Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

MCN Coin иши: эки адам алдамчылыкка шек саналып камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда MCN Coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды. Бул маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” ырасташты. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чарасы 7-февралда каралып, 5-апрелге чейин тергөө абагында калтырылды.

Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбеков кармалганы маалым болгон. Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.

Субанбеков анда “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана кечирим сураган.

Кармалган экинчи адам ким экени азырынча белгисиз. УКМК бул окуя тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN Coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.

Соңку айларда Кыргызстанда бул криптовалютаны жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар "тез эле миллионер болот" деп убада кылып келген.

Адистер бул "каржы пирамидасы" экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертишкен.

MCN coin тууралуу күмөндүү жагдайга "Азаттык" биринчи болуп кайрылып, 5-февралда макала, видео жарыялаган. Айрым жарандар миллион сомдон ашык акча салып, бирок ала албай калганын айтышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG