Ооганстандагы кырдаалды АКШнын Борбордук командасынын башчысы, генерал Дэвид Петреус: “Өзгөчө, акыркы эки жылда кырдаалдын начарлаганы талашсыз. Алдыда катаал мезгил күтүүдө”, деп мүндөздөгөн жакында Вашингтондо саясый элита менен болгон кездешүүдө.
Козголоңчулар май айында мурда болуп көрбөгөндөй активдүү болушуп, ооган жана эл аралык аскерлерге 1450 жолу чабуул жасашкан. Бул 2001-жылы талиптер кулатылгандан берки эң чоң көрсөткүч. Жолдорго бомба коюу 8 процентке көбөйүп, өкмөттүк күчтөр менен чет элдик аскерлердин жоготуулары өскөн.
НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн соңку маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы өткөн 2009-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу козголоңчулардын чабуулу 59 процентке өскөн. Адаватчылар өткөн жылдын алгычкы беш айында 3283 жолу кол салышса, быйыл 5222 жолу кол салынган.
Ооган парламентинин депутаты Халид Паштун эларалык күчтөр талиптерге каршы чечкиндүү аракеттенбенсе, жагдай начарлап, президенттик шайлоо болбой калат деп кооптонот:
-Эгер эл аралык күчтөр жоого азыркыдай кысым көрсөтүп турса, кырдаалды көзөмөлгө алынат. Бирок көп нерсе куралдуу оппозицияга көзкаранды. Күбөлөрдүн ырасташынча, кийинки үч күндө жоон топ талиптер Пакистандын батышынан Ооганстанга өткөн. Эл аралык күчтөр козголоңчуларды азыркыдай кысымга албаса, жагдай осолдоп, шайлоо болбой калышы да этимал.
Халид Паштун- түштүктөгү калабалуу Кандагар провинциясынан парламенттеги өкүлү. Анын сөзүнчө, буга дейре Пакистанда козголоңчулар баш көтөргөн кезде, Ооганстанда тынч болчу. Бирок, жакында талиптер пакистандыктар өз мекенинде, оогандар өз журтунда салгылашсын деп чечкенден бери, алар эки өлкөдө тең кылычын жалаңдатып, өтө активдүү.
Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Змарай Башараи “Азаттыкка” берген интервьюда буктурмадан кол салуу жана жолдорду миналоо көбөйгөнүн мойнуна алды. Бирок аскерлер мыктылап машыктырылса жана жакшылап жабдылса, кырдаалды контролдой алат деп ишенет Башарай:
-Биз шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздай алабыз. Согуш жүрүп жаткан жерлерде коопсуздук проблемасы бар экени-ал жерлерде шайлоо болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Шайлоо өтөт. Полиция күчтөрү оогандардын добуш берүүсүн камсыздоо үчүн бар аракетин жумшайт.
Азыр өлкө түштүгүндөгү коогалуу он аймакта Ички иштер министрлигинин күчтөрү жок. “Бул аймактарды ким контролдогону, ал жакта эмне болуп жатканы жөнүндө так жана ишенимдүү маалымат жок”, дейт Башарай.
Президенттик шайлоонун коопсуздугун Ооган аскерлерине катар эларалык күчтөр да камсыздашат. Көп жүк саны боюнча баарынан чоң АКШ аскерлеринин мойнунда. Учурда Ооганстанда америкалык 58 миң аскер бар жана жыл аягына чейин АКШдан дагы 10 миң аскер келмекчи.
Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн жаңы командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын милдети-20-августагы президенттик шайлоого чейин козголоңчулардын чабуулун токтотуу жана элдин тегиз добуш берүүсүн камсыздоо.
"Бул аймактарды ким контролдогону, ал жакта эмне болуп жатканы жөнүндө так жана ишенимдүү маалымат жок."
Ооганстандын ИИМнин өкүлү Змарай Башари.