Тегерандагы демонстрация күч менен таркатылды
Ирандын мамлекеттик телеканалы дүйшөмбү күнү Тегеранда кайрадан тынчтык орногонун кабарлап жатты. Күбөлөрдүн айтышынча, көчөлөрүн мыкты жабдылган полиция күчтөрү күзөтүүдө. “Көчөлөрдө жана түрдүү аянттарда коопсуздук күчтөрүнөн көп неме жок. Алар адамдарды кылдат текшеришүүдө, машинелерди да токтотуп, текшерип жатышат. Мен Вали Аср көчөсү менен Ванак аянтын көздөй келатып, окшош кийинген агенттерди жык-жыйма көрдүм”,- дейт Тегерандын атын атабоону сураган тургуну “Фарда” радиосуна.
"Ирандын ынкылапчыл гвардиясы негизги талапкер Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлеринин нааразылык акцияларын “саботаж жана тополоң” деп атады".
Бийликтин тиргеи саналган Ынкылапчыл гвардия ар кандай жаңы нааразылык акциясы айоосуз басыларын эскерткенине карабай, дүйшөмбү күнү түштөн кийин Тегерандын ортосуна 12-июндагы президенттик шайлоо адилет өтпөдү деген миңдей адам чогулду. Алар ишемби күнү полиция жана жарым аскерлешкен “Басиж” отрядынынн тынч демонстрацияга чыккан элге ок атуусу учурунда өлгөн жаш аял Недага тилектештигин да билдирип жатышты. Күбөлөрдүн айтышынча, демонстранттарды полиция бир саатка жеткирбей уруп сабап жана көздөн жаш агызчу газ атып таркатты.
Ырасмий маалымат боюнча, ишемби күнкү жана өткөн дүйшөмбү күнкү полициянын куралсыз эл менен болгон кагылышында кеминде 17 киши өлгөн.
Дүйшөмбү күнү Ирандын ынкылапчыл Гвардиясы өз сайтына баскан билдирүүсүндө көчө жүрүштөрү дагы улантылчу болсо, коопсуздук күчтөрүнө каршы аракет деп баалана турганын эскертип, негизги талапкер Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлеринин нааразылык акцияларын “саботаж жана тополоң” деп атады.
Неда - “эркиндик үчүн жанын берген периште”
Интернеттеги Неданын өлүмү тартылган видеотасманы миллиондогон телекөрүүчүлөр да көрүштү. Неда “эркиндик үчүн жанын берген периште” деп айтылат Интернеттеги тасма жазууда. Ал эми Иран бийликтери өз добуштарын коргоо үчүн чыккан адамдарды “террорчулар” жана "калабачылар" деп каралоодо.
Негизги талапкер Мир Хусейн Мусави жекшемби күнү добуштар Ахмадиненежаддын пайдасына бурмаланганын айтып, өз тарапкерлерин нааразылык чараларын токтотпоого чакырган.
Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Хасан Кашкави дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында Батышты козголоңчуларды колдоду деп айыптады:
-Европанын көпчүлүк өлкөлөрү жана Америка адамдарды демократиялуу жолду пайдаланууга жана өз эркин мыйзамдуу жолдор менен билдирүүгө чакыргандын ордуна козголоңчулар менен оппортунисттердин таламын жакташты.
Ирандын мындай айыптосун Батыш өкмөттөрү четке кагышты. Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибенд шайлоо талашын “Иран менен башка өлкөлөрдүн араздашуусуна айлантууга” эч кандай негиз жок экенин эскертти.
Ирандын ынкылапчыл гвардиясы, басижилер жана коопсуздук күчтөрү добуштар уурдалды деп, демонстрацияга чыккан элди уруп-сабап тарката баштаганда эле Батыш өлкөлөрү Иран бийлигин жарандарга конституциялык укугун пайдаланып, өз пикирлерин эркин билдирүүсүнө мүмкүндүк берүүгө жана добуштар туура саналганына элди далилдер менен ишендирүүгө чакырган.
Британия ошондой эле өз букараларына маанилүү жүйөсүз Иранга убактылуу барбагыла деп кеңеш берди жана Тегерандан дипломаттарынын үй-бүлөлөрүн чыгарып кеткени жатат. Италия жарадар болгон демонстранттарга Тегерандагы элчиканасы ачык экенин билдирди.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Чехия уюмга мүчө өлкөлөрдү демонстрацияга чыккан элдин каны төгүлгөнгө байланыштуу Ирандын элчилерине нааразылык айтууну сурады.