Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:50

Тбилисиде ишембидеги акцияда алты киши кармалды


Тбилисиде 18-январда өткөн акциянын айрым катышуучулары миллиардер Бидзина Иванишвилинин сүрөттөрү менен беттерин жаап жүрүштү.
Тбилисиде 18-январда өткөн акциянын айрым катышуучулары миллиардер Бидзина Иванишвилинин сүрөттөрү менен беттерин жаап жүрүштү.

Грузиянын борбору Тбилисиде европачыл кыймылдардын 18-январдагы нааразылык акцияларында кеминде алты киши кармалды.

"Азаттыктын" грузин кызматы жазгандай, бул күнү ондогон демонстранттар шаардын борбордук бөлүгүндө жүрүшкө чыгышты.

Митингчилердин көбү беткап тагынып жүрүштү. Айрымдары бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвилинин сүрөттөрү менен беттерин жаап алышты.

"Кавказ жаңырыгы" басылмасы жазгандай, күч органдары бул күнү жүрүшкө чыккан жана жүзүн жашырган демонстранттарды Тбилисинин "Темка" районундагы полиция бөлүмүнүн жанында кармаган.

13-декабрда Грузиянын парламенти митинг маалында адамдын жүзүн жашырууга жана салюттарды же лазерлерди колдонууга тыюу салган мыйзамды жактырган болчу.

Грузияда "Грузин кыялы" жетектеген өкмөткө жана полицияга каршы митингдер октябрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон бери токтобой жатат. Иванишвили башында турган партия шайлоону жеңгенин жарыялаганы менен эл аралык байкоочулар добуш берүү маалында олуттуу мыйзам бузуулар катталганын, шайлоо коркутуп-үркүтүү менен коштолгонун билдирген. Грузиянын оппозициялык партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Нааразылык акциялары бийликтин Грузиянын Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн кийинкиге жылдыруу чечиминен кийин ого бетер күчөгөн.

Соңку бир канча ай ичинде Грузиядагы нааразылык акциялары маалында жүздөгөн адам кармалды. Активисттер бийлик адамдын жүзүн таануучу камералар аркылуу митингдердин катышуучуларын жоопко тартып жатканын айтып келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG