Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

"Кооперативге 1000 адамдык чектөө койдук, ашканы - каржы пирамидасы"


юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков
юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата козголгон кылмыш ишинин баштапкы маалыматтарын бөлүшүп, мындагы чыгым 701 миллион сомдон ашканын кабарлады. Аталган кооперативге 2021-жылы иш козголуп, анын эки жетекчиси кармалган жана дагы бирөөнө издөө жарыяланган.

Бул арада дагы ондогон турак жай кооперативдерине кылмыш иши козголуп, жаңы уюмдардын жетекчилери кармалууда. Январдын баштарында “Ислам каржы кооперативинин” негиздөөчүсү кармалып, камалган.

"Азаттык" юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковду кепке тартты.

“Азаттык”: Орозбек мырза, 2023-жылы Министрлер кабинети, анын ичинен сиздердин министрлик “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун иштеп чыккансыздар. Аны парламент октябрда кабыл алып, президент декабрдын башында кол койгон. Ал мыйзам турак жай-курулуш кооперативдеринен үй сатып алууда адамдардын укуктарын коргоого багытталганы кабарланган.

Бирок андан бери да үй-мүлк сатып алгысы келгендерди алдагандар катталып, бир топ турак-жай кооперативдеринин башчылары кармалды. Ошондо сиздердин мыйзам жаңы ачылган кооперативдерге гана тиешелүү болуп, буларга иштебейби? Эмне үчүн дагы деле ушундай алдаган учурлар катталууда?

Сыдыков: Айып этпесеңиз, мен узагыраактан баштайын... Өзүңүздөр билесиздер, 2021-жылдан баштап биз, Юстиция министрлиги, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып, кооперативдердин айланасындагы маселелерди такай көтөрүп келе жатабыз. Фейсбуктагы жеке баракчам аркылуу да жазып, жабыркагандар менен ондон ашуун жолугушууларды өткөрдүк.

Мына ушул процесстерде биз анализ жүргүзүп, кеп болуп жаткан кооперативдер мыйзамда көрсөтүлгөн түпкү маани-маңызынан сыртка чыгып кеткенин аныктап, алешемдиктер менен иш алып барып жатканын байкаганбыз. Анын баарын коомчулук да аңдагандай болду.

Мурдатан айтып жүргөнүбүздөй, кооперативдер XVIII-XIX кылымдарда Европада өнүгүп, кийин совет доорунда да СССРде, анын ичинен бизде да ачылган. Кыргызстан эгемендик алгандан бери да иштеп келе жатат.

Азыркы маалда бизде 6500дөй кооператив бар. Анын 5500дөйү айыл чарба коммерциялык кооперативдери, 900ү коммерциялык эмес кооперативдер. Коммерциялык эмес кооперативдердин ичинен 162си турак жайга багытталган кооперативдер болчу. Анын да ичинен 30дайы “үй алып беребиз” деген убада менен мүчөлөрдү жыйнап, ушул багытта иш жүргүзүп келген.

Соңку аталган кооперативдердин негизги катасы мыйзамдан, өздөрүнүн жоболорунан да (устав) сыртка чыгып, өздөрү түзгөн келишимдер менен гана иш жүргүзүп турушкан. Биринчиден, мүчөлүккө кирүү тартиби таптакыр сакталган эмес. Кирип жатканда мүчөлүк китепчелерди берүү, төлөм каражаттарды пайлык үлүшкө түшүрүү, өзгөчө кырдаалдар фонду, кошумча мүлк, милдеттүү үлүш дегендердин баарын айырмалабай эле, булар банк же коммерциялык уюм сыяктуу иштей беришкен.

Коммерциялык эмес кооператив деп аты айтып тургандай эле, булар киреше табууну көздөбөй, мүчөлөр ортого салган каражаттардын негизинде, өз уставына ылайык иш жүргүзүшү керек болчу. Иш жүзүндө алар стадион толо элди жыйнап, чоң иш-чараларды өткөрүп, жетекчилери өздөрүнө айлык акыларын чоң суммада коюп, офистерге ири каражат төлөп, айтор, баш-аягы жок иш тутуп келишкен. Мүчөлөр эч кандай арыз жазбай, телефон чалып эле кошула калышчу. Алар төлөгөн акча финансы-кредиттик уюмдардагы атайын эсептерге түшпөстөн, колдон-колго өтүп кетип турган. Кооперативдерге киргендер “Айгүл дегенге бергем”, “Акматка, Ташматка бергем” деп айтып жүрүшпөйбү. Мына ушунун баары алар мыйзамдан сырт иштегенин көрсөтүп турат.

Биз мунун баарын анализдеп, ошолорду жоё турган милдеттүү ченемдерди мыйзамга киргиздик. Мүчө катары кошулуп жаткан киши төккөн акча атайын банктык эсептеги каражатка түшсүн, акча каражаттарын которуу ошондой жол менен ишке ашсын деген талапты бекиттик. Жалпы мүчөлөр чечим кабыл алууда түз катыша албаса да, сөзсүз дистанттык түрдө болсо да катышуусу керектигин көрсөттүк.

Электрондук сайт болушу керектигин, атайын реестрде ким кирип, ким чыгып жатканы көрүнүп турушу керектигин, мүчөлүк акыларды которуу жана аны иштетүү боюнча чечимди кооперативдин кеңеши өзү чечпестен, алдын ала жарыяласын деген талаптар кирди. Мурда 20 кишинин ордуна бир киши добуш берсе, азыр ар бир мүчө өзү добуш бериши керек деген ченемдер каралды. Мындан сырткары аларды көзөмөлдөй турган органды аныктоо, кооперативдин жетекчилигине келген адамга коюлган турган талаптар кирген.

Кабыл алынган мыйзам 5-декабрда жарыяланып, 10-декабрда күчүнө кирген. Мындан ары иш алып бара турган кооперативдер ушул мыйзам менен гана иш алып барат. Ал эми бир топ кооперативдерге, анын ичинен “Ихсанга” кылмыш иши бул мыйзам кабыл алынганга чейин козголгон. Алар боюнча 1300дөй арыз түшкөн.

Жаңы кармалган “Ислам каржы кооперативи” да буга чейин иштеп келген. Аларга да ушуга чейинки ишмердигине байланыштуу иш козголуп, жетекчиси кармалып отурат. Ушул жерден тактап кетейин, “Ислам принциби” деген аныктама финансы-кредиттик мекемелерде гана иштейт. Кооперативдерге мунун эч кандай тиешеси жок. Аларга кайсы бир диндин атын колдонушуна да мыйзамда тыюу салынат. “Ислам каржы кооперативи” деп алар жөн гана аталышын коюп алышкан, бирок мыйзамда дагы, жобосунда дагы “Ислам принциби” менен иштөө деген шарттар жок.

“Азаттык”: Сиздер мыйзамды өзгөрткөн соң анын талаптарын министрликтин базасында турган кооперативдер аткарып, жобосун, ишмердигин бүт бойдон ошого ыңгайлаштыра баштадыбы? Азыр иштеп жаткан кооперативдер жаңы мыйзамдын талаптарына өттүбү?

Сыдыков: Кооперативдердин айланасында ызы-чуулар башталгандан бери турак-жай кооперативдеринин катталуусу кескин азайды. Өтө аз. Мисалы, 2023-жылы бул багытта 6 гана кооператив катталган.

13-декабрдан баштап иштеп келе жаткан кооперативдердин бардыгы ушул мыйзамдын талаптарына дал келтириши керек. Ошонун негизинде гана жүргүзүшү шарт. Юридикалык жактарды каттоо тартибинде “эгер уюштуруу документтери мыйзамдын ченемдерине каршы келип калса, анда мыйзам колдонулат” деген талап бар. Мыйзам жогорку күчкө ээ болгондуктан, мурда алардын баардыгы жоболорун, калган нерселеринин баарын жаңылап, оңдоп чыгышы керек. Азыр бул процесстер башталып калганын көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Маалымат үчүн айта кетсек, 2023-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда жалпы 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген. Анын ичинен эң чуулуусу “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативи болуп жатат. Соңку эсепте, бул кооператив жарандарга 701 миллион сомдук чыгым келтириптир.

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр кирген маалда, ушундай чыгымдын ордун толтуруу маселеси да каралганбы? Же ал Кылмыш-жаза кодекси, же ошол сыяктуу мыйзамдар менен жөндөлөбү?

Сыдыков: “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча жаңы мыйзамда эгер кооперативдин жетекчи органдары, башкармалыгы, кеңешинин мүчөлөрү өз милдеттерин ак ниетсиз аткаруусунун негизинде кооперативге зыян келтирсе, алар ошол чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирилген. Бул мыйзамдын 23-беренесине кирген.

Мындан сырткары биз кооператив акчасын өз уставында көрсөтүлгөн гана максаттарга жумшашы керек. Ал дагы жалпы мүчөлөрдүн чечими менен. Мүчөлөр өз алдынча комиссия түзүп, ревизия кыла алышат. Текшерүү канааттандырарлык болбосо, көз карандысыз аудиторлорду да жалдоого укугу болот. Анан, албетте, калган нерселердин баары башка тиешелүү мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт.

“Азаттык”: Көзөмөл демекчи, негизи эле кандай көзөмөл инструменттери бар? Мыйзамга го кабыл алынды дейли, бирок ошону да буйтап, жарандарды алдап кетүүгө кандайдыр бир жылчыктар жокпу?

Сыдыков: Биздин оюбузча, жылчыктар калган жок. Мыйзамдын өзгөрүшү менен кооперативдер маселесин жаптык деп ойлойбуз. Алар кандай гана жылчыктарды ойлоп таппасын, бул башкаруу органдарынын же жетекчилеринин кооперативдердеги каражаттарды шылуундук менен өздөрүнө ыйгарып алышпасын, мындай жагдайлар кайсы учурда болбосун жоопкерчилик тартат.

Себеби бул мыйзамды жазып атканда эксперттерди, ушул жаатта иш жүргүзгөндөрдү, жабыркагандарды, ак ниет менен иштейбиз деген кооперативдердин өкүлдөрүн да тартып, бардык өңүттөрүн эске алдык. Мурда кооперативдер бир ууч гана адамдардын кызыкчылыгына гана иштеп калган болсо, азыр андайга жол берилбейт.

Буга чейин кооперативдердин мүчөлөрү 7 кишиден баштап чексизге чейин кете берчү экен. Азыр биз 1000ге чейин гана деп чектедик. Анткени билесиздер да, айрым кооперативдерге 10 миңге чейин адам акча каражатын салган учурлар катталган. Бул дагы жарандардын массалык түрдө алдануусуна, жабыркоосуна жол бербөө максатында киргизилген чектөө болду.

Кооперативдердин фундаменталдык табиятына ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү түзгөн, товардык, сервистик, кызмат көрсөтүүдөгү коммерциялык кызыкчылыгы бар адамдар эң көп дегенде 300 же 500гө чейин гана жеткен. Ал эми 10 миңге чейин жеткенде кооперативдин ичинде кандайдыр бир анархиялык жагдайлар жаралышы ыктымал.

“Азаттык”: Мурдараак Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган топтор, тагыраагы, ушул кооперативдер каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Бул жөнүндө экономисттер, финансисттер да айтып жүрүшөт. Муну биз бир катар кооперативдердин банкрот болуп, аягы өкүнүчтүү бүткөнүнөн көрүп жатабыз. Алданып калгандар, он жылдап топтогон акчасын жоготуп алгандар көп болуп жатат.

Анан алардын артында дайыма ушундай тобокелдик, опурталдуулук болсо, коомдук уюмдардын катарынан так ушул кооператив формасын таптакыр эле жоюп салса болбойбу? Же бул жарандардын укугун бузуу болуп калабы?

Сыдыков: Кооперативдерди таптакыр жоюп салууга болбойт. Турак жай кооперативи - бул кооперативдердин бир гана түрү. Бизде анын жалпы 15тей түрү бар.

Сөзүмдүн башында Кыргызстанда 5500 коммерциялык кооператив бар экенин белгилеп кеттим. Анын ичинде айыл чарбалык, үрөнчүлүк, асыл тукумдук, товардык, сервистик кызмат көрсөтүү боюнча ийгиликтүү иштеп жаткан кооперативдер бар. Алар жерлерин, мүлктөрүн же кызматтарын бириктирип, киреше табышат. Мындан сырткары гараждардын кооперативдери, жалпы мүлктү башкаруучу, курулуш кооперативдери да бар. Мында деле жарандар жалпы кызыкчылыктары бир болуп жатканы үчүн ушундай уюмга кирип, андан кандайдыр бир пайда көрүп жатышат.

Бир эле турак жай кооперативдери кабылган терс жагдайларга байланыштуу анын баарын жокко чыгарып, кооператив формасын жоюп коё албайбыз. Европа, Азия өлкөлөрүндө мындай формада иштеп, кооперативдер фундаменталдык көздөгөн максаттарына жетип жаткан мисалдар көп.

Бул жерде маселе адамдык фактордо болуп жатат. Мыйзамды атайылап бузуп, ички акты-жоболорду кайсы бир кызыкчылыктар үчүн аткарбоо же мыйзамды түшүнбөй, мыйзам менен иштебегендик гана себеп болуп жатат.

Ансыз, мисалы, айрымдар кооператив деп атабай эле, жөн эле коомдук уюм деп түзүп алып, үй “алып беребиз” деп ызы-чуу болгонун жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудук. Демек, бүгүн кооперативге тыюу салам десең, эртең алар коомдук уюм дегенге өтөт, ага тыюу салсаң, коомдук фондго өтүп алат.

Айтор, мында жарандардын мыйзамдык жана финансылык сабатуулугу гана керек. Кооперативдерге кошулган адамдар мыйзамдан кабардар болуп, өз укуктарын, өз мүмкүнчүлүктөрүн билгидей болушу керек. Товар сатуу же кызмат көрсөтүүлөрдү эске албаганда, кандайдыр бир өзүнүн артынан дагы башка адамды кошуу менен акча табуу же компенсация алуу - бул финансылык пирамиданын белгиси. Жарандар мына ушуну билиши шарт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG