Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Чехиянын тышкы иштер министри журналист Алсу Курмашеваны бошотууга чакырды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский Орусияны «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны бошотууга чакырды. Бул тууралуу ал 13-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде согуштарды жана чыр-чатактарды алдын алуу маселеси талкууланып жатканда айтты.

Тынчтыкты бекемдөөгө салымын кошуп келе жаткан аялдарга, укук коргоочуларга, активисттерге, гендердик теңчилик үчүн күрөшкөн журналисттерге коопсуздук жана колдоо атмосферасын түзүү зарылчылыгын айткан Липавский: "Чехия Орусияны Алсу Курмашеваны түрмөдөн тез арада бошотууга чакырат", – деп белгиледи.

Чехиянын башкы дипломаты Орусиянын бийлигин «Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп туруп Украинага каршы согуш ачканынын өзү БУУнун маани-маңызына карама-каршы келерин жана БУУнун Уставы менен бекитилген бүт коопсуздук структурасына шек келтирерин» айтып сындады.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгонор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин маалымдашкан.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөгөн.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG