Ыстамбулда жашаган америкалык жазуучу жана журналист Клэр Берлински айымдын жазышынча, Түркияда “YouTube.com” бетин жабууга 2007-жылдын март айында ютюбдун түрк жана грек пайдалануучулары арасында чыккан уруш негиз болгон. Грек тарап америкалык “Village people” диско-группасынын музыкасынын коштосунда бүгүнкү Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн көзүнөн түстүү жаштар шоргологон видеотасманы сайтка жайгаштырган. Муну Түркиянын сот органдары “түрктөрдүн ариет намысын кордоо” деп баалап, ютюбду жаап салды, деп жазат Клэр Берлински.
Ыстамбулдагы Коч университетинин профессору Тимур Хожа “Азаттыктын” кыргыз кызматына берген интервьюда, “YouTube.com” бетин жабуунунун эки себебин айтты:
-Биринчиден, ютюбдун бетинде армян жана башка кээ бир улуттар Түркиянын улуттук символу жана улуу азаматы болгон Ататүрктү каралап-жамандаган жана экинчиден, армяндардын түрктөр канкор, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндарды кырды деген түрдүү видеотасмаларды жарялашты. Мына ушул себептен тийиштүү кызматтар ютюбду жаап коюшту.
Түркияда Ататүрктү каралоо - кылмыш саналат.
Клэр Берлински айымдын жазышынча, башкарчуу Адилет жана өнүгүү же АК партиясы, не Түркиянын парламенти, не коомчулук соттун чечимине түп көтөрө каршы чыккан эмес. Себеби сот ютюбдун эмес, исламчыл АК партиясынын да душманы. Анткени сот бүтүндөй АК партиясын да тыйууга аракет кылганы маалым. Бирок АК партиясынын жетекчилиги, анын ичинде премьер-министр Эрдоган быйыл январда Түркия YouTube тыйылган өлкөлөрдүн катарында болуусун каалбаганын ачык билдирген. Ал эми АК партияга жакын эсептелген “Zaman” гезити “ютюбду жабуу - сот системасына болгон ишенимге шек келтирет” деп жазган. Түркиялык 500дөн ашуун блоггер сайтты жабууну цензура деп баалашты.
Бирок Түркиянын сот органдары алардын милдети мыйзамдын аткарылышын камсыздоо экенин айтышкан.
Берлинскинин ырасташынча, YouTube азыр Армения, Кытай, Иран, Марокко, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тайланд, Сирия жана Бириккен Араб Эмиратында тыйуу салынган.
Түркияда “YouTube.com” бети жабылса да, жарандар ютюбка кирүүсүн улантууда. ““YouTube.com” жабылганы менен, башка беттер(proxy browser) аркылуу ага кире бересиз. Мен да ошондой кылуудамын. Ошон үчүн, көпчүлүк калайык мындай чечимди мыскылдап, күлүүдө”, дейт Ыстамбулдун Кожа университетинин профессору Тимур Хожа.
Түркиялык 500дөн ашуун блоггер сайтты жабууну цензура деп баалашты. Бирок Түркиянын сот органдары алардын милдети мыйзамдын аткарылышын камсыздоо экенин айтышкан.