Фауна жана флораны коргоо боюнча эларалык коом “Борбор Азиянын бадал-дарактарынын кызыл тизмеси” деп аталган изилдөөсүн жарыялады. Изилденген мөмөлүү 96 бадал-дарактын 44 түрү, эларалык критерийге ылайык, жок болуп кетүү коркунучу астында турса, алардын теңинен көбү “өтө коркунучтуу абалда” экен.
Мындай бүтүм Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жанаБританиянын аалымдары чогулткан маалыматтын негизинде жасалган. Түркмөн илимпоздору менен байланышуу мүмкүн болбогондуктан, өлкөдөгү сейрек 12 бадал-дарактын абалы жөнүндө маалымат берилген эмес.
Борбор Азия мөмө жемиштери менен жаңгактын 300дөн ашуун жапайы түрүнүн мекени деп саналат.
Изилдөөнүн координатору Георгина Мейжин айым жоголуп кетүү коркунучу бар мөмөлүү жапайы дарактарды сактап калуу дүйнөнү азык-түлүк менен камсыздоо үчүн маанилүү экенин айтат “Азаттык” радиосуна берген интервьюда:
-Тизмедеги мөмө жана жаңгак дарактарынын 16 түрү эки деңгээлде маанилүү. Алма, жаңгак, бадам жана башкалар жергиликтүү эл үчүн абдан баалуу азык саналат. Эл аралык деңгээлден алганда, мөмөлүү дарактар менен жаңгактын көбү дүйнөгө алардан тараган.
Изилдөөгө караганда, акыркы 50 жылда Аму дарыя боюндагы токойлордун 90 проценти жоголгон. Соңку 30 жылда бардык алмалардын энеси саналган сиверс алмасынын аянты жалгыз Казакстанда 70 процентке азайган. Жапайы өрүк менен бадам да сейректеп баратат. Мөмөлүү дарактардын жапайы түрлөрүнүн жололушу азык түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат, дейт Георгина Мейжин:
-Жапайы дарактар бакма көчөттөргө караганда зыяндуу курт-кумурскаларга же ооруларга жакшы туруштук берет. Бак-дарактардын көп түрдүүлүгү- алардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусу үчүн абдан маанилүү.
Мөмөлүү бак-дарактар жемиш бергенден башка да кыртышты эрозиядан, жерди селден да сактайт. Ушундан улам Тажикстандын Хатлон облусунда адырларга пистанын көчөттөрү отургузулган. “Кожо Момун тоосунда токойчулар тиккен писта көчөттөрү жарыша өсүүдө”, дейт Возе районун жаратылыш коргоочусу Шамсиддин Абдразаков.
Фауна жана флораны коргоо боюнча эларалык коом Кыргызстанда да жоголуп кетүү коркунучу бар дарактарды изилдемекчи ушу жылы. Акыркы 20 жылда токойлорду коргоого аз каражат бөлүнгөндүктөн, региондо токойлорду коргоо жана калыбына келтирүү иши бир кыйла солгундап кеткен.
Эсептөөлөргө караганда, Борбор Азиядан тыш жакка ар жылы 3 миллиард доллардан ашуун акчага алманын он түрү сатылат. Ага карабай, Мейжин айымдын сөзүнчө, бакма алмалардын энеси саналган сиверс алмасы жоголуп кетүү коркунучу астында турат.
Мындай бүтүм Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана
"Жапайы дарактар колдо өстүрүлгөн бак-дарактарга караганда зыяндуу курт-кумурскаларга же ооруларга жакшы туруштук берет". Георгина Мейжин.