Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелиги орнотулган жерди оңдоо башталды. Шаардык мэриядан айкел 17-январда муниципалдык базага убактылуу көчүрүлгөнүн кабарлашты.
“Реконструкциялоонун алкагында эстеликтин постаменти толугу менен жаңыланып, жертөлөнүн конструкциялары бекемделет. Бул иштер “Ала-Тоо” аянтын оңдоп-түзөөнүн уландысы болуп саналат”,-деп жазылган маалыматта.
Ушул айдын башында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар бузулуп, кайрадан толугу менен оңдолорун билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына айкел коюлган жердин асты чирип, ураганы калганын жазган. Ал 2018-жылы Тарых музейи жаңыланганын, ошол кезде эстеликтин алдын гидроизоляциялоо талаптагыдай аткарылбаганын белгилеген.
"Ала-Тоо" аянтына Манастын айкели мурдагы “Эркиндик” айкелинин ордуна 2011-жылы тургузулган. Айкелдин бийиктиги 17 метр 55 сантиметр.
Айкелди тургузууга 17 миллион сом сарпталып, аны бедизчи Базарбай Садыков жасаган.
Шерине