Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Алматыда активистти колдоп, пикетке чыккан журналист кармалды


Журналист Рус Бикетов Алматыда пикетке чыккан кезде кармалды, 19-январь 2025-жыл.
Журналист Рус Бикетов Алматыда пикетке чыккан кезде кармалды, 19-январь 2025-жыл.

19-январда Алматы шаарында эки айга камалган активист Темирлан Енсебекти колдоп, жалгыз пикетке чыккан журналист Рус Бикетов 15 суткага камалды. Ага “тынч митинг өткөрүү тартибин бузду” деген айып тагылган.

The Village сайтынын маалыматы боюнча, сот отуруму жекшемби күнү кечинде онлайн режимде өтүп, болгону беш мүнөткө созулган.

Жекшемби күнү түш ченде Рус Бикетовду полиция Казак улуттук опера жана балет театрынын жанында пикетке чыккан жеринен кармап кеткенин Bes.media сайты жазды.

“Бизде жалган демократия. Бизде мыйзам иштебейт. Адамдарды азил-тамаша үчүн камап коюшат. Мен Темирланды колдоп пикетке чыктым. Темирланга эркиндик! Казакстанга эркиндик”, - деп билдирген Рус Бикетов пикет учурунда.

18-январда Алматы соту Инстаграмдагы Qaznews24 сатиралык барагынын автору Темирлан Енсебекти эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага “социалдык тармактарда этностор аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүүлөр 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Казакстандагы активисттер Енсебектин камалышына анын орусиялык алып баруучу Тина Канделаки тууралуу былтыр жарыяланган сатиралык посттору жана тамашалары себеп болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Расмий органдар Енсебекти кармоого негиз берген жагдайларды түшүндүрө элек.

18-январда Алматыда активисттин тарапташтары шаардык полиция башкармалыгынын алдына чогулуп, Темирлан Енсебекти бошотууну талап кылышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG