Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Орусия Алсу Курмашеваны 6,5 жылга соттоду


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

Орусияда сот тогуз айдан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны 6,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн 22-июлда Associated Press (AP) агенттиги билдирди жана өкүм жарыяланган сот отуруму Татарстан борбору Казан шаарында 19-июлда жабык өткөнүн маалымдады.

Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына Курмашева «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланды. Cоттун басма сөз катчысы Наталья Лосева бул маалыматты тастыктады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти жана башкы директору Стивен Капус Курмашевага каршы сот процессин жана өкүмдү “сот адилеттигин шылдыңдоо” деп айыптап, “Бир гана адилеттүү жол – Алсу абактан токтоосуз бошотулушу керек” деди.

Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG