Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

Батыш президент Ахмадинежадды жеңиши менен куттуктай элек


Басижи күчтөрү Тегеран университетинин аймагын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлеринен тазаламак болууда. 14-июнь.
Басижи күчтөрү Тегеран университетинин аймагын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлеринен тазаламак болууда. 14-июнь.

Президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайлануусуна эларалык коомчулук өз мамилесин билдирүүдө өтө этияттыгын көрсөтүүдө. Ал эми Иран оппозициясы добуш берүүлөр орой бурмаланды дешип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөшүүдө. Анткен менен, бир катар өлкөлөр Ахмадинежадды жеңиши менен куттукташты.

Махмуд Ахмадинежаддын экинчи мөөнөткө президент шайлануусун эларалык коомчулук тегиз кабыл алган жок. “Кошмо Штаттар Ирандагы шайлоого баа берүүнү токтото турат. Биз шайлоонун жыйынтыгы Иран элинин чыныгы эркин жана каалоосун чагылдырат

деген үмүттөбүз,” деп билдирди Мамкатчысы Хиллари Клинтон ишемби күнү шайлоонун жыйынтыгы жарыяланар замат.

Соңку күндөрү смс-маалыматтарды тосуу, телестанцияларды өчүрүү жана демонстрацияларга уруксат бербөө -таң каларлык окуя болду."
Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд

АКШнын вице-президенти Жо Байден жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, Вашингтон шайлоонун жыйынтыгына макул, бирок өнөктүк калыс өттүбү-“биле албайбыз” деди:

-Менин күмөнүм бар. Жараянды толук карап чыккан соң өз мамилебизди билдиребиз. Ага дейре комментарий жасабайбыз.


Бирок, Байден шайлоонун талашы жөндөлгөн соң Вашингтон Тегеран менен ачык сүйлөшүүгө кызыкдар экенине ишаара кылды. Обаманын администрациясы сүйлөшүүдө Иранды өзөктүк прогораммасынан баш тарттырып, Жакынкы Чыгыштагы ХАМАС жана Хизбулла сыяктуу террорчул уюмдарды колдоосун токтотууга жардамдашат деген үмүттө.

Евробиримдик болсо шайлоо учурунда болду деген “мыйзам бузуулар” менен шайлоодон кийинки тополоңдорго тынчсыздануу менен шайлоо Ирандын ядролук программасы боюнча жаңы сүйлөшүүгө жол ачат деген тилегин билдирди. Ал эми Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солана дүйшөмбү күнү Тегерандагы жана башка шаарлардагы шайлоочулардын нааразылык акциясын айоосуз басууну сындады:

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкомиссары Хавьер Солана

-Мени Тегерандагы зобун-зордуктар жөнүндөгү акыркы видеотасмалар тынчсыздандырууда жана акыр аягында элдин эрки урматталат деп өтө көп үмүт кылам. Биз кандай болгондо да Ирандын эли жана өлкө жетекчилиги менен байланышта болууну жана өз ара мамилени уланта берүүнү каалайбыз.

Айрым Европа өлкөлөрү Иран бийликтеринин маалыматты бууганын сындашты. Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд акыркы күндөрү Иран бийликтеринин маалымат жайылтууга орой бут тосууларына көңүл бурду:

-Соңку күндөрү смс-маалыматтарды тосуу, телестанцияларды өчүрүү жана демонстрацияларга уруксат бербөө -таң каларлык окуя болду. Мунун баары шайлоо өнөктүгү учурундагы ачык-айкындуулукка карамандай каршы келет.

Германия жана Франция Иран полициясынын шайлоонун жыйынтыгына нааразы элди уруп-согуп кууганын сындашты. Тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайердин сөзүнчө: “Шайлоо өнөктүгү көптөгөн суроолорду туудурду. Башаламандыктар жөнүндө кабарланууда. Биз Ирандын башаламандыктар жөнүндө тез жана толук маалымат берүүсүн сурайбыз. Ирандык коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга болгон мамилесине ынанып болбойт.”

Ирандын Берлиндеги элчиси Германиянын тышкы иштер министрлигине чакырылып, демонстарнттарга жасалган мамилеге байланыштуу нааразылык айтылды.

Батыш өлкөлөрү Ирандагы жалпы элдик шайлоо канчалык адилеттүү болду деп, башы катып жатканда Ооганстан, Ирак жана Пакистандын президенттери, ошондой эле Араб Лигасынын башкатчысы Амр Муса Ахмадинежадды экинчи мөөнөткө президент шайлануусу менен куттукташты.

XS
SM
MD
LG