Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Charge fast каржылык компаниясынын негиздөөчүлөрү кармалды


Бишкек шаарынын аймагынан Charge fast каржылык компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири - 48 жаштагы жана 29 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган милиция бөлүмүнө О.А. аттуу жаран 2-мартта арыз менен кайрылган. Ал кеп болуп жаткан компаниянын өкүлдөрү 400 миң сом акчасын “эки эсе көбөйтүп беребиз” деген шылтоо менен алдап алып, убадасын аткарбай, жашынып кетишкенине даттанган.

Факт боюнча Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (Финансы пирамидаларды уюштуруу) кылмыш ишин козгогон. Аны изилдөө маалында бөлүмгө 100дөн ашуун жаран арыз менен кайрылды.

2-мартта милиция Бишкекте ушул эле компаниянын эки өкүлү – 33 жана 29 жаштагы кыздар кармалганын билдирген.

4-мартта Каракол шаарында каржылык топко тиешеси бар 47 жаштагы жана 49 жаштагы эки аял кармалган. Буга байланыштуу Каракол шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Аталган шаарда материалдык чыгым 500 миң сомдон ашык деп эсептелген.

Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда. Ошол эле маалда аталган компаниядан жабыркаган жарандарды 0(508)11-11-12, 0(709) 49-78-10 жана 102 телефондоруна байланышып, арыз менен кайрылууга чакырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдараак 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

Каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG