Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Израил өкмөтү Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну жактырды


Израил өкмөтүнүн жыйыны.
Израил өкмөтүнүн жыйыны.

Израил өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен түзүлгөн макулдашууну жактырды.

Министрлер кабинетинин жума күнкү жыйыны түн бир оокумга чейин уланды жана макулдашууга ашынган оңчул эки министр каршы болду.

Документ 19-январда, жекшембиде күчүнө кирет жана ошол күнү ХАМАС туткундарды бошотууну баштайт.

Катарда 17-январга караган түнү тараптар макулдашуунун соңку версиясына кол коюшкан.

Израилдин өкмөтү ок атышууну токтотууга байланыштуу макулдашууну кароо үчүн бейшембиде эле чогулмак. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху ХАМАС менен "соңку мүнөттөрдө жаралган пикир келишпестик" документти толук бекитүүгө тоскоолдук жаратканын билдирген. ХАМАСтын өкүлдөрү арачы өлкөлөр жарыялаган макулдашуунун бардык жол-жоболорун аткарууга даяр экенин айткан.

АКШнын президенти Жо Байден 15-январда тараптар ок атышууну токтотуу үчүн мунасага жетишкенин жарыялаган. Ал үч баскыч менен ишке ашары айтылган.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, биринчи баскычта Израил армиясы Газадан аскерлерин толук чыгарат, ХАМАС 33 туткунду бошотот. Байдендин айтымында, экинчи этапта согушту биротоло токтотуу үчүн Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат.

Газадагы согушка ХАМАСтын 2023-жылдын күзүндө Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда 1200дөй кишинин өмүрү кыйылап, 250дөй адамды согушкерлер барымтага алып кетишкен.

Анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы ХАМАСтан өч алуу максатында Израил Газада баштаган согуш 46 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG