Будапешт шаарында 17-январда Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун үчүнчү жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган делегация катышты.
Анын алкагында Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушууда бул фондго кошумча 34 миллион доллар алуу тууралуу макулдашылганы айтылды.
"Эки мамлекеттин өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин динамикасын эске алуу менен Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү маселеси каралды. Дагы 34 миллион долларга кошумча капиталдаштыруу тууралуу макулдашылд. Эки мамлекеттин бизнес-коомчулугуну бириктирүү үчүн Ишкер кеңешин түзүү жана жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын экологиялык таза өнүмдөрүн Европага экспорттоону көбөйтүү жашы талкууланып бул багытта европалык сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келген логистикалык борборлорду түзүүнүн келечеги тууралуу сөз болду",-деп жазылган кыргыз өкмөтү тараткан билдирүүдө.
Былтыр ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Будапештке 2023-жылы февралда жана августта барган.
Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду 2021-жылы түзүлгөн жана баштапкы уставдык капиталы 50 миллион доллар болгону айтылган.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.
Шерине