Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

Аварияда жабыркаган абактагылардын арызы


Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан кийин машине келишин күтүп отурган соттолгондор. 15-сентябрь, 2017-жыл. Сүрөт Интернеттен алынды.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан кийин машине келишин күтүп отурган соттолгондор. 15-сентябрь, 2017-жыл. Сүрөт Интернеттен алынды.

Ар кандай айыптар менен соттолуп камакта отурган эки кишинин жакындары алар Оштон Бишкекке жеткирилип келе жатканда болгон кырсыктан катуу жабыркап, саламаттыгына олуттуу доо кеткенин билдиришүүдө.

Камактагылардын туугандары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) алардын ден соолугуна көңүл бурбай жатканын айтып, укук коргоочуларга кайрылышты.

41 айыпталуучу түшкөн автозак былтыр 15-сентябрда Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылган. ЖАМК ал кезде эч ким оор жарадар болбогонун билдирген. Укук коргоочулар 20дан ашык кишиге ылайыкташкан автоунаага адамдар ашыкча жүктөлгөнүн белгилеп жатышат.

Чолпондун бир тууганы Өмүрбек Жороев 2017-жылдын 15-сентябрында Суусамырда кырсыкка учураган автозактагы соттолгондордун катарында болгон. Ал авариядан кийин инисинин көзү көрбөй калганын айтып берди:

- Бала кезинде эле бир көзү начар көрчү. Авариядан кийин экинчиси да көрбөй калыптыр. Кырсык учурунда көзүнүн торчосуна (сетчатка) доо кеткен окшойт. Улуу кызы барып жолугушуп турат. Ал аркылуу дары-дармек алып берип, киргизгенбиз. Бирок ал жардам бербей, операцияга муктаж. Жалгыз көзүн сактап калыш үчүн кантип операция жасаларын түшүнбөй турабыз. Кызы акыркы жолу кирип чыккандан кийин "көрбөй калыптыр, үстөлдү да колу менен сыйпалап атып араң отурду, жанындагы бирөө жетелеп чыкты, абалы начар" деп айтып келди. Мурун №27 абакта болчу. Ал жак алыс эле. Азыр №47 колония дары-дармек берип турганга жакыныраак болуп калды.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, аварияда Өмүрбек Жороев менен кошо Руслан Чудуев деген соттолуучу да катуу жаракат алган. Окуя болгон кезде ЖАМК кырсыктан үч киши жабыркаганын, анын бирөө жаза өтөө кызматкери, экөө айыпталуучу экенин билдирген. Кырсыктан кийин үчөөнө тең Жайыл райондук ооруканасында алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, соттолгон эки киши башка айыпталуучулар сыяктуу эле колонияларга бөлүштүрүлгөн. Бирок алар абалы оорлоп, жакында абактагылар дарыланган Бишкектеги №47 колонияга которулганы белгилүү болду.

Эки соттолуучунун жакындары алардын ден соолугуна кайдыгер мамиле жасалып жатканын айтып "Кылым шамы" укук коргоо уюмуна кайрылышкан. Укук коргоочу, адвокат Мунарбек Супатаев 26-майда сөз болуп жаткан колонияга барып, эки айыпкер менен сүйлөшүп чыккан:

- Экөөнүн акыбалын көрсөң жүрөгүң ооруйт. Өтө коркунучтуу экен. Машина оодарылып кеткенде Чудуевдин акыреги, кабыргалары, жаагы сыныптыр, тиштери ар кайсы жакка чачыраптыр. Бетинин териси сыйрылып, көзү агып түшүп калган экен. Аны эптеп-септеп тигип туруп, үч күндөн кийин ооруканадан чыгарып, түрмөгө тыгып койгон. Жороевдин да көзү көрбөй, таяк менен сыйпалап басып жүрөт. Авария болгондо Жороев машиненин четинде отурган экен. Машинеге соттолуучулар ашыкча салынган. Оодарылып кеткенде Жороев башы менен жыгылып, эл аны басып калган. Эси ооп, араң өзүнө келген. Башында ЖАМКтын кызматкерлери "эч жакка жазба, жардам беребиз" дешкен экен. Бирок бир аз абалы оңолгондон кийин карабай коюшкан. Жабыркагандар кырсык болгондо машиненин айдоочусу мас болгонун, оозунан ичкилик жыттанганын айтып атышат. Учурда №47 колонияда ооруну басаңдатуучу кетонал дарысын эле берип атышыптыр. Чудуев тишин колониядагы тиш доктурга барып көрсөтсө, 10 миң сом сураптыр.

15-сентябрь, 2017-жыл. Бишкек-Ош жолу. Интернеттен алынган сүрөт.
15-сентябрь, 2017-жыл. Бишкек-Ош жолу. Интернеттен алынган сүрөт.

Былтыр кырсык болгондон кийин соттолгондор башка автозактын келишин бир нече саат бою күтүп, күч кызматкерлери аларды кайтарып отурган.

Жол кырсыгына машиненин дөңгөлөгү жарылганы себеп катары көрсөтүлгөн. Алгач автозакта 20га чукул соттолуучу болгону айтылып, кийинчерээк алардын саны 41 экени белгилүү болгон. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова эң көп дегенде 30 кишиге ылайыкташкан автозакка адам ашыкча салынганын билдирди:

- Биринчиден, иликтөө болушу керек эле. Адамдар жарадар болду да. Ташуу эрежеси бузулганы, автозакка киши көп салынганы боюнча иликтөө жүрдүбү, кимдир бирөө жаза алдыбы же жокпу, белгисиз болуп калды. Муну Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Атайын прокуратура иликтедиби же жокпу, аны да билбейбиз. Жабыркагандарга сөзсүз түрдө компенсация болушу керек эле.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова болсо аварияда "эч ким оор жарадар болгон эмес" деп айтууда:

- Оор жаракат алгандар болгон эмес. Жабыркагандар медициналык жардам алгандан кийин колонияларга жеткирилген.

Элеонора Сабатарова саламаттыгы начарлап, №47 колонияда жатканы сөз болгон эки киши тууралуу кабарды тактап жатат. Ал толук маалымат жакынкы күндөрү берилээрин кошумчалады.

Кыргызстандын түштүгүндө колония аз болгондуктан, соттун чечими чыккандан кийин соттолгондор маал-маалы менен Чүй облусундагы абактарга бөлүштүрүлүп, автозак менен жеткирилип турат. Кырсыкка кабылгандар Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынан Бишкекке алынып келе жаткан.

Автокырсыктан катуу жарадар болуп, ден соолугу жабыркаганы айтылган 38 жаштагы Руслан Чудуев 2017-жылдын 8-августунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен төрт жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 45 жаштагы Өмүрбек Жороев 2017-жылдын 24-июлунда Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин биринчи бөлүгү менен ("Киши өлтүрүү") он жылга абакка кесилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG