Май айында эле президент Медведев өкмөттүн кризиске каршы чараларын эки ирет сындаган эле. Анүчүн Медведев бюджеттин негизги багыттары боюнча жасаган кайрылуусунда премьер-министр Путинди же министрлер кабинетин сындайт деген божомолдор айтылып жаткан. Бирок, Дмитрий Медведев дүйнөлүк экономикалык кризис Россияга олуттуу зыян келтиргенине токтолуп, өкмөткө түз сын айтпады:
-Тилекке каршы, 2009-жылы ички дүң жыйым биз болжонгондон көпкө кыскарат деп күтүүдөбүз. Глобалдык кризистин кесепетинен өкмөт кирешесинин кескин азайуусу бизди үстүбүздөгү жылдын бюджетин оңдоого мажбурлады.
Медведев кризис экономиканын кайсы тармагын чөгөлөткөнүн айткан жок. Бирок, Экономикалык өнүгүү министрлиги быйыл ички дүң жыйым 8 процентке кыскарат деп боолгоодо. Жылдын алгачкы үч айында Россиянын экономикасы өткөн жылга салыштырмалуу 9, 5 процентке төмөндөгөн.Мамстаткомдун соңку маалыматы боюнча, май айында жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу элдин 10, 2 процентин түзгөн. Бул 8 миллионго жакын россиялык жумушсуз экенин билдирет. Азыр февралдагыга караганда жумушсуздардын саны дээрлик 2 процентке жогору. Россияда азык түлүктүн баасы да көкөлөп, орточо 5, 8 процентке өскөн. Ал эми Евробиримдик өлкөлөрүндө тамак-аш азыктарынын наркы 0, 6 процентке гана кымбаттаган.
Президент Медведевдин бюджетти өкмөткө келип окуп берүүсү салтта жок окуя болду. Путин президенттик кылган сегиз жылда бюджеттик кайрылууну финансы министрлиги даярдап, аны менен Мамдуманын мүчөлөрү кат жүзүндө таанышчу. Быйыл биринчи жолу бюджеттик кайрылуунун долбоорун президенттин экономикалык кеңешчиси Аркадий Дворкович даярдап, аны президент өзү элге алып чыкты.
Долбоордо экономиканы өнүктүрүү боюнча Дворкович менен финансы министри Алексей Кудриндин ортосундагы эки башка көз карашты да камтыды. Медведевдин жардамчысы элдин керектөөсүн жандандыруу жана өндүрүштү жаңы технологияны чыгарууга түртүү үчүн өкмөттүк колдоолорду көбөйтүү зарыл деген ишенимде.
Кудрин мунай кымбат жылдары топтолгон акча тез азайып баратканын айтып, кирешеге жараша чыгымдоо зарыл дейт. Россиянын өкмөттүк корунда акыркы бир айда 17 миллиард долларга азайып, 1-майга карата 115 миллиард долларды түзгөн. Кордогу акча ушинтип азая берсе, Кудриндин эсебинче, 2011-жылга фонддо сары чака калбайт. Ага карбай, Медеведев өкмөт социалдык чыгымдарды кыскартпайт деди:
-Ошол эле убакта казынага топтолгон акча биздин социалдык милдеттенмелерибизди аткарууга жана чоң суммадагы акчаны анти-кризистик чараларга жумшоого мүмкүндүк берет.
Медведев айткандай болсо быйыл бюджеттин дефицити 7 процентке чыгат.
-Тилекке каршы, 2009-жылы ички дүң жыйым биз болжонгондон көпкө кыскарат деп күтүүдөбүз. Глобалдык кризистин кесепетинен өкмөт кирешесинин кескин азайуусу бизди үстүбүздөгү жылдын бюджетин оңдоого мажбурлады.
Медведев кризис экономиканын кайсы тармагын чөгөлөткөнүн айткан жок. Бирок, Экономикалык өнүгүү министрлиги быйыл ички дүң жыйым 8 процентке кыскарат деп боолгоодо. Жылдын алгачкы үч айында Россиянын экономикасы өткөн жылга салыштырмалуу 9, 5 процентке төмөндөгөн.
Россиянын өкмөттүк корунда акыркы бир айда 17 миллиард долларга азайып, 1-майга карата 115 миллиард долларды түзгөн. Кордогу акча ушинтип азая берсе, Кудриндин эсебинче, 2011-жылга фонддо сары чака калбайт.