Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Ала-Арча паркына автоунаа менен кирүүгө чектөө коюлат


Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив.
Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив.

Чүй облусундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына автоунаа менен кирүүгө жакын арада чектөө коюлат. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы экенин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбукка 8-сентябрда жазды. Бирок чектөө качан башталарын тактаган жок. Бул чараны экологияны коргоо жана аймактын жаратылышын таза сактоо деп түшүндүрдү.

"Конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт. Парктын сыртына кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда",- деди Туманбаев. Андан тышкары, бийлик ал жакка А-Фрейм үлгүсүндөгү үйлөрдү жана мейманкана курууну көздөп жатат.

Эко-активисттер Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына автоунаа менен киргендерди, ал жакка тамак-аш, желим идиш калдыктарын ыргыткандарды сындап келишет.

Дүйнөдөгү экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-сапка жайгашкан. Борбор Азияда эң акыркы орунду алган. Environmental Performance Index рейтингин АКШнын Йель университетиндеги Экологиялык саясат жана укук борбору чыгарган.

Өкмөт экологияны коргоо иштери жүргүзүлүп, буга удаа эле экологиялык туризмге көңүл бурулуп жатканын билдирип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG