Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Ахмадинежад дагы төрт телеэрөөлдө атаандашына «ор казат»


Президенттикке талапкер Мир Хусейн Мусавинин талапкерлери 3-июндагы телеэрөөлдөн кийин. Тегеран.
Президенттикке талапкер Мир Хусейн Мусавинин талапкерлери 3-июндагы телеэрөөлдөн кийин. Тегеран.

Иран президентигине негизги талапкерлердин шаршемби күнү телеэрөөлү өтө курч өттү. Президент Махмуд Ахмадинежад мурдакы премьер-министр Мир Хусейн Мусавинин керт башына асылса, Мусави Ахмединежадды Иранды эларалык коомчулуктан бөлүп, өлкөдө диктатордук бийлик курууда деп күнөөлөдү.

Экинчи мөөнөт бийликте калууга тырышкан президент Ахмединежад телеэрөөлдө адатынча доомат сөздү мол төктү. Реформачыл Мусавинин керт башына асылгандан тышкары анын аялын жана тарапкерлерин да жер-жеберине жеткирип сындады. Мурдакы президенттер Акбар Хашеми Рафсанжани менен Мохаммад Хатамини Мусави менен чогуу азыркы өкмөттү төңкөрүү үчүн төрт жылдан бери жан-алы калбай аракеттенишүүдө, деп күнөөлөдү Ахмединежад шаршемби күнкү телетаймашта:

Президент-талапкер Махмуд Ахмадинежад жана анын атаандашы Мир Хусейн Мусави өкмөттүк телеканладагы телетаймаш башталар алдында. 3-июнь.
-Мусави мырзадан башка да атаандашым бар экенине ишенем. Мусави мырза жалгыз эмес. Мурдакы үч өкмөт тең мага каршы чыгууда. Мусави мырза, Хашеми(Рафсанжани) мырза жана Хатами мырза. Бул үчөө
IПрезидент Ахмединежадды экинчи мөөнөткө шайлоого дилгир аял.
чогуу иштешти. Мурда Мусави мырза Хатами мырза менен Хашеми мырзаны коргогон. Хатами мырза болсо Хашеми мырзаны колдогон. Алар дайыма чогуу болушту. Азыркы өкмөт түзүлгөн биринчи күндөн тартып, бизге зыян келтирүү үчүн чабуул жасалды.

Ахмединежад Мусавинин аялы Зехра Ранвардды атын атабай туруп, өкмөттүк кызматта иштеп жатып, эки университти окуп бүткөнү шектүү деди. Ал эми өзүнөн мурдакы президент Хатаминин илимдин докторлугун кандай жактагынан күмөнү бар экенин билдирди.

Экс-президент Рафсанжанини жана анын бала-чакаларынын казынага кол салып, жемсөөлүк кылууда деп айыптады. Буга чыдабаган Мусави телеэрөөл президент Ахмадинежадга адамдарды жаман атты кылуусу үчүн берилип жатпаганын эскертти. Мусави Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жөөттөрдү кырууну Ахмадинежаддын “жалган кеп” деп атаганын сындады. Өлкө президентинин бул сөзү жана Израилди дүйнөнүн саясый картасынан жок кылууга чакыруусу, Мусавинин сөзүнчө, Ирандын эларалык коомчулук алдындагы аброюн кетирген. Ахмединежад тушунда Иран көп өлкөлөр менен араздашканын да Мусави телекөрөмандардын эсине салды:

Мир Хусейн Мусавинин колдоочусу
-Ырас, тышкы байланышка токтосок, биздин өлкөнүн кадыр-баркы түштү. Биз өлкөнү уят кылдык, бул бизге зыян болду. Өлкө ичинде да проблемалар пайда болду. Биз башка өлкөлөр менен да тынбай араздашып жатабыз.

Мусави ошондой эле Ахмадинежад 2005-жылы президент шайлангандан тарта диктаторлук режимди түптөй баштады деп күнөөлөп, өзү жагдайды өгөртүү үчүн президенттик шайлоого бел байланып чыкканын айтты.

Шейшемби күнү телетаймашка чыккан талапкерлер Мехди Каруби жана Мохсен Рузи көбүн эсе экономикага жана элдин турмуш шартын жакшыртуу маселесине токтолушкан эле.

Ахмадинежад менен Мусави-президенттикке талапкер катары дагы төрт жолу телеэрөөлгө чыгышат.

XS
SM
MD
LG