Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

АКШнын Москвадагы элчилиги Алсу Курмашеваны бошотууга чакырды


Алсу Курмашева Казань шаарындагы сотто. 1-июнь, 2024-жыл.
Алсу Курмашева Казань шаарындагы сотто. 1-июнь, 2024-жыл.

АКШнын Москвадагы элчилиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны бошотууга чакырды. Америка менен Орусиянын кош жарандыгын алган Курмашеваны Орусияда сот 6,5 жылга кескен. Журналист өзү жана АКШ өкмөтү коюлган айыптарды четке каккан.

Курмашеванын өкүмү чыккандан кийин элчилик тараткан билдирүүдө "бул Орусиядагы журналистика үчүн өтө кейиштүү күн экени" белгиленет.

"Биз дагы бир ирет орус бийлигин Алсуну жана түрмөдөгү башка журналисттерди, абийир туткундарын бошотууга чакырабыз",- деп жазылат элчиликтин 23-июлда социалдык тармактарга жайгаштырган билдирүүсүндө.

"Бийлик менен макул болбогондорду басуу бүт орусиялыктарга зыянын тийгизүүдө. Эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттары демократинын негизин түзүп, шайлоочуларга туура чечимдерди кабыл алып, мамлекеттик аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк берет", - деп кошумчаланган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчиси Стивен Капус чечимди "сот адилеттигин шылдыңдоо" деп айыптап, “Алсу абактан токтоосуз бошотулушу керек” деди.

Эки баланын энеси, 47 жаштагы Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. Ага 2023-жылы 11-декабрда "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казандын соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Америка жараны, биздин сүйүктүү кесиптешибиз үчүн өз үй-бүлөсү менен бирге болуу убактысы эбак келген",- деп жазылат Капустун билдирүүсүндө.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

XS
SM
MD
LG