- Темир мырза, ЕККУнун куралсыз полицейлерин Кыргызстанга киргизүү коллегиалдуу чечилген деп билдирген элеңиздер. Азыр кайра аларды киргизүүнүн зарылдыгы жок деп айттыңыз. Ага эмне себеп?
Т.Сариев: Июнь айында Ош окуясы башталып, түштүктө өтө курч кырдаал түзүлүп калганда чын эле биринчиден ЖККУга кайрылганбыз.Андан кийин ЕККУнун полицейлери боюнча да чечим кабыл алганбыз. ЕККУнун кеңеш берүүчү полицейлери Кыргызстанга кыска мөөнөткө куралсыз келип, кеңешчи катары жардам берсе болот деп жыйында каралып, чечим кабыл алынган. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү.
Бирок ЕККУнун аскерлери, тилекке каршы, келген жок. Анан ошол эле убакта бул чечимге эл, өзгөчө түштүк аймактын эли катуу каршы болуп жатышат. Биз кабыл алынган чечимге каршы чыгып жаткан элдин талабын эске албасак болбойт. Ошон үчүн мен жакында маалымат жыйынында “эгерде биз кабыл алган чечим боюнча полицейлер ушул убакка чейин киргизилбей жаткандан кийин жана эл менен ар кандай саясий күчтөр каршы болуп аткандан кийин маселени эки тараптуу карап көрүү керек” деп айттым.
Ошон үчүн мен, биринчиден, эл менен дагы бир жолу сүйлөшүп, аларга түшүндүрүп бергенден кийин эл түшүнүп кабыл алса полицейлердин кирүүсүнө макул болуш керек. Эгер эл каршы болсо мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу керек деп жатам. Бирок түштүктө кырдаал бир топ туруктуу болуп калды. Ошон үчүн ЕККУнун полиция аскерлеринин киришинин кажети жок деген ойдо турам.
- Айрым укук коргоочулар сиздердин билдирүүлөрдү парламенттик шайлоо алдында саясий партия лидерлерин шайлоочулардын добушун алуу үчүн гана жасап жаткан аракеттери менен амалдары деп баалап жатышат. Буга кандай жооп бересиз?
Т.Сариев: Саясатчы дайыма элдин көңүлүн байкап турушу керек. Биз элге каршы чыга албайбыз. Эгер элдин көпчүлүгү каршы болуп атса биз кантип ага бара алабыз? Бул маселени чечүүнүн башка да жолдору бар. Биз мынакей акыркы убакта аскер кызматкерлеринин санын көбөйттүк. Армияга бир топ күч кошулду. Ички аскердин саны да көбөйтүлдү. Милициянын саны да, айлыгы да көбөйтүлдү. Бүгүн милиция жакшы иштей баштады. Жакында эле Бишкекте 5-августта бир топ адамдар чыккан кезде милиция өз милдетин өтө жакшы уюшкандыкта аткарды.
Түштүктө да тартип коргоо органдарында жакшы иштеген кадрлар тандалып, абал турукташып калды. Алар эл менен иштегенге көнүп калды.
Ооба, май, июнь айыларында милиция деморализация болуп, эл менен иштей албай калышкан болчу. Азыр болсо кайра күчүнө кирип, бейкуттукту, мыйзамдуулук менен тартипти сактоо үчүн катуу иштеп жатышат. Биз муну да эске алышыбыз керек.
- Эгер ЕККУнун полицейлерин киргизбөө чечими кабыл алына турган болсо Кыргызстан менен эл аралык уюмдардын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейби?
Т.Сариев: Эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Биз эч кандай милдеттенмелерди бузган жокпуз. Алар киребиз дегенде, бизге жардам беребиз дегенде биз макул дедик. Андан бери убакыт өтүп кетти. Эгер келбесе биз эч кимге карыз эмеспиз. Түштүктөгү кагылыш азыр басылды. Албетте ар кандай кооптонуулар бар. Бирок биздин органдар, жергиликтүү бийликтер, милиция, депутаттар жана атайын кызматтар иштесин.
- Президент Роза Отунбаева түштүктөгү сапары учурунда жана Коопсуздук кеңештин жыйынында Кыргызстанга тыш жактан кандайдыр бир күчтөр кириши мүмкүн деген кооптонууну билдирди. Эгер ЕККУнун полицейлери келе турган болсо ошондой күчтөргө каршы тура турган калканч катары кызмат кылат деген ойлор да бар. Бул жөнүндө пикириңиз кандай?
Т.Сариев: Ал туура эмес ой. ЕККУнун колунда куралы жок полицейлери үч айга гана келмек. Алар биздин милиционерлер менен чогуу күзөткө чыгып, аларга өздөрүнүн эл аралык тажрыйбасын үйрөтүшмөк. Биз ошон үчүн макул болгонбуз. Анткени улут аралык кагылыш көп жерлерде болгон жана аны токтотуунун, жеңилдетип тыюу жолдору бар. Полицейлер ошону биздин адистерге үйрөтөбүз дешкен болчу. Азыр эми кагылыш тыйылды. Демек алардын кызматынын зарылдыгы жок болуп калды. Ал эми сырттан келген күчтөргө алардын эч кандай тиешеси жок. Алардын колунда куралы жок болгондон кийин кантип күрөшмөк эле? Андай күчтөргө каршы күрөшүү биздин аскерлердин милдети.
- Ал эми Кыргызстандын өзбек тектүү жарандары ЕККУнун полицейлери кирсин деген ниетте болуп турушат. Бул өз кезегинде дагы бир карама-каршылыкты күчөтпөйбү?
Т.Сариев: Өзбек тегиндеги адамдар биздин милицияга бир жактуу мамиле жасап жатат деп ишенбестикти көрсөтүп жатат. Бул проблема бар. Бирок бул көйгөйдү чечүү үчүн тартип коргоо органдары, укук коргоо жана коомдук уюмдар иштеп жатышат. Алар ар бир факт боюнча тартип коргоо органдарына маалымат берип жатышат. Мамлекеттин негизги саясаты - Кыргызстанда жашап жаткан бардык жарандарды тегине карабай бир гана кыргызстандык деп аталып, баарынын укугун мыйзам чегинде бирдей коргоо.