Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Ч.Айтматовдун жарыяланбаган романы же маңкурттуктун чоо-жайы


Ч.Айтматов чыгармачылыгын аңгеме жазуудан баштап, андан повесть, романдарга өткөн. Жазуучунун адабий камылгасы чакталуу чагында роман жазып салганы буга чейин эскерилген эмес.

Адабиятчы Садык Алахан Чыңгыз Айтматов окуган Моквадагы Адабият институтутун архивин аңтарып, андагы жазуучунун өздүк ишин барактап чыккан. Ошол өзүмдүк документтен табылган жаңылыкты адабиятчы момундайча түшүндүрөт:

- Көп маалыматтар бар. Анда арызы бар. Ошол арызында жазат: “Мен ушул адабият багытындагы билимимди дагы да тереңдетким, дагы да өстүргүм келет”. Бул сүйлөм, көрбөйсүзбү, арыздын эч бир шаблонуна жатпай турган сүйлөм. Бул мурдагы зоотехниктин адабиятка, ага аралашууга, аны өздөштүрүүгө болгон аракетинин ушунчалык чоң болгонун билдирип турат. Дагы бир маалымат бар. “Менин жакында Жазуучулар союзунда айылдык мугалимдер жөнүндө “Сабак жүрүп жатат” деген романымдын айрым бөлүмдөрү талкуудан өттү”, деген сүйлөм бар. “Сабак жүрүп жатат” деген романым деп атат. Көрдүңүзбү, 1956-жылы эле “Биринчи мугалимдин” кандайдыр бир варианттары жазылган. Болгондо да роман жанрында.

Адабиятка жаңыдан башбактап жаткан үйрөнчүк калемгердин ал романынын “айрым бөлүмдөрүнүн” сакталып калган-калбаганы жөнүндө так маалымат азырынча жок. Ким билет, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кадалып изилдегендердин бири үйрөнчүк калемгердин алеп-жалеп болуп отуруп жазган кол жазмасын таап алышы деле ыктымал. Садык Алахандын ырасташынча:

- Ошол “Сабак жүрүп жататтын” кол жазмасы табылса, архивде мүмкүн калып калгандыр. Себеби Жазуучулар союзу талкуулады деп жатпайбы. Ошону салыштырып изилдегенде адабиятчылар үчүн эң сонун болот эле. Жазуучунун көркөм эволюциясынын өнүгүшүн талдап бериш үчүн сонун факт болор эле.

Алгачкы аңгеме, үйрөнчү калемден чыккан “Сабак жүрүп жатат” артынан Ч.Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан айтылуу “Тоолор жана талааларга” кийин болсо ар биринин чыгышы чоң көркөм-адабий окуяга айланган “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар күн”, “Кыямат”, “Кассандра эн-тамгасы”, “Тоолор ураганда” сындуу повесть, романдар менен толукталды.

Ушуга улай Ч.Айтматов адабиятка эмне алып келди, анын көркөм дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү кандай, деген жөнөкөй суроо чыгат. Адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун айтуусунда, бу жарыкчылыкта жазуучулуктун арты менен атын чыгарып, материалдык туйтунууга жетишкен калемгерлер көп эле. Алардын арасында Ч.Айтматовдун орду башка.

- Адамдын түпкү задисин, адамдын адамдык турпатын, анын инсанияттык деңгээлин өйдө көтөрүүгө күч жумшап, ушуга болгон аракетин үрөгөн аз эле жазуучулар бар. Ошолордун арасында албетте, Чыңгыз Айтматов бар. Бул биринчиси. Экинчиси, Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка киргизген ачылыштары, кошкон салымы жөнүндө айтканда бир нерсени дайыма эске алышыбыз керек. Ч.Айтматов дүйнөгө Борбордук Азия деген субконтиненттин, баш-аягы 100 миллионго жакын эл жашаган, бул жагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, тиги жагы Түркия, Ооганстан жана башкалар. Ушулардын байыркы замандан келаткан тарыхы бар. Цивилизацияга тийгизген чоң салымдары бар. Ушул элдин мурунку жана кийинки, айрыкча Совет доорундагы өтө чоң тагдыры, зор турмушу, алардын ички турмушу, адамдык касиеттери, маданий өзгөчөлүктөрүн дүйнөгө терең ачып берген жазуучу экенин эске алышыбыз керек.

Бүтүндөй субконтиненттин гуманисттик портретин ачып бериш, О.Ибраимовдун пикиринде, дүйнөлүк адабиятта сейрек жаралчу көрүнүш. Андан да ушу тапта жаамы дүйнөлүк көркөм туюнтмага айланып кеткен тарыхый эстутум, маңкуртчулук жазуучунун мурунку чыгармаларында, атап айтканда, коммунисттик идеяны элет жерине жеткирүүгө далбас кылган биринчи мугалимдин кийинки муун тарабынан унутта калтырылышынан эле көрүнүп калган. Андай унутулуп калуу жалгыз эле Дүйшөндүн бешенесине жазылып калбаганын, маңкуртчулуктун тамыры чартактап, тереңге тарап кеткенин жазуучу кийинки чыгармаларында такай эскертип келди. Анысын Ч.Айтматовдун соңку романынан да баамдайбыз.

- Акырында ошол адам кыйын кырдаалда каза болуп калганын жана ошондо каза болгондо ошол кишинин өлүмүн да жөн көмө албай кыйынчылыкка туш болушканын чыгармасында жазып калтырган. Мен азыр ойлойм, Ч.Айтматовдун чынында пайгамбарчылык касиети бар эле. Кудая тообо, өз колу, өз калеми менен өзүнүн портретин жазып кетип атпайбы. Ошондон 4-5 ай өтпөй эле өзү тиги дүйнөгө сала берди. Бул да Ч.Айтматовдун бизге калтырган чоң табышмагы болуп калды,- дейт Осмонакун Ибраимов.

Адабиятчы Калык Ибраимовдун айтуусунда, Ч.Айтматов каймана туюнтууга, мифчыгармачылыгына биралдын көркөм зарылдыктан кайрылса, экинчи жагынан коммунисттик цензура, идеологиялык-саясий кысымдан чыгуунун бир аргасына айланткан.

- Себеби ал убакта көп нерселерди түз айтууга мүмкүн эмес эле. Ошондуктан жанагында мифологиялык образдарды, мифологиялык сюжеттерди пайдаланып, притча түрүндө, тамсил түрүндө чыгармаларына көп маани берген. Ч.Айтматовдун чыгармаларында катмар-катмар маани бар. Жалаңкат маани болбойт. Беш-алты кабат маанилери болот. Подтексттери болот. Аны түшүнгөндөр ал кезде түшүнүп атышкан. Көп эле адабиятчылар түшүнүп, чечмелеп, мисалы, Георгий Гачев деген деген жакшы адабиятчы бар эле а кишинин да көзү өтүп кетиптир. Ошолор мисалы үчүн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жакшы ачып беришти.

Ал эми маңкуртчулуктун шириси Ч.Айтматовго чейин эле баланы кармап алып, башына шири кийгизүүгө келген душмандардын ниетин баяндаган айтылуу “Манас” эпосунда, андан да кенен сыпаттамасы казак жазуучусу Абиш Кекилбаевдин “Күү” повестинде баяндалган.

- Шири кийгизүүнүн ыкмалары да сүрөттөлгөн. Бирок бул легенданын, уламыштын өзүн эле жазып койгон. Бул бир өткөн көчмөн заманда баягы уруулар чабышып, бирин-бири талап-тоноп турган кезде түркмөндөрдүн бир уруусу менен казактын бир уруусу жоолашып турганда бир казак жигит түркмөндөргө колго түшүп калат. Ошого чачын кырып, төөнүн бучкак терисинен шири кийгизишет. Ошону сүрөттөп жазган. Шири эс-учунан ажыратып, маңкурт кылып таштайт. Менимче, Ч.Айтматов ошол чыгарма менен тааныш, андан таасир алган болуш керек. Бирок ал чыгармада Ч.Айтматовдукундай байыркы менен азыркыны, келечекти байланыштырган андай чоң контекст жок. Андай чоң, терең маанилер жок. Ал уламыштын өзүн гана, болгонун болгондой, психологиялык жаткан тереңдетип жазып койгон,- дейт Калык Ибраимов.

Ч.Айтматовдун алдагыдай көркөм ачылыштарын анын чыгармачылыгын терең изилдеген адабиятчы Георгий Гачев “космопсихология” деп атаган. Калык Ибраимов адабий илимге алынып кеткен ал түшүнүктү мындайча чечмелейт:

- “Космос” – жаратылыш, аалам. Ааламдын баарын жазды, Жаратылыштын баарын жазды. Айбанаттардын баарын жазды. “Психо” деген бул адамдын ички дүйнөсү. Адамдын жан дүйнөсүн, эмоциясын бул киши укмуштай жазды. Кармалбаган, анча-мынча адам сезбеген сезим-туюмдарын жазды. Окуп атып өзүң таң каласың. А “логос” – акыл, өзүнүн философиясы бар. Өзүнүн мифологиясын, мифологиялык дүйнөсүн түздү.

Ал дүйнөнү кайрадан ачып чыгуу, жазуучунун миллиондогон окурмандарына чечмелеп берүү мындан ары деле улана берчү иш. Мезгил арылап, убакыт колдон суурулган сайын улуттун улуулугу менен бийиктигин көркөм сөздү кастарлагандардын арасында кашкайта ачып берген жазуучунун чыгармаларынын ачылбай келген сырлары айкындала бермекчи.

XS
SM
MD
LG