Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Парламент бул ирет Карзайдын тандоосун жактырабы?


Президент Карзай сунуш кылган талапкерлерди бекитүү Парламенттин колунда. Ооган депутаттар. 9-январь 2009Parliamentarians attend an assembly session in Kabul, 09Jan2009
Президент Карзай сунуш кылган талапкерлерди бекитүү Парламенттин колунда. Ооган депутаттар. 9-январь 2009Parliamentarians attend an assembly session in Kabul, 09Jan2009

Ишемби күнү президент Хамид Карзай Ооган парламентине министрге талапкер жаңы 16 ысымды сунуш кылды.

Бул жаңы сунуш кылынган талапкерлердин ичинде белгилүү лашкер башчылар менен Карзайга жакын тар чөйрөдөн бул тизмеге өтө аз адам кирген. Бул Карзайдын өлкө ичиндеги сынчыларына жана Батышка жагышы ыктымал.

Биринчи колго салуудан өтпөй калган Суу чарба жана энергетика министри Исмайыл Хандын ордуна жана телекоммуникация министрлигине азырынча эч ким көрсөтүлбөдү.

Ооганстандын экинчи вице-президенти Мохаммад Карим Халили 9-январда министрликке талапкерлердин жаңы тизмесин парламент мүчөлөрүнө окуп берүүдө.

Парламент өткөн жумада Карзай сунуш кылган 24 адамдын жетөөсүн гана министрликке бекиткен болчу.

Экинчи вице-президент Мохаммад Карим Халили ишемби күнү Ооган парламентинде министрликке сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин окуп жатып, президент эки талапкердин ысмын чукул арада берерин айтты:

-Сиздердин уруксатыңыздар боюнча Телекоммуникация министрлигине талапкер бир-эки күн ичинде, балким андан эрте көрсөтүлөт. Суу чарба жана энергетика министрине татыктуу адам да жакында аталат.

Тышкы иштер министрлигине президент Карзайга узак жылдар улуттук коопсуздук маселелери боюнча масилетчи болуп жүргөн Зелмай Расул көрсөтүлдү. Мурдакы жолкуда тышкы иштер министрине эч ким көрсөтүлгөн эмес.

Жаңы тизмеде үч аял да бар. Карзай өткөн жолу бир эле аялды сунуш кылган эле.

Депутат аялдар сессияда. 9-январь 2009

Ооганстандык талдоочу Зия Рафат “Азаттыкка” берген интервьюда парламентке киргизилген тизмедеги талапкерлердин көпчүлүгү саясатта көп белгисиз адамдар экенин белгиледи:

-Биринчи тизмедеги көпчүлүк талапкерлер Хамид Карзайды президенттик шайлоо учурунда колдогон саясый партияларга жакын адамдар эле. Азыр көрсөтүлгөн талапкерлер кайсы бир партияларга лоялдуу болушса да, салттуу партиялардын активистттери же таанымал өкүлдөрүнөн эмес. Өкмөттүн жаңы тизмесинде мужахиддиндердин “Жихади” партиясынын эки активисти же белгилүү өкүлү бар.

Биринчи сунуш кылынган 24 талапкерди талкуулоого бир жумадан көп убакыт кеткен.

Парламент төрагасы Мохаммад Юнус Канунинин сөзүнө караганда, ал жаңы министрлер 14-январга бекитилет деп ишенет.

Ооганстандын ири донорлору АКШ жана башка өлкөлөр Хамид Карзай жаңы өкмөттү 28-январда Лондондо өтчү эл аралык конференцияга чейин түзүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG