Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Т.Асыгалиев: “Түркия менен Арменияны спорт бириктирүүдө”


Армениянын лидери Серж Саркисян жана Түркиянын президенти Абдулла Гүл. 14-октябрь, 2009-ж.
Армениянын лидери Серж Саркисян жана Түркиянын президенти Абдулла Гүл. 14-октябрь, 2009-ж.

14-октябрда кечинде Түркиянын Бурса шаарында түрк жана армян президенттери Абдулла Гүл менен Серж Саркисян футболду бирге отуруп көрүштү.

Оюндун соңунда бир кылымдай убакыт касташып келген мамлекеттердин президенттери дипломатиялык алаканы түзүүдө көп ийгиликтерге жетишкени көрүнүп турганын айтышты.

Бул окуя боюнча “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макеш “Заман-Кыргызстан” гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев менен маектешти.

“Азаттык”: Табылды мырза, түндө Түркия менен Армения ортосунда Дүйнөлүк футбол чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу мелдеши өттү. Футбол менен эки мамлекеттин ортосунда жакындашуу, достук мамилени кайра калыбына келтирүү аракети да көрүлүп атат. Ушуга кандай баа бересиз?

Табылды Асыгалиев: Жакшы, албетте. Бул жерде көп жылдардан берки эки мамлекеттин ортосунда саясий байланыш абдан начар эле. Бири-бирин күнөөлөп келишкен. Мисалы, армяндар түрктөрдү “геноцид жасаган” деп айыпташууда.

Эки президенттин бири-бири менен акыры бир келишимге, бир чечимге келгени бул жакшы болду. Бул дүйнөгө да, эки өлкөгө да жакшы болду. Бул эки мамлекетти спорт бириктирип атат. Демек “Спорт - дүйнөнүн элчиси” деп бекеринен айтылбаса керек.

Дүйнөлүк коомчулук да аларга көңүл буруп, ортодо Бириккен Улуттар уюмунан бери көзөмөлдөп турушту. Жакшы чечимге келип, эки мамлекет ынтымактуу болуп, кайрадан байланыш түзүп жатканы - чоң ийгилик. Өткөн жылдан бери футбол аркылуу эки мамлекет байланыштарын бекемдеп жатат.

“Азаттык”: Табылды мырза, 2010-жылы Африкада өтө турган Дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандап алуу оюндары өтүп жатат. Мурун Европа мамлекеттеринде футбол кеңири өнүксө, кийинки учурда дүйнөнү бардык аймактарында бул оюнга болгон кызыгуу күч алды. Дүйнө чемпионатына жолдомону көп деле белгилүү болбогон өлкөлөр ала баштады. Ушул тууралуу сиздин пикириңиз.

Табылды Асыгалиев: Эми Дүйнөлүк Футбол федерациясынын дүйнө жүзүндө ушул футболду өнүктүрүү тууралуу илгертеден бери келаткан өзүнүн саясаты болчу. “Футбол - спорттун падышасы” деп жатабыз.
Эки мамлекеттин кайрадан байланыш түзүп жатканы - чоң ийгилик.


Дүйнөлүк чемпионатка мына 24 команда катышат. Ошонун бардыгы тең жалгыз гана Европадан. Мына көрдүңүздөр, 9 команда биринчи орунду ээлеп, тогуз группадан биринчи орунду ээлеген дагы төрт орун, демек 13 команда катышып жатат. Африкада оюндар өтүп жатат. Бразилияда, Латын Америкасында, Борбордук Америкада, Мексика, Гондурас ушул командалар ойношот.

Ошол жерден дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан командалар чогулуп, дүйнөдө чоң футбол фестивалын өткөрүп жатканы, менин оюмча, жакшы эле көрүнүш болсо керек. Албетте бул жерде Европа чемпионатына караганда кичине деңгээли төмөнүрөөк болуп калат. Себеби Европада көп эле күчтүүлөр бар. Негизи футболу өнүккөн Европа менен Латын Америкасы деп жатабыз.

Ал жакта төрттөн команда чыкса, Латын Америкасында 13 команда, ал эми Европада дагы күчтүү командалар калып калууда. Буйруса биринчи чемпионатты Түштүк Африкада деле көрүп атабыз. Бул чоң жеңиш. Африкалыктар үчүн да, алардын футболуна да. Мындан ары да өнүгүү болот дейбиз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

Тасмада: Түрк жана армян президенттери Бурсада

2009-жылдын 14-октябрында түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл армян кесиптеши Серж Саркисян менен кездешип, чогуу футбол мелдешин көрүштү. “Азаттыктын” кабарчысы К. Симоняндын тасмасы. Бурса ш., Түркия.

Түрк жана армян президенттери Бурсада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG