Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Ала-Букадагы талаш жер талкууланбай турат


Ала-Бука.
Ала-Бука.

Ала-Букада Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда талаштуу жер деп эсептелген 19 миң гектар жер боюнча сүйлөшүү аракеттери болбой турат.

Ал арада жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр-чатактар күчөп баратат. Ала-Бука аймагында чек араны аныктоо иштери качан жанданат?

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Каныбек Ботобаев Өзбекстан менен Кыргызстан чек ара маселеси боюнча акыркы жолу 2019-жылдын май айында жолугушканын айтты:

- Сүйлөшүү болуп жатат. Учурашканда маселе көтөрүп жатабыз. Акыркы жолу, адашпасам, 2019-жылдын май айында болгон. Эми январь айында болот деп жатышат. Болуп калса керек. Биз даярбыз.

Бирок өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов «Азаттыкка» 19-декабрда берген акыркы интервьюсунда 6-7 жети айдан бери иш ыргагы солгундап кеткенин айткан эле:

Мамасалы Акматов.
Мамасалы Акматов.

- Акыркы убакта Өзбекстан тараптан бизге эскертилбеген аракеттер болуп жатат. Өткөн жылдын майынан бери жолуга элекпиз. Эми январь айында өкмөт башчылардын деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүп жатат. Ошондон кийин иш кайра жанданат деп ойлойм.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда акыркы эки айда эки жолу Кыргызстандын жергиликтүү тургундары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. 2019-жылдын декабрь айында өзбек тарап тактала элек экени айтылып жаткан жерге техникасын алып келгени тууралуу маалымат тараган. 8-декабрда Ала-Бука районунун мал багып жүргөн тургундары кыргыз айылдарына жакын кирип келген өзбек чек арачыларына кабылып, аларды видеого тартып Интернетке жарыялашкан. Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылынын тургуну Жанышбек Умаров өзбек чек арачылары 2010-жылдан бери кыргыз айылдарына жакындап келатканын айтты:

- Мына, биз Чоң-Сай айылынын тургундары 2010-жылга чейин тээ Ак-Курча деген аймакка чейин сай-сайларга эгин экчүбүз. Мал бакчубуз. Бактарыбыз бар. 2010-жылы ошол эгин эгип аткан жеринен өзбек чек арачылары биздин үч адамдын бирин атып, экөөнү кармап кетишкен. Ошондон кийин эл чочуп, жайлоого чыкпай калган. Ал жерди Өзбекстан «талаш жер» деп атканы менен анда алардын бир да үйү жок, бир да таш коюп, бир да бак тиккен эмес. Муну тез арада чечиш керек.

2020-жылы 6-январда ошол эле Ала-Бука районундагы малчылар менен Өзбекстандын чек арачылары чатакташып, ок атылган. Кыргызстандын бир жараны жеңил жаракат алган. Буга байланыштуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Каныбек Ботобаев Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматын күнөөлөдү:

Каныбек Ботобаев.
Каныбек Ботобаев.

- Чек арачы катуу карап турушу керек да. Делегация ал жерде сүйлөшүү маселесин гана чечпесе, башка андан эч нерсе көз каранды эмес. Ал эми чек арачы жакшы карашы керек. Карабаса алар кирип келе берет да? Биздин чек арачылар ошолор менен сүйлөшүп, «кирбегиле» деп эскертиши керек да. Ошо чек арачылар киргизип жиберип жатпайбы? Аларга буйрук бергенге менде ыйгарым укук жок. Бирок өкмөттө атайын катчылык бар да. Ошолор дайыма карап турат, дайыма тапшырма берип турат.

Жалал-Абад облусунун аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы такталбаган 5 участок бар. Талаш жердин экөө Аксы районунда, төртөө Ала-Бука районунда жайгашкан. Тактала элек жерлердин жалпы аянты 19 миң 600 гектарды түзөт. Ала-Бука районундагы тактала элек жерге кирип келген чек арачылар тууралуу Өзбекстан жооп бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG