АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жума күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефондон сүйлөштү. Маалыматка караганда, анда негизинен ТикТок жана Тайван маселелери талкууланды.
Бул Трамптын Кошмо Штаттарынын президенти болуп экинчи жолу шайлангандан кийинки кытай лидери менен алгачкы сүйлөшүүсү болду.
Reuters агенттиги америка-кытай алакасында бир катар курч жагдайлар турганын жазды.
АКШда Жогорку сот жума күнү TикТокко тыюу салуу каралган федералдык мыйзамды колдогон. Ага ылайык, эгер социалдык түйүнгө ээлик кылган кытайлык ByteDance аны сатпаса, 19-январдан баштап Американын аймагында ТикТок иштебей калат.
Мындай чектөөнү жактагандар ТикТок АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептешет. Трамп үгүт өнөктүгү маалында бул платформаны сактап калууга убада берген.
ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана кытай өкмөтү аларга таасир этпесин айтып келатат. Кытай коопсуздукка байланыштуу кооптонууларга негиз жоктугун билдирип жүрөт.
Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Кытай аралга кысым көргөзүп келет. Кытай армиясы Тайван кысыгында жана Тайван көзөмөлдөгөн аралдардын айланасында бир нече жолу ири машыгуу өткөргөн. Бээжин ал иш-чараларды “жикчил аракеттерге” жооп деп сыпаттайт.
1950-жылдары Кытайдын коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.
Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Аралдын өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ “бирдиктүү Кытай” саясатын карманарын билдиргени менен Бээжиндин күч колдонуусуна каршы болуп келатат.
Шерине