Окуя 2017-жылы болуп, бир жылдан кийин каржы полициясы салык төлөбөгөнү үчүн иш козгогон. Азиздер алгач "жабырлануучу" катары өтүп, кийинчерээк "күнөөлүү" деп соттолгон.
Ушу тапта майыптыгына алуучу жөлөк пулунан карызын төлөп жатышканын айтып, өлкө жетекчилигинен ишти адилет териштирип берүүнү суранууда.
"Паспортуңду берсең эле иш бүтөт"
34 жаштагы Азамат Калпаков көзү азиз болгондуктан, экинчи топтогу майыптыгы бар. Анын айтымында, 2017-жылы Санжар Камчыбек уулу аттуу таанышы чек арадан Кыргызстанга жүк өткөрүү менен алектенип жатканын, акчасы жакшы экенин айтып, документин сураган. Эмне жумуш экенин сураганда, "акчасы жакшы, тынч" жумуш деп ынандырган.
"Жумушу жок жүргөм, - дейт Азамат. - Бир күнү мурда чогуу иштеген Санжар Камчыбек уулу аттуу адамга жолугуп калдым. Иши жок жүргөнүмдү айтсам, мага "бир иш бар, жакында башталат" деди. "Мени да тартчы" деп сурандым. Бир күнү мага "паспортуң менен келип кал" деп, Свердлов райондук салык кызматына чакырды. Барсам, паспортумду алып, ичкери кирип кетип, бат эле кайтып чыкты. "Эмне болду?" десем, "Бүттү" деди. Көрсө, менин атыма патент алышыптыр, ошол патент аркылуу мен ишкерлик кылып, чек арадан менин атыма жүк өткөрүлчү экен. Бир күнү мени чек арага, "Ак-Тилек" деген постко алып барышты, машине менен. Бирок унаадан чыкпай эле отурдум. Анда да бат эле бүттү деп чыкты. "Ой бул эмне жумуш?" десем, чек арадан жүк өтөт дешти. "Мен эмне жумуш кылам?" десем, "сен керек болсоң, көрсөтөбүз, сен экениңди, сенин атыңдан жүк өтүп жатканын такташ үчүн сени көрсөтөбүз" деп койду. Мен ошондо эле "мунун салыгы барбы?" деп сурагам. "Ал жагынан кам санаба, салык кызматында байкелер бар, ошолор бүтүрөт" деген. Ошентип, анда-санда мени машинеге салып чек арага алып барышат. Бир аз тыйын берет, кээде миң, кээде 500 сом берип коюшчу. Мен ошого деле сүйүнүп, алып жүрө бериптирмин. Бир айдан кийин менин документимдин мөөнөтү бүттү деп, дагы бир Алик Бакиров деген досума патент ачышты".
Азамат айтып жаткан Аликтин да көзү азиз. Анын атына ачылган патент менен чек арадан жүк кире баштаган. Кийинчерээк Мирлан Жумабеков деген дагы бир көзү азиз жарандын паспортуна патент алып, анын атына жүк алып өтө башташкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Салык кызматынан Азаматка чалып, 1 млн 200 миң сом салык төлөөгө милдеттүү экенин билдиришкен.
"Салык кызматынан бул маалыматты угарым менен Санжарга чалып айттым. "Аа, бүтүрөбүз, болду" деди. Бирок бүтүрбөптүр. Көп өтпөй мага Финполициядан чалышты. Алар так кесе эле: "Сизге кылмыш иши козголду, өзгөчө ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөгөнүңүз үчүн. Эч жакка чыга албайсыз" деп айтышты. Мен Алик менен Мирланга айтып, "токтоткула, мунун аягы жаман экен" деп, ишти токтоттук. Мага кылмыш иши ачылды, менден кийин бул экөөнө тең кылмыш иши ачылып кетти. Биздин атыбызга миллиондогон акчага темир, жыгач жана башка ири суммадагы товарлар келчү экен. Бул ишти Салык кызматындагы Каныбек Кудайберген уулу деген байке бүтүрүп берчү экен, бирок ал бүтүрбөй койду. Кийин билсек, ал "өзүм бүтүрөм" деп, Санжардан акча алып, бирок бүтүрбөптүр", - деди Азамат.
"Жабырлануучудан" "күнөөлүүгө" айландык"
Шылуундарга алданып калганын түшүнгөн майыптыгы бар жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Коррупцияга каршы кызматына кайрылышкан.
"Алар бизге "силерди түшүнөбүз, баары жакшы болот" деп, акырын жүктөрдүн кимге келгени, кайда кеткени тиги-буларын иликтей башташты. Биз иште "жабырлануучу" катары өтүп жатканбыз. УКМК ишибизди прокуратурага жиберди. Ал жактан Финполицияга жиберишти. Финполицияга да биз "жабырлануучу" катары барганбыз. Бирок көп өтпөй, "шектүү" болуп чыга келдик. Биз болгонун болгондой айттык, "Жүк биздики эмес, алданып калдык, андан көргөн пайдабыз да жок" деп актанганыбызга карабай, бизди "Салык төлөбөгөнү үчүн күнөөлүү" деп таап, ишибизди сотко ашырып жиберди. Сотто да айттык, Свердлов райондук сотунун судьясы "кылмыштуу схемага тиешеңер бар экен" деп, бизге Салык кызматына салыкты толук төлөп берүүгө милдеттендирип койду. Натыйжада биздин майыптыгы бар катары алып жаткан жөлөк пулубуз бөгөттөлдү. Мен иштейм, менин айлык алган банк картам дагы бөгөттө. Биз азыркы бийликтен ошонун баарын адилеттүү, акыйкат териштирип берүүсүн суранат элек".
