Жекшембиде Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууну жана туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу үч сааттык кечигүүдөн кийин күчүнө кирди.
АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен дээрлик бир жылдан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген бул келишим 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:30да башталышы керек эле.
Бирок кечигүүгө Кошмо Штаттар менен Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун жекшемби күнү барымтадан бошотула турган үч туткундун аты-жөнүн убагында бербегени себеп болду.
Израил ХАМАСты келишимдин шарттарын убагында аткарган жок деп айыптап, жекшемби күнү эртең менен Газанын аймактарына сокку урганы, андан бир нече адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды.
ХАМАС тобу үч израилдик туткундун ысымын саат 11:15терде гана Израил тарапка берип, расмий Тель-Авив ок атышпоо келишими күчүнө киргенин кырастады. Хамасчылар Телеграмга жарыялаган тизмеге ылайык, жекшемби күнү кечке маал радикал топтун барымтасындагы үч аял - Дорон Штайнбрехер, Эмили Дамари жана Роми Гонен - бошотулат.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Буга жооп катары Израил Газадагы чабуулдарын баштаган. Андан бери Газада 47 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси билдирүүдө. Газада согуш башталгандан бери ХАМАСтын барымдасындагы адамдардын бир бөлүгү бошотулган. Израил бийлиги учурда Газада 90дон ашуун туткун болушу керектигин, бирок алардын бир бөлүгү каза болгонун билдирүүдө.
Израил менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин сүйлөшүүлөргө арачылык кылган АКШ менен Катардын бийлиги 15-январда жарыялаган. Ага ылайык, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Бир канча аптага созула турган макулдашуунун алкагында Газада ок атышуу токтоп, ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундар бошотулушу керек.
Шерине