Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Бакыт Бешимов: Бул бийлик кол салгандан да кайра тартпайт


“Асман пресс” гезитинин 24-санында БЭКтин президенттикке бирдиктүү талапкери А.Атамбаев Ала-Бука районунда эл менен мас абалында жолукту деген макала чыкты. Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Бакыт Бешимов А. Атамбаев Ала-Букада болгон эместигин белгилеп, гезит маалыматын төгүндөп чыкты.

- Президенттикке БЭК тарабынан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүт иштеринде жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар, бут тосуулар болуп атат деген маалыматтар чыгып атат. Ушунун себептерине токтоло кетсеңиз?

- Ошондой фактылар ар бир жолугушууда көп. Мисалы, Токтогулда жолугушууну баштап атканда ошол жерде өткөртпөйбүз деп бүт аракетти жасады. Бирок элдин басымы аябай күчтүү болду. Ошон үчүн тоскоолдукка карабастан ал жерде өттү. Кара-Сууда болсо милиция менен элди коркутуп-үркүтүп, жолугушуу болбосун деди. Бирок эл жолугушууга келгенде залда электр жарыгын өчүрүп, ыңгайсыз абалды түзгөнгө аракеттенди. Ошондой эле Ошто, Өзгөндө, Ноокатта болду. Биздин талапкерге кыйынчылык жараткан бүт баардык аракет бийлик жагынан жасалып атат.

- Бакыт мырза, “Асман пресс” гезитинин 24-санында А.Атамбаев алабукалыктар менен мас абалында жолукту деген макала чыкты. Ушунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз, чынында эле президентикке талапкер Атамбаев шайлоо алдында ушундай ишке барып койдубу деген бүдөмүк суроо туулат?

- Бир эле фактыга биз кайрылалы, Алмазбек Атамбаев Жалал-Абат облусунан өзүнүн жолугушуусун баштады. Токтогулдун Арал айылында, анан Токтогул шаарчасында болду. Андан кийин Топ-Жаңгак деген Аксыда болду, анан кийин Акман, анан кийин Жалал-Абат шаарында болду. Ала-Букага Алмазбек Атамбаев барган жок. Ушундан эле жыйынтык чыгара берсеңер болот. Маалымат бизге мындан бир жума мурун түшкөн, “Асман пресс”, башка гезиттер аркылуу бүт биздин бирдиктүү талапкерди жана аны колдогон белгилүү инсандар жөнүндө аябай ыплас жолу менен даярдалган материалдарды гезит бетине чыгарып, анан теле аркалуу көрсөтүп атышат. Иши кылып булардын жолу ошондой, каралап, жамандап, уталы деген ою бар.

- Мына азыр бийлик тарабынан кимдир бирөөлөр туура эмес макала жазып салды деп гезиттерди сотко берип, жаптырып атпайбы. Ал эми сиздер Алмазбек Атамбаев тууралуу каралап жазылган макалалар боюнча ушул басылмаларды сотко бересиңерби?

- Биздин юристтер “Асман пресстен” чыккан материалды азыр карап туруп, ошондой аракеттерди биз жасайбыз. Бирок билесизби, биз сот системасына ишенбейбиз, алар азыркы бийликке көз каранды. Анан канчалык ыплас, пас деңгээлде даярдалган макала чыкса дагы эл ага баары бир ишенбейт, тескерисинче болот. Биз ошону дагы эске алсак туура болот дейм.

- Жусупжан Жээнбековдун Жогорку Кеңештен мандатын тапшырып, анан СДПКнын катарынан чыкканы - БЭКте бирдиктүү талапкердин айланасында ынтымактын кеткени деген сөздөр коомчулукта айтылып атат. Ушунун канчалык чындыгы бар?

- Жок, ал бизге анчалык деген таасир этпейт. Анткени Жусупжан Жээнбеков саясатта катуу деле катышкан жок. Тилекке каршы, анын уулу азыркыга чейин дайынсыз болуп атат, ошондуктан издөө аракеттеринде болуп атат. Саясатка аралашкан эмес, саясатта ал кишинин азыркы учурда эч ролу деле жок. Ошондуктан эч кандай таасир этпейт. Өкүнүчтүү ошондой жарыя жасаганы, саясатта болот экен ошондой.

- Алмазбек Атамбаев Оштогу бир жолугушуусунда өмүрүнө коркунуч туулуп атканын айтты. Ушул тууралуу кыскача токтоло кетсеңиз. Чынында ушундай коркутуулар барбы?

- Албетте, азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшкөн адамдардын, жалпы үй-бүлөлүк бийликти оодарып түшөйүн деген саясатчылардын өмүрү коркунучта. Аны биз билебиз. Өткөндо премьер-министр кезинде ууланган, ошондон улам Түркияда атайын операция жасалды. Анан Дооронбек Садырбаевге айкел ачып атканда дагы анын туугандары ачык эле айткан, Түпкө барып ошол жактагы окуяга катышкандан кийин абалы өтө оорлошуп, анан ушундай болуп кетти деп. Иши кылып бул бийлик, көрүп турасыз, өздөрүнүн оппоненттеринин өмүрүнө кол салгандан баш тартпайт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG