Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Пакистан: чатырда карыган ооган качкындары


Ооган качкындарынын Кабобаян лагери. Пешавар, Пакистан. 13-февраль 2020-жыл
Ооган качкындарынын Кабобаян лагери. Пешавар, Пакистан. 13-февраль 2020-жыл

Исламабадда Пакистандын ооган качкындарын кабыл ала баштаганынын 40 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Миллиондогон качкын башпааналаган лагерлердеги алачыктарда бир эмес, эки муун чоңойду.

Качкындардын көбү мекени аларды унутуп койгонун, Пакистанда барган сайын аларды жактырышпаганын, Бириккен Улуттар Уюму көз жаздымда калтырганын айтышат.

Эл аралык жыйын өтүп жаткан Исламабаддагы кымбат мейманканадан бир нече километр алыс жердеги лагерде, кепе тамда жашап келаткан 20 жаштагы Ахмед Хан Юнис мекениндеги куралдуу жаңжал жакын арада токтоп, өмүрүндө көрө элек тынчтык өкүм сүргөн Ооганстанга кайтып барарына көп ишене бербейт.

Пакистандагы ооган качкындардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн жигиттин жарандыгы жок.

"Жерибизге, элибизге бейпилдик жана гармония кайтып келсе деп каалайм, үмүттөнөм. Бирок бул абдан кыйын болот деп ойлойм", - дейт Ахмед.

Ахмеддей болгон жүз миңдеген оогандардын статусу чечилген эмес. Алар ар дайым күчтөп Ооганстанга жөнөтүшөт деген коркунуч менен жашап келатышат. Согуштан кошуна өлкөгө жан сактай качып, бозгунга айланган оогандардын билим алуу, саламаттыкты сактоо же ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла чектелүү.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан
Пакистандын премьер-министри Имран Хан

Пакистандын премьер-министри Имран Хан эл аралык конференцияда сүйлөгөндө анын өлкөсү согушкерлерге башпаанек берип жатат деген айыптарды кайрадан четке какты. Премьер Исламабад, тескерисинче, кошуна өлкөдөгү тынчтык жараянына бар салымын кошуп келатканын айтты:

"Пакистандын коопсуздук күчтөрү өз саясатын, өкмөт өз саясатын жүргүзөт деген пикир айтылып келген. Бирок эми андай эмес. Мурда кырдаал кандай болбосун, ушу тапта бардыгыбыз Ооганстанда тынчтык орносун деп каалайбыз".

Вашингтон жана Кабул Пакистандын аскердик чалгындоо кызматы "Талибандын" жоочуларына ал өлкөдө ээн-эркин жүрүүсүнө жол берет деп айыптап жүрүшөт. Исламабад муну калп деп, сынды четке кагууда.

Пакистанда учурда 2,7 миллион ооган качкыны жашайт. Хан ушунча кишинин арасына согушкерлер да кошулуп кетиши ыктымал экенин, муну көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн эместигин белгиледи. Премьер анын өкмөтү өлкө аймагынан Ооганстанга кол салууну болтурбоо үчүн чара көрүп келатканын, чек арага тосмолор орнотулганын кошумчалады.

Анын алдында Ооганстандын экинчи вице-президенти Сарвар Даниш талибдер качкындар лагерлериндеги оогандарды өз катарына жалдаганын, Пакистан буга жол берип жатканын сындаган.

Пешавардагы качкындар лагери
Пешавардагы качкындар лагери

Эл аралык конференцияга катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш Исламабад бийлигин ооган качкындарын колдогондугу үчүн кубаттады:

"40 жылдан бери ооган эли улам бир кризистен чыга албай келатат. 40 жылдан бери Пакистан эли тилектештигин көргөзүп жатат. Меймандостук ондогон жылдарга, муундарга жайылды. Мынча убакыт качкын болуп үйлөрүнө кайта албаган адамдар биз билген тарыхта болгон эмес. Алардын тагдырын мен жүрөгүмө абдан жакын кабыл алам".

Гутерриш тынчтык орнотууга убакыт келгенин айтып, “мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай калсак, бир да ооган бизди кечирбейт” деп белгиледи.

17-февралда Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла “Талибан” кыймылы жети күнгө зомбулукту токтотууга макул болгонун билдирди. Бирок улам бир жерде кол салуу болуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG