Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

АКШда 20 чакты уюм бийликти Курмашева негизсиз кармалганын таанууга үндөштү


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

АКШ журналисттеринин National Press Club кесиптик ассоциациясы жана сөз эркиндигин коргоо менен алектенип келаткан дагы 18 бирикмеси Кошмо Штаттардын президенти Жо Байденге ачык кат жолдоп, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеванын «негизсиз кармалганын» таанууга жетишүүгө чакырышты.

Алар камакка алынган америкалык журналисттердин иши боюнча артыкчылыктарды аныктоо зарылчылыгы тууралуу буга чейин Байденге жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге жөнөтүлгөн эки каты дагы эле жоопсуз калып жатканын белгилешти.

Катта «Бизде Мамдепартаментте Алсунукундай иштерди карай турган бөлүм бар. Ал Президенттин камактагылардын иштери боюнча атайын өкүлү башкармалыгы» деп жазылды жана Курмашеванын иши ошол жакка өткөрүлүшү үчүн ал негизгисз кармалган деп таанылышы зарыл экени белгиленди.

"Ал бардык критерийлерге туура келет. Муну тез арада жасаш керек. Бул бир нече ай мурда жасалышы зарыл эле", - деп айтылды катта.

31-майда Орусиянын курамындагы Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Курмашеванын камак мөөнөтүн дагы эки айга, 5-августка чейин узарткан.

Курмашева өзүн дагы эле начар сезип жатканын, диагнозун эске алганда ден соолугу жакшырып кетиши күмөндүгүн, операцияга муктаж экенинн айтып берген.

Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Эгер тагылган айыптар сотто колдоо тапса, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG