Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Мирзиёев: Кошуна – миң жылдык


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында чыр чыккан учур, 31-май, 2020.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында чыр чыккан учур, 31-май, 2020.

6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сох чатагы чыккан Фергана облусуна келди. Жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылындагы окуяга да токтолду.

6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусунун активи менен жолугушуу учурунда чек ара чатагы тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн айтты.

Коңшу мамлекеттин башчысынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге таасир этпеши керек деп айтты:

- Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек арадагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштик. Сохтогу окуя биздин кыргыз эли менен достугубузга, мамилебизге, жалпы пландарыбызга таасир этпеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз керек. Кошуна – миң жылдык. Эки эл бири-бирине жөлөк болуп, өз ара сыйлашы керек, - деди өзбек президенти.

1-июнда премьер-министр Абдулла Арипов Сохтун жашоочулары менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиевди кызматтан алууну жана жайыт маселесин чечүүнү талап кылышкан. Өзбек бийлиги Сох районундагы маселелерди чечүү үчүн 10 миллион доллар бөлүнөөрүн кабарлаган.

Сохтун губернатору элдин кысымына калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.

Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт өкүлдөрү 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушуп, акыркы кырдаалды талкуулаган. Жолугушууга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган өкүлдөр катышкан.

Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кийинки отуруму 20-июнга белгиленген.

Ошол эле күнү Арипов Сохтун жашоочулары менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар жайыт маселесин чечүүнү талап кылышкан. Өзбек бийлиги Чечмедеги чатак үчун кыргыз тарап кечирим сураганын билдирген.

Бирок Боронов 4-июнда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, өзбек тарап менен жолугушууда кыргыз тарап «Кайтпас» бекетин ачууга макулдук бербегенин, 31-майда болгон окуя үчүн кечирим сурабай эле, өкүнүч билдиргенин айткан. Андан сырткары өзбек тарап быйыл Токтогул суу сактагычынан сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү сураганын билдирген.

- Быйыл экинчи жылы катары менен Токтогулда суу аз экенин, ошондуктан биз өзүбүз кышында электр энергиясын Казакстандан импорттоого аргасыз болуп жатканыбызды айтып түшүндүрдүк. «Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша карап көрөлү» деп айттык.

1-майда Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычы жарылып, анын айынан Сурхандарыя облусундагы миңдеген гектар эгин талаалары суусуз калган.

Сардаба кырсыгынын сыры жана чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:43 0:00

XS
SM
MD
LG