Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

«Тамил жолборстору» талкаланды


Чейрек кылым ашуун Шри Ланканы тополоңго салган “Тамил жолборстору” козголоңчулары толук талкаланды. Бул жөнүндө Шри Ланканын президенти шейшемби күнү жарыялады. Өкмөттүк күчтөр менен “Тамил жолборстору” ортосундагы 26-жылдык согушта эсептөөлөр боюнча 70 миңден ашуун адамдын каны төгүлгөн.

Президент Махинда Ражапакса “Тамил жолборстору” кыймылынын согушчандары биротоло талкаланганын Шри Ланка парламентинде шейшемби күнү жарыя кылды. Бирок көпчүлүк байкоочулар козголоңчулардын майда топтору согуштун партизандык ыкмасына өтүп,
"... алар эми мурдакыдай партизандык согуш жүргүзө албайт жана кадимки террорчул группа сыяктуу аракеттенет."
Рева Бхалла, АКШлык серепчи.
алардын жанкечтилик чабуулу токтобосун айтышат.

Бул күндөрү Шри Ланканын гезиттеринин баш темасы "Тамил жолборсторунун" башчысы Велипулла Праблакарандын жок кылынуусу болду.
Рева Бхалла - глобалдык коопсуздукту изилдөөчү STRATFOR фирмасынын аналитикалык изилдөөлөр боюнча директору. Ал Шри Ланканын түндүк чыгышында эгемен Тамил мамлекетин куруу үчүн күрөшкөн козголоңчулар талкаланса да калган майда топтор согуштук операцияларын токтоторуна ишенбейт:

- Бул жарыялангандай эле жеңиш, чоң жеңиш. Бул бирок жолборстор биротоло жок кылынды дегенди билдирбейт. Менимче, алар эми мурдакыдай партизандык согуш жүргүзө албайт жана кадимки террорчул группа сыяктуу аракеттенет.

“Тамил жолборстору” кыймылынын түптөөчүсү жана башчысы Велипулла Праблакарандын жасаты табылганы ырасмий тастыкталды. Буга дейре адаватчылар көсөмү өлгөнүн танып жатышкан. Козголоңчулардын чалгындоо жана саясый кызматтарынын башчылары да жок кылынганы айтылууда.

Шри Ланка армиясы кийинки күндөрдөгү айкашта 250дөн көп согушчан жок кылынганын билдирди. Уруш аймагында, козголоңчулардын ырасташынча, 3 миңден ашуун адам өлгөн. БУУнун эсебинче, калабадан январдан бери 7 миңдей адамдын каны төгүлгөн.

Согуштан ал аймакта жашаган эл катуу жабырланды. Уруш жүргөн жерлерди январдан берки аралыкта 250 миңден ашуун таштап кеткен. Алардын 65 миңи акыркы күндөрү там жайын калтыргандар. Бозгундар 42 лагерге толуп кетти, деп маалымдады Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Женевада.

Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын тараптарды урушту токтотууга чакырганына карабай, Шри Ланканын өкмөтү козголоңчуларды таш-талкан кылууну туура көргөнүн Рева Бхалла айтат:

- Шри Ланка бул чабуулдан пайдаланып, жолборсторду биротоло жок кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбады. Алар европалыктардын, америкалыктардын жана башкалардын нааразылыгына карабай калк арасындагы жоготууларга даяр эле. Эми алар зыянды контролдой алышат жана өлкө жардамга сүйүнөт. Жардам четэлдиктердин таасири үчүн күрөшкө айланат. Кытай, Америка, Индия, деги баары биринчи болууну каалашат.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн жыйында Шри Ланка гуманитардык кырдаал тез кийлигишүүнү талап кылат деп табышты.

Шри Ланканын президенти Махинда Ражапакса парламенттеги сөзүндө өлкө эң коркунучтуу террорчулардан тазаланганын айтып, бирок жарандарды жеңишти тамил азчылыгынын жеңилиши деп түшүнбөөгө чакырды.

Ырасында эле, Велипулла Праблакаран 1976-жылы негиздеген “Тамилдик жолборстор” дүйнөдөгү жанын өлүмгө бекем байлаган жана согуштук жактан мыкты уюшкан кыймыл деп эсептелчү.

XS
SM
MD
LG