8-сентябрда Стамбулда жааган катуу жаан Түркиянын эң өнүккөн бул аймагындагы туура эмес отурукташуунун жана пландоонун канчалык начар ишке ашырылганын, сел өңдүү апааттарга даярдык көрүү жумуштарынын талапка жооп бере албастыгын айгинеледи.
Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш бул апаатка адамзаты өзү күнөөлүү болгонун айтты:
- Бардыгыбыздын күнөөбүз бар. Планетабызды туура эмес пайдаланып келдик. Бул жаратылыш кырсыгы кудум кыямат кайымдын кабарчысы.
Бирок, айрым адистердин айтымында, бийлик өкүлдөрү кошумча пайда көрүү максатында ири шаарда турак-жай, ишкана куруунун мамлекеттик жана башка ченемдик нормаларында белгиленген эрежелерди бузган.
Стамбулда 26 киши, Текирда шаарында 5 киши набыт болду. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган да бул жаратылыш кырсыгында адамзаттын күнөөсү болгонун билдирди:
- Себебин түшүнүүгө болбой турган бир кырсык болду. Бул 100 жылда бир болгон трагедия. Дарыя коктуларына турак-жай салганыбыз үчүн дарыя өчүн алды.
Режеп Тайып Эрдоган жерди мыйзамсыз сатып, көбүрөк пайда табууга умтулуп, дарыя коктуларынын мамлекеттештирилүүсү пландарына каршы болгондор тууралуу да айтты. Маалым болгондой Эрдоган өкмөт башчысы болуп дайындалар алдында Стамбул шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Сел жүрөр алдында ишке бараткан жети аял эрежелерди бузуп, жумушчуларды ташыган унаанын ичинде камалып калып, набыт болгону түрк элинин нааразылыгын жаратты. Транспорттун жана аялдар иштеген ишкананын жетекчилери камакка алынды.
Сел жүргөндө ураган турак-жайлардын жана ишканалардын урандыларынан айрым кишилердин мал уурдап, талап-тоноого барышы да калктын төбө чачын тик тургузду. Буга байланыштуу 70 кишинин үстүнөн кылмыш иши козголду.