Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Түркия: Басма сөз эркиндигинин элеси бар, өзү жок


2 жыл мурда тегия армян журналист Грант Динк өлтүрүлгөн
2 жыл мурда тегия армян журналист Грант Динк өлтүрүлгөн

Евробиримдикке мүчө болууга умтулган Түркиядагы көйгөйлүү маселелердин бири – бул басма сөз эркиндигинин абалы. Түркияда акыркы жылдары бир катар олуттуу реформалар жүзөгө ашырылганы менен эркин ой жүгүрткөн журналисттерди жана жазуучулрады куугунтуктоо иштери уланууда.

18-июнда “Миллийет” гезитинин кабарчысы Недим Шенердин соту башталды. Кабарчы Шенер атып өлтүрүлгөн теги армян журналист Грант Динктин ишине байланыштуу полиция кетирген каталарды далилдер менен баяндап, китеп чыгарган.

Грант Динкти өлтүргөн Огүн Самат 20 жылга эркинен ажыратылган. Журналист Недим Шенер өз китебинде полиция бул ишти териштирүүдө бир топ жүйөлөргө көңүл бурбай, шалаакылык кетирген деп ырастайт.

Бул китепте келтирилген жүйөлөрдү негизсиз деп эсептеген айыптоочу журналистти 28 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Прокурордун Шенерди 28 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашы – Түркиядагы басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүн таң калдырды. Журналист Недим Шенер буларды айтат:

- Кыязы сотко арыз бергендердин өзү да прокурор талап кылган жазаны укканда таң калышса керек. Анткени адатта мындай айып мене соттолгондорго 2 жыл жаза мөөнөтү берилет. Каталардын бетин ачкан журналисттерге 28 жыл талап кылуу - Түркиянын кылмыш жаза системасына таандык бир көрүнүш болсо керек.

“Миллийет” гезитинин башкы редактору Седат Эргин да журналист Недим Шенерди колдоп чыкты:

- Недим бул эмгеги менен мамлекеттик кызматчылар кетирген каталарды мамлекеттик документтерге таянып далилдеп берди. Мамлекеттин кемчиликтерин ачык көрсөтүү, мамлекеттик кызматчылардын каталарын калайык менен тең бөлүшүү – журналисттин милдети.

Ал аралыкта ЕККУ журналист Недим Шенерди колдоп чыкты. ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглуна журналист Недим Шенердин сотуна байланыштуу кат жолдоду. Анда Харашти журналист Шенерге коюлган айыптарды алып салууга жана басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды өзгөртүүгө үндөйт.

“Недим Шенер ЕККУнун жана Европа кеңешинин талаптарына каршы соттолуп жатат. Ал болгону теги армян журналист Грант Динктин өлүмүнө чейин болгон окуяларды жана ал атылып өлтүрүлгөндөн кийин иликтөө ишинин жүрүшүндө кетирилген каталардын бетин ачкан үчүн куугунтукталууда” деп айтылат ЕККУнун Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жолдогон катында.

XS
SM
MD
LG