Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

"Москва Гершкович менен Уиланды соодалашууга колдонууну токтотушу керек"


Эван Гершкович сотто. Орусия, 26-июнь 2024-жыл
Эван Гершкович сотто. Орусия, 26-июнь 2024-жыл

АКШ Орусияда кармалып жаткан журналист Эван Гершковичти азат кылуу үчүн аракеттерин улантарын билдирди. Анын шаршембиде башталган соту Екатеринбург шаарында жабык өтүүдө. Орус бийлиги The Wall Street Journal гезитинин кабарчысын тыңчылыкка айыптаса, АКШ аны кармоону «саясий иш» деп атап келатат.

Вашингтондун билдирүүсү

Шаршембинин кечинде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер АКШнын консулу журналисттин сотуна катыша албаганын айтты. Ал Орусия Гершкович жана америкалык дагы бир жаран Пол Уилланды соодалашуу үчүн пайдаланууну токтотууга тийиш деп кошумчалады:

Мэтью Миллер
Мэтью Миллер

“Жабык жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын шардана кылгым келбейт. Эван менен Пол кармалгандан бери эле аларды үйлөрүнө кайтаруу аракетин көрүүдөбүз. Бир нече ай мурун биз маанилүү сунуш киргизгенибизди буга чейин да айтканбыз”.

Тыңчылык үчүн айыпталган кабарчынын соту жабык өтүүдө. 26-июнда журналисттерге анын видеосун тартууга мүмкүнчүлүк берилди.

Орусияда алты жылдай иштеген Гершкович былтыр 30-мартта Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.

Тиешелүү органдар кабарчы “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айткан.

Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында кармалып келди.

Гершковичтин ишин караган прокурор Микаел Оздоевдин айтымында,
"Тергөө The Wall Street Journal гезитинин америкалык журналисти Гершкович Борбордук чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен Свердловск облусундагы аскер техникасын чыгарган жана оңдогон коргонуу тармагындагы заводдун ишине байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктаган жана документтештирген. Ал мыйзамсыз ишмердигин өтө жашыруун, конспирацияны сактоо менен алып барган. Алдын ала иликтөөнү Федералдык коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы жүргүздү".

Эван Гершкович сотто. Екатеринбург, 26-июнь, 2024-жыл
Эван Гершкович сотто. Екатеринбург, 26-июнь, 2024-жыл

Гершкович айыптуу деп табылса, 20 жылга кесилиши ыктымал.
The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү журналист Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин аккредитациясынан өткөнүн, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөнүн белгилеп, айыпты кескин четке кагып келатышат. Гершкович өзү да мыйзамсыз иш кылбаганын айтууда.

Ал «кансыз согуштан» бери Орусияда тыңчылыкка күнөөлөнүп жаткан алгачкы америкалык журналист. Рейтер агенттиги жазгандай, Гершковичтин ишин кароо 13-августта уланмай болду.

Уиландын, Курмашеванын иши

Андан тышкары ушу тапта тыңчылык айыбы тагылган дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп четке кагууда.

50 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан BorgWarner аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Пол Уилан
Пол Уилан

Ал Москвада 2018-жылы кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын жанынан купуя маалыматтар сакталган флешка табылганын ырастаган. 2020-жылы ал тыңчылыкка айыпталып 16 жылга эркинен ажыратылган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айтып, «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп билдирген.

Гершкович менен Уиланды АКШнын Мамлекеттик департаменти негизсиз кармалгандардын тизмесине киргизген. Ага ылайык, Вашингтон аларды чыгарып кетүү боюнча кошумча механизмдерди иштетип, айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Гершковичти айырбаштоо ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп бергенде өкүмдү күтүү жана мындай маселелерде купуялуулукту сактоо зарылдыгын белгиледи:

"Азырынча Гершковичти айырбаштоо боюнча эч кандай ишараттар тууралуу сөз кыла албайбыз. Бул тема ашыкча сөздү жакшы көрбөйт. Сот жараянын комментарийлей албайм. АКШда бул тема чоң резонанс жаратканын билебиз. Бирок биздин өлкөдө андай резонанс жок. Тергөө, сот жүрүүдө, өкүмдү күтүш керек".

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, АКШнын жана Орусиянын жарандыгы бар Алсу Курмашева да былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилеп келатат.

XS
SM
MD
LG