Шылуундарга алданып калгандардын дагы бири - Мирлан Жумабековдун мойнунда учурда 4,5 млн сом салык карызы бар. Ал паспортун берип, патент алганы, иштегенге макулдугун бергени менен, чек арага да, Салык кызматына да бир да жолу басып барбаганын айтууда:
"Менден паспортту гана алып кетип, кайра алып келип беришти. Эч бир чек арага, Салык кызматына барбадым. Бирок ошол биздин паспортторду иштеткен Санжар, Беккул деген балдардан сурадым, "кандай иш, салык төлөө жагы кандай болот?" деп сурасам, алар "баары жакшы, бүт көзөмөлдө, мыйзамдуу" дешти. Бирок көп өтпөй Азамат менен Аликке кылмыш иши козголду дешти, көп өтпөй мага да козголду. Финполдо биздин ишти тергеген Султан деген тергөөчү мени "күбө" катары сурап жүргөн, кийинчерээк алмашып кетип, ордуна Мирбек деген тергөөчү тергей баштады. Ал мени "шектүү" деп, күнөөкөр кылып койду. Иш 2019-жылы Биринчи Май райондук сотунда башталган болчу, кийинчерээк Свердлов райондук сотуна өттү. 2023-жылы бүттү сот. Бизге "бул оор кылмыш, акталбайсыңар, андан көрө жарым-жартылай мойнуңарга алгыла" дешти, ошого мажбур болдук. Биз президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевге кайрылдык. Ал Башкы прокуратурага жазган экен, ал жактан ишти кайра кароого жиберилди деп айтышты".
Көзү азиз Мирлан майыптыгы үчүн алып келген жөлөк пулун да ала албай, кыйналып кеткенин, 4,5 млн сомдук салыктын жарымынан көбү турганын айтууда. Мирландын сөзүнө караганда, булардын паспортун колдонуп, "ишкер" кылып, карызга батырган Санжар, Беккул деген адамдар ачык эле эркиндикте жүрүшөт.
Алданып калган адамдар сот чечимине макул болушпаса да, бирок ага каршы апелляциялык арыз беришкен эмес. Буга алардын адвокатынын "кайрылган менен пайда чыкпайт" дегени негиз болгон.
Укуктук сабатсыздык - алданууга себеп
Муну белгилеген юрист Замир Жоошев жарандардын укугун билбегени алардын алдамчыларга алданып калуусунун негизги себептеринин бири экенин айтууда:
"Эң ириде документтерин берип, чала тааныш адамдар менен кызматташпоо керек. Аларды иликтеп, кимдер, эмне жумуш кылышат, мурда соттолгонбу, шылуундар эмеспи деп аныктап алып, нотариус аркылуу келишим түзүп, анан гана иш баштоо керек болчу. Жумуш сунуштаган адамдардын менчигинде мүлкү барбы, аны да аныкташ керек. Анткени булар алданып калган учурда сотко берип, ошол мүлкү аркылуу өздөрүнө келтирилген зыянды төлөтүп алууга мүмкүнчүлүк болот".
Өздөрүн алдап, миллиондогон сомдук салыкка отургузуп кеткен шылуундар кимдер экенин бизге кайрылган майыптыгы бар адамдар өздөрү да билишпейт экен. Азаматтын мойнунда 1,2 млн сом, Мирланда 4,5 млн сом, Алик аттуу жарандын 14 млн сом салык карызы бар.
Жабырлануучулардын сөзүнө караганда, Салык кызматында иштеген Каныбек аттуу адам 2020-жылы пандемияда коронавирустан каза болуптур. Булардын артында турганы айтылган дагы бири өзүн коопсуздук кызматында иштейм деп тааныштырган Бекзат аттуу адам АКШга кетип калган.
Биз көзү азиз адамдардын атына жеке ишкана ачып, алардын миллиондогон сомдук салык карызына батып калуусуна себепкер болгон Санжар, Беккул деген адамдар менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Кыргызстанда шылуундарга алдатып, жабырланган майыптыгы бар адамдар арбын. Арасында акчасын алдырып, турак-жайынан ажырагандары бар.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, быйыл жыл башынан берки сегиз айда шылуундукка байланыштуу 10 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын ичинен 7705 иш ачылган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Руслан Шаршембиев шылуундар күч алган азыркы шартта майыптыгы бар адамдар алардын кылтагына оңой илинген, аярлуу катмар бойдон калып жатканын айтты:
"Тилекке каршы, майыптыгы бар адамдардын, карыялардын алсыздыгынан шылуундар көп пайдаланышат. Алардын ишенимине кирип, жакшылык кылымыш болуп, сызга отургузуп кеткен учурлар көп. Ошондуктан ар бир жаран жеке документтерин, паспортун, турак-жайынын жана башка документтерин чоочун, жакшы тааныбаган бирөөгө бербеши керек. Документ гана эмес, өзү, үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарын да жат кишилерге бербеши керек. Бүгүнкү күнү онлайн шылуундарга да көбүнчө калкыбыздын аярлуу катмарындагы адамдар көп алданып калышууда", - деди Шаршембиев.
"Адилеттик сурайбыз"
Шылуундарга алданып, моюндарына бир нече миллион сомдук салык карызы илинип, ай сайын майыптыгына алуучу жөлөк пулу менен аны төлөп келе жаткан Азамат Калпаков, Мирлан Жумабаев жана Алик Бакиров акыркы айдагы Мамлекеттик салык кызматындагы түрдүү коррупциялык иштер ачыкталып жаткан чакта, алардын ишине тиешеси бар кызматкерлер да аныкталып, өздөрүнүн күнөөсү жоктугу далилденип калат беле деп үмүттөнүп турушат.
Алар "Азаттык" аркылуу президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алманбет Шыкмаматовго кайрылып, жардам берүүсүн суранууда.
Шерине