Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:23

Алабукалыктарды ойго салган чек ара чийини


Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Кош-Болот, Көк-Серек айылдарына бараткан жол. 16.02.2021
Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Кош-Болот, Көк-Серек айылдарына бараткан жол. 16.02.2021

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагынын кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги демаркация иштерине жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Алар 12-февралда Өзбекстандын бийлиги өз алдынча зым тарта баштаганын айтып, тынчсызданышууда.

Бул маселе Бишкекте өкмөт үйүнүн жанындагы митингде да көтөрүлгөн. Мындан улам Кыргызстан менен Өзбекстандын ырасмий өкүлдөрү чек араны тосуу иштерин убактылуу токтоткон.

Жергиликтүү тургундар алардын мал жая турган жайыттары тарып, чек ара сызыгы үйлөрүнө жакын келип калганын айтып нааразы болууда. Ал эми кыргыз өкмөтү болсо чек аранын такталышы чек ара тилкесиндеги жаңжалдарды токтотот деген ишенимде.

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймактан 50 метрдей аралыкта жашаган Жайлообай Досбаев жакында эле белгиленген чек ара сызыгы короосун келип калганын билдирип, көчөдө ойногон балдарынан да кооптонуп жатканын айтат:

“Көп жылдан бери жашайм. Кечээ жакында белгилеп кеткен чек ара сызыгынын ичинде ажатканам калды. Балдарым болсо ойногону чыгып бул жакка келип калса кандай болот. Элдин үнүн уккан жан жок.”

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак
Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак

Кош-Болот айылынын дагы бир тургуну Сапаралы Жолдошов чек ара тилкелеринин көпчүлүк бөлүгү Өзбекстан тарапка чечилип жатат деген ойдо. Ал чек ара сызыгы азыр эл жашаган аймактын ичине чейин кирип келгенин, мурда үч чакырым алысыраак болгонун айтууда.

“Биз турган жерден 3 чакырым алыс жерде турган жолдон болчу өзбектердин чек арасы. Ал жол да мурун кыргыздар каттаган эле. Эми ар жылы биздин аймакка каалагандай кирип келе жатышат. Биз чек ара сызыгын кайра артка жылдырышын талап кылабыз”

Айылдыктар жайыт тарып жатканын айтып, көйгөйдү чечүүнү суранууда. Кош-Болот айылынын тургундары мал кармап, жан багышат.

“Чоңдор, карап турбастан чек араны тактагыла. Айылдын элинин көйгөйү эле эмес, өлкөнүн келечеги үчүн. Мал кармаган эл болгондуктан бул көрүнүш жайыттарды тарытып жатат".

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак. 16.02.2021.
Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак. 16.02.2021.

Маалыматка ылайык Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде делимитацияланган мамлекеттик чек ара сызыгы 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы жөнүндө эки мамлекет ортосундагы келишимге жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 мыйзамга ылайык аныкталган. Быйыл ал жерлерде инженердик, ошондой эле, демаркация иштери башталмак.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов буларга токтолду:

“Кош-Болот айылдарынан тургундары ошол күнү чогулуп, бул биздин жайыт, кышында мал жаябыз деген нааразачылык менен чыгышкан. Өзбекстан өлкөсүнүн Наманган облусунун губернаторунун орун басарына чыгып сүйлөштүм. Биз эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү, ага чейин ал жерде иш жүргүзбөй туруу боюнча айттык. Кийинки жолугушууда такташабыз, деп иштерди токтотконбуз.”

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак. 16.02.2021.
Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына кирген Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде талашка түшүп жаткан аймак. 16.02.2021.

Кош-Болот айылындагы 180 кожолукта 1076 адам жашайт. Ал эми Кара-Белес участкасын 1990-жылдары турак жайга уруксат берилип, 25 үй-бүлө көчүп барышкан.

15-февралда өкмөттөгү маалымат жыйынында паритеттик комиссиянын мүчөсү, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Абдулат Мырзаев Ала-Бука районундагы элдин ойлонтуп жаткан чек ара маселеси кандай чечилгени боюнча кенен маалымат берген:

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. 2017-жылдагы келиишимге ылайык анын 85 пайызын же 1170 чакырымын эки тараптын жетекчилери кол коюп бекиткен. Ушул күнгө карата Өзбекстан менен дээрлик 95 пайыз чек ара сызыгы боюнча орток пикир табылганы айтылып жатат. Учурда ортодо 9 талаштуу тилке бар.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев делимитация жана демаркация иштери бүтсө чек арадагы айрым пикир келишпестиктерге чекит коюлат дейт:

“Биз эч бир жерлерди саткан жокпуз, айтылып жаткан сөздөр туура эмес. Коңшу өлкөлөр менен делимитация иштери аяктаганы менен демаркация жумуштары турат. Биз Өзбекстан тарап менен ишти баштайбыз. Ошондуктан эки тарап сүйлөшүп, жумушту жандантышыбыз керек. Ошондо гана азыркыдай чек ара көйгөйүнө чекит койсок болот".

Өзбекстан тарап Көк-Серектеги сүйлөшүүлөр жана жергиликтүү тургундардын айтканы боюнча ырасмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG