Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Түз ободо Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

11:43

10:42

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине күтүлүп жаткан сот өкүмүн утурлай билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигинен алардын баарын актоого чакырды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин милдетин аткаруучу Денис Кривошеев журналисттерге тагылган айыптарды сөз эркиндигин басмырлоо аракети деп баалады:

"Бул айыптоолор - саясий негизде сөз эркиндигин кысуу жана журналисттерди жасаган иши үчүн жазалоо аракети. Биз дагы бир жолу Кыргызстандын бийлигин бардык журналисттерди бошотуп, алардан негизсиз айыптоолорду алып салууга чакырабыз. Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жана башка бардык журналисттер эркин жана коопсуз иштеши керек".

Уюмдун билдирүүсүндө 11 журналист YouTube каналында коррупция тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялаганы, жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигине тартылып, прокуратура алардын ар бирин алты жылдан камоону соттон сураганы жазылган.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши каралып жатат. Бул күнкү отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөшөрү жана өкүм чыгары кабарланган.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин дагы бир ирет баса белгилеген. Ал эми 11 журналистти "диплому жок", дипломдуу эки журналисттин айтканын аткарып, социалдык тармактарда "жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды" таратуучу катары сыпаттаган.

10:33

Сотко барган "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, сот чечими кийинки отурумга калтырылды. Судья муну түштөн кийин башка отуруму болгондуктан, чечим чыгарууна үлгүрбөй калары менен түшүндүрдү.

10:21

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG