы президент Брюсселдеги иш сапары аркылуу "бул жолдон тайбайбыз" деп айтканы жатат.
Анткен менен, саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, эгер президент өлкөдө терең реформаларга барбаса Европанын мамилеси эч өзгөрүүсүз калат:
- Учурдагы президенттин жакынкы кадамдары, кандай реформаларды баштай тургандыгы маанилүү. Өзгөчө Европа демократияга, укук коргоо органдарын реформалоого басым жасаган аймак болуп эсептелет. Ошондуктан президент маанилүү сигналдарды берип, кадамдарды жасабай турган болсо президенттин ал жакка барып келгени катардагы эле сапарга айланат.
Ошондой эле Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы макулдашуу иштелип чыгууда. Кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн келишимди толуктап, кеңейтүү максатын көздөйт.
Былтыр күзүндө Бишкекке келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини бул келишим тараптар ортосундагы саясий жана экономикалык байланышты бекемдейт деп ишенээрин айткан:
- Менин жакында Бишкекте болгон иш сапарымда Кыргызстандын жетекчилиги реформа жүргүзүү боюнча дымактуу программасын көрсөтүп, демократияны бекемдөө ниетин билдирген. Ал мамлекеттик башкаруудагы ачыктык менен натыйжалуулукту арттыруу, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү планын айткан. Биздин өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча тереңдетилген макулдашуу бул аракеттерди колдоого шарт түзөт жана саясий, экономикалык байланышты бекемдейт.
Экономикалык жактан алганда Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы соода жүгүртүү көңүл жылытарлык деле абалда эмес. Маселен, буга чейинки жылдар Кыргызстандан Евробиримдикке жөнөтүлгөн экспорт 70 миллион евронун тегерегинде болсо, импорт 237 миллион еврону түзгөн.
2016-жылы Евробиримдик Кыргызстанды соода жүгүртүүнүн жеңилдетилген ВСП+ программасына кошкон. Ага ылайык, Кыргызстан 6000ден ашык түрдүү товарын Евробиримдиктин базарына бажы төлөмүн төкпөстөн киргизүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Тизменин көпчүлүгүн айыл чарба товарлары түзөт. Кыргыз бийлиги дал ушул программанын алкагында экономикалык алака-катышты тереңдеткиси келээрин дайыма белгилеп жүрөт.
Мындан сырткары, Евробиримдик Кыргызстанда ар кыл тармактарды колдоо максатында 2020-жылга чейин 184 миллион евро бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.
Былтыр ноябрда президенттикке киришкен Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатта биринчи иретте Орусия баш болгон КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү стратегиялык өнөктөштөргө маани берээрин билдирген. Мындан соң Европа өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкка умтулаарын айткан эле. Анын президенттикке киришкенден кийинки сапарлары ушул ыраатта жүрүп жатат